Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Израил 26 палестиналыкты түрмөдөн бошотот


Палестинанын сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү Саиб Эракат: "Израил менен бул жолку тынчтык сүйлөшүүлөрүнө дем бериш керек", - дейт.
Палестинанын сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү Саиб Эракат: "Израил менен бул жолку тынчтык сүйлөшүүлөрүнө дем бериш керек", - дейт.

Израил өз түрмөлөрүндө узак мөөнөткө кесилген 26 палестиналыкты бошото турган болду. Бул - ушул аптада АКШ тарабынан уюштурула турган Израил-Палестин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алдынан жасалып жаткан кадам.

Өткөн айда кабыл алынган келишим боюнча, Израил жалпысынан 104 палестиналыкты төрт топ менен бошотот. Калган 78 кишини, эгер тынчтык сүйлөшүүлөрү пландагыдай улантыла турган болсо, Израил алдыдагы тогуз айда бошотууга тийиш.

Ошол эле маалда Израил Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Чыгыш Иерусалимде жөөт үй-бүлөлөрүнө 1000 жаңы үй куруу планын да бекитти.

Шаршембиде Израилде жана Батыш жээкте Израил-Палестин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы башталмакчы. Бул сүйлөшүүлөр 2010-жылы Палестинанын басылып алынган жерлеринде жөөттөргө үйлөр курула баштаганда токтоп калган.

Израилдин Турак-жай министрлигинен билдиришкендей, акыркы чечимде 1187 үйдүн курулушу каралган. Анын 800гө жакыны Чыгыш Иерусалимде, 400дөйү Батыш жээктеги ири жөөт конуштарынын ичинде жайгаша турган болуп жатат.

Палестинанын оккупацияланган аймактарында жөөттөргө жаңы үйлөр курулат экен деген кабар Палестинада бир топ кыжырданууну пайда кылды. Палестиналык расмий өкүлдөр жаңы конуштардын курулушу тууралуу кандай гана сөз болбосун, аны токтотуш керектигин кайталап келишет. Ошондо гана тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого болоорун айтышууда.

Палестинанын бул сүйлөшүүлөрдөгү негизги өкүлү Саиб Эракат Израилдин жаңы конуштар жөнүндөгү планы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тоскоолдук кылуу максатын көздөйт деп ишенээрин айтты. Ошол эле маалда ал палестиналыктар азыр бул сүйлөшүүлөргө шанс бериш үчүн колдон келген мүмкүнчүлүгүн жасай тургандыктарын да кошумчалады.

Израил 1967-жылдагы Жакынкы Чыгыш согушунда басып алган жерлерде курган конуштарда азыр 500 миңден ашуун жөөт жашайт. Дүйнө коомчулугунун көпчүлүк бөлүгү ал конуштардын курулушун “мыйзамсыз” деп билет. Өткөн айда Евробиримдик келерки жылдан тарта аталган аймактарда жаңы конуштарды курууга байланыштуу долбоорлорго акча бөлбөй турганын ырастаган.

Жекшембиде Израилдин юстиция министри Ципи Ливни Иерусалимде немис тышкы иштер министри Гуидо Вестервелле менен бирге өткөрүлгөн маалымат жыйынында “Евробиримдик азыр Израил-Палестин тынчтык жараянында бейтарап позицияны карманбай жатат” деген таризде өкмөттүн нааразылыгын билдирип өткөнсүдү.

"Тилекке каршы, кээде Израил менен Палестинанын жаңжалы Израилдин Евробиримдик менен алакаларына терс таасирин тийгизип жатат жана мен аны колдобойм. Менимче, биз азыр бул өңдүү байланыштардан оолак болгонубуз оң. Израил менен болочоктогу Палестина мамлекетинин чек арасы эки тараптын гана ортосунда чечиле турган маселе, - деди министр Ливни. - Биз бир нече апта мурун Евробиримдик тараптан көргөн кадам сыяктуу аракеттер шаркет чыгара турган чечим эмес, алар Израил менен Евробиримдиктин мамилесине таасир этпеши керек".

Палестиналыктар болсо Батыш жээкти, Чыгыш Иерусалимди жана Газа тилкесин келечекте өздөрү курууну самап жүргөн мамлекетинин бир бөлүгү болушу керек деп билишет.

Палестинанын башчысы Махмуд Аббас буга чейин “Израил басып алган жерлеринде жаңы үйлөрдү курганын токтоткондо гана тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантканга макул болоорун” билдирген, бирок жакында АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри аны бул маселеде көз карашын өзгөрткөнгө көндүргөн шекилдүү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG