Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Дүйнө эли Айландан кечирим суроодо


Айлан агасы Галип менен
Айлан агасы Галип менен

Түркиядагы Бодрум шаарындагы деңиз жээгине сүрүлгөн үч жашар Айлан, анын беш жашар агасы Галиб жана энеси Рехабдын сөөгү Кобани шаарында жерге берилди.

Айландын сөөгү Бодрум шаарындагы суу жээкте 2-сентябрда таңда табылган. Кызыл көйнөкчөн, чолок шымчан көмкөрөсүнөн жаткан наристенин сөөгүнүн сүрөтү дароо маалымат каражаттарына жана интернеттеги социалдык тармактарга тарап, талкууга алынып, качкындар көйгөйүнө дагы бир жолу көңүл бурду. Интернетте көптөр наристенин сүрөтүнүн алдына "Кечир бизди, Айлан!" деп жазып жатышат.

1-сентябрь түнү Айландын үй-бүлөсү: беш жашар агасы Галип, энеси Рехан, атасы Абдулла менен Түркиядан Грециянын Кос аралын көздөй Эгей деңизи аркылуу сапар алган. Жолго чыккандан бир нече мүнөт өтпөй деңиздеги чоң толкундан мигранттарды ташып бараткан эки кайык ичиндеги 23 кишиси менен көмкөрүлүп кеткен. Жалпысынан 12 адам набыт болду. Алардын арасында Айлан, агасы жана энеси болгон.

Үй-бүлөсүн толугу менен жоготуп, кабыргасы кайышкан Айландын атасы Абдулла Курди:

- Кемеде адам ашыкча болчу, бардыгы болуп 13 киши элек. Биз деңизге чыккандан беш мүнөт өтпөй, кайыкты айдап бараткан адам чоң толкундарды көрүп эле коркуп кетип, сууга секирди. Мен кемени өзүм башкарганга аракет кылдым. Бирок дагы бир толкун урган соң кайык көмөрүлүп кетти. Эки уулумду, аялымды кармап калганга аракет кылдым. Бирок алар чөгүп кетти, – деди көз жашын токтото албаган ата.

Айландын атасы Абдулла Курди
Айландын атасы Абдулла Курди

Абдулланын айтымында, Сириядан Түркияга үй-бүлөсү менен бир нече жума мурда келген. Ал буга чейин эки жолу деңиз аркылуу мигранттарды ташыган кемелерге акча берип кетүүгө аракет кылганын, бирок эки жолу тең ойлогону орундалбай калганын айтты:

- Менин балдарым сонун болчу. Алар мени таң эрте “Ата, кел ойнойбуз” деп ойготушчу. Эми алар жок...

Күйүткө баткан Абдулла үй-бүлөсү менен Сириянын Түркияга чектеш Кобани шаарында жашачу. Шаарды өткөн жылдын жайында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу басып алган. Аларды жергиликтүү күрт күчтөрү сүрүп чыгууга аракет кылып келет. Кобаниде согуш башталгандан бери Абдулла башка жакка чыгып кетүүнү көздөп жүргөн.

Буга чейин аны Канадада жашаган эжеси Тима Курди алып кетүүгө аракет кылган. Ошентсе да ал Оттава Сириядан качкан башка үй-бүлө мүчөлөрүнө башпаанек бербей койгондон кийин, бул ирет да оңунан чыкпай калабы деп жүргөнүн журналисттерге баяндап берди:

- Иним “Азыр биз чыгып атабыз” деп телефон аркылуу СМС жиберди. Таңкы саат төрт эле. Мен бул катты Сирияда жашаган атама, бир туугандарыма жөнөтүп, Абдулланын аман-эсен жетип алышын тилейли дедим. Андан кийин эле дайыны чыкпай калды. Мен сарсанаа боло баштадым. Анткени алар болгону жарым саат гана жолдо болушмак. Эки күндөн кийин кырсык болгонун билдим, - деди улутунган Тима Курди.

Абдулланын эжеси Тима Курди
Абдулланын эжеси Тима Курди

Абдулланын айтымында, окуядан кийин Канада бийлиги ага жарандык алууну сунуштаган, бирок ал андан баш тартты. Абдулла Кобаниге кайтып, үй-бүлө мүчөлөрүн жерге берди. Эми алардын жаткан жерине жакын болгусу гана келет.

Бул окуя боюнча Түркия бийлиги адам аткезчилигине шектелген төрт сириялык жаранды кармаганын жергиликтүү “Доган” маалымат агенттиги жазды.

Европа быйыл болуп көрбөгөндөй качкындар агымына туш болду.

Мигранттардын басымдуу бөлүгү Түркия, Македония, Сербия аркылуу Евробиримдиктин аймагына өтүшөт. Жакында эле качкындар агымы Венгрияны каптады. Расмий Будапешт аларды токтотуу максатында Сербия менен чек арасына дубал көтөрүп, ал эми баш калаага келгендердин жолун тороп, батыш Европага бараткан поезддерди токтотуп койгон.

Бейшембиде өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан, мигранттарга “жок” деп айтууга убакыт жеткенин билдирди.

Ал арада Париж жана Берлин Венгриянын мигранттарга жасаган салкын мамилесин кескин сынга алды. Германиянын канцлери Ангела Меркел жана Франциянын президенти Франсуа Олланд жүз миңденген качкындарды Евробиримдиктин өлкөлөрүнө бөлүштүрүү программасын даярдап жатышат.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, ушул жылдын башынан тарта Европаны көздөй агылган 2500 мигрант деңизге чөгүп өлдү. Ал эми Улуттар уюму жыл башынан бери Евробиримдиктин чек арасынан 300 миңдей качкын өткөнүн, өткөн айда эле Европага 107 миң качкын келгенин билдирди.

Айлан жана анын агасы Галип
Айлан жана анын агасы Галип

XS
SM
MD
LG