Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

18-декабрь мигранттардын эл аралык күнү. Кыргызстандан бир жарым миллионго жакын адам өлкөнүн тыш жагында иштеп жүрүшкөнү айтылып жүрөт. Адистер миграциянын пайдасынан зыяны көп экенин айтып жатышат.

Бей райсмий маалыматтарга караганда дүйнөнүн булуң бурчунда бир жарым миллионго чукул кыргызстандык жарандар эмгек мигранты катары иштеп жүрүшөт. Алардын дээрлиги Орусия менен Казакстанда. Расмий бийлик мигранттардан жылына миллиондогон каражат келип жатканын жар сала айтып келет. Калкыбыз өз жанын өзү багып, экономикага да салымын кошуп жатат деп култуңдап менен, адистер миграциянын пайдасынан зыяны көп экенин белгилешүүдө.

Юридикалык академиянын мамлекеттик тилди укук тармакта өнүктүрүү борборунун директору, миграция жаатында өз ара изилдөөлөрдү жүргүзүп келген Венера Акматова, бүгүнкү күндө чет өлкөдө жүргөн жарандарды кыйынчылыкка чыдай билген мыкты инсандары катары баалайт. Ошол эле учурда ал миграциянын күчөшү кыргыз үй-бүлөсүнүн бузулушана алып келип, чоң социалдык көйгөйгө айланганын белгилейт. Анын айтымында, канчалаган балдар ата-энесиз, тарбиясыз калып, кыргыздын генофондуна да чоң маселе жаратууда.

- Миграция өз учурунда бардык эле өлкөлөрдүн тарыхында болуп, экономикалык жактан жакшы таасир тийгизген учурлары бар. Бирок биздин миграция мамлекет тарабынан жөнгө салынган, багытталган, өз жаранына кам көргөн саясат менен айкалышпай жатканына байланыштуу анархия, баш аламан түрдө ар ким өздөрү каалаган жагына кетип, колунан келген ишин жасап жатат. Алардын жашоосу, укугу, ден соолугу эмне болуп жатканы тууралуу мамлекет унутта калтырды. Ошон үчүн да бизде миграция өтө көйгөйлүү болуп жатат деп ойлойм, - дейт Венера Акматова.

Биздин кийинки маектеш Калипа эженин Москвада иштегенине беш жылдан ашкан. Ал да алгач барганда түрдүү жумуштарда иштеп, оор күндөрдү башынан кечирген. Чоң калаада таанышы жок ал көп кыргыздар менен бирге сыз жыттанган жер төлөлөрдө да жашар жүргөн. Азыр ал Москвага көнүп, үй-бүлөсүн толугу менен чакыртып алып чогуу турушат. Ал аялдардын кандай шартта иштегенин “Азаттык” менен мындайча бөлүштү:

- 12-18 саат иштегендер бар, күнүнө беш жүз рублден алып. Алар ошончо саат бою тигинен туруп идиш жуушат, айрымдар муздак сууга жуушат. Ошого да кайыл болуп иштешет. Жеңил ойлуу кыз-келиндер жеңил турмушка көнүп өзүнөн кичине балдар менен жүрүп кеткендер да көп.

Миграция маселеси боюнча адис Жума Абдуллаев, миграциянын пайдасын өлкөдө тигүү өнөр жай сектору өнүгүп, жумуш ордулары көбөйүп жатканынан көрөт. Аны менен жаңы рынок, жаңы өнөр-жай тармагы пайда болгонун белгилейт. Анын баамында кыргыз жарандары бир гана жумуштун, акчанын айынан чет өлкөлөргө кетип жаткан жери жок. Анын башка да себептери бар.

- Кыргызстандан кетип атканда, бул жакта башка өлкө менен чектеш аймактар жылаңачтанып калып жатат, өлкөнүн ичинде геодемографиялык баланстын бузулуш коркунуч маселесин көтөрдүк эле. Бул азыр да актуалдуу. Эмгек мигранттар жалаң эле экономикалык жагдайдан, жумуштун айынан эмес, айылдагы туңгуюк турмуштан качып кетип жатышат. Буга катуу кирише турган өзгөчө программа, керек болсо дүйнөлүк коомчулуктун жардамы менен шашылыш кадам жасоо сунушун айтат элем. Бул жерде комплекстүү аракеттер керек.

Ал эми Азамат Астанада курулуш тармагында иштейт. Анын айлык акысы деле жакшы болгон менен Кыргызстанга кайра келүү ниетин биз менен мындайча бөлүштү.

- Айлык жакшы болсо өзүбүздүн эле жерде иштей бермекпиз да. Бала-чаканын багып, кийинтиш керек. Айлык жетпесе, ал жакта жүргөндө эмне. Бирок кайра Кыргызстанга эле барам, өзүмүн жериме. Ал жакта да кичине көтөрүлүп, жашоо оңолсо. Оңолсо керек эми буюрса...

Азаматка окшоп Кыргызстандын өнүгүп кетүүсүн күтүп, бирок азыркы тапта чет өлкөдө иштеп, бул жакка келип эмне кылам деп ойлонгон мекендештер оголе көп. Расмий бийлик болсо мигранттардан жылына келген акчаны санап, экономикага кошкон утурумдук салымына шүгүр кылып турган чагы. Ал эми адистер бул кыргыз элинин, тилинин, дилинин, кыргыздын генофондунун бузулушуна алып барат деп коңгуроо чалып жатат. Бул маселени керек болсо дүйнөлүк коомчулуктун жардамы менен чечүүгө шашылыш кадамдарды жасоо сунушун айтышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG