Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Адам ташуудан аткезчилер байыды


Ливиядан Европага агылган мигранттар.
Ливиядан Европага агылган мигранттар.

Европанын түштүгүн каптаган мигранттар толкунунан адам аткезчилиги менен алектенген кылмыштуу топтордун кирешеси беш-алты миллиард долларга жетти. Мындай маалымат Европол жана Интерпол уюмдарынын баяндамасында жарыяланды.

Европалык жана эл аралык полиция уюмдары - Европол менен Интерполдун биргелешкен баяндамасында ырасталгандай, 2015-жылы Евробиримдиктин аймагына кирген он мигранттын тогузу алардын жолу ачылышына көмөк көрсөтчү кызматтардын жардамына таянган.

Андай кызматты адатта мигранттарды жолдо тосуп алчу түрдүү кылмыштуу топтор көрсөтүшөт.

2015-жылы Евробиримдиктин аймагына жалпысынан бир миллиондон ашуун мигрант кирген.

Баяндамада белгилегендей, алардын көпчүлүгү Европага жетүү үчүн 3000-6000 евродон төлөшкөн. Бул акчаны жалпы мигранттар санына көбөйткөндө, 5-6 миллиард доллар чыгууда.

Өткөн жылы Европага жете алган мигранттардын көбүнө ага чейин Түркиядан же Ливиядан Жер ортолук деңизи аркылуу, адам ташууга ылайыксыз кайыктар менен тобокелчилиги жогору жолду басып өтүүгө туура келди.

Европол жана Интерполдун болжолунда, азыр да 800 миңдей мигрант Европага жетүү үмүтүндө Ливиянын аймагында жүрүшөт.

Ливиянын жээгинен кармалган мигранттар. Триполи, 16-май, 2016-жыл.
Ливиянын жээгинен кармалган мигранттар. Триполи, 16-май, 2016-жыл.

Ушул дүйшөмбү күнү эле Ливиянын жээк кызматы Европага багыт алган жүздөн ашуун мигрант түшкөн кайыкты кармады. Андагы жүргүнчүлөрдүн бири нигериялык жигит анын сапарын уюштургандарга кеминде эки жарым миң доллар бергенин айтууда:

- Менин ысымым Матса Самуэй, Нигериядан келгем. Мен бул деңизде адамдар өлүп калышарын билем. Бирок, менин тагдырым башкача болот, ийгиликке жете алам деп үмүттөнөм. Бул сапар үчүн төлөгөн чыгымдарым эки жарым миңдей доллар же Нигериянын акчасы менен 500 миң найра болду.

Адатта Ливиядан деңиз аркылуу жолго чыккан африкалык мигранттар Италиянын жээгине багыт алышат.

Италияны көздөй агым быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу 14% азайганы менен 10-майга карата 31 миңден ашуун мигрант кайык менен келип түшүштү.

Өлкө бийликтери өткөн апта соңунда жарыялашкандай, алар сомалилик мигранттарды ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун 13 мүчөсүнүн жетөөсүн камакка алышты.

Полициянын айтымында, Сицилиянын Катания шаарчасында кармалган аткезчилер тобу 37 сомалилик мигрантты алардан Италиядан аркы жолу үчүн туугандарынын акчасын күтүп, батирлерде камап отурушкан.

Италияга келип түшкөн мигранттар. 12-апрель, 2016-жыл.
Италияга келип түшкөн мигранттар. 12-апрель, 2016-жыл.

Европол менен Интерполдун баяндамасында көргөзүлгөндөй, аткезчиликти уюштургандардын көбү ошол мигранттар чыккан эле өлкөлөрдөн, айрым учурларда алар Евробиримдикте жашоо укугу же мүчө өлкөлөрдүн паспорту барлар.

Европол менен Интерпол аткезчилердин темир жол жана автобус беккеттеринде, мигранттар каттаган жол бойлорунда жайгашкан 250дөй түйүнүн аныктаган, алардын 170 Евробиримдиктин ичинде, сексендейи сыртында жайгашкан.

Жакында эле ушул маселеге арналган конференцияда Интерполдун башкатчысы Юрген Шток буларды айткан эле:

- Биз уюшкан кылмыштуу топтор өз кардарларына чыгуу үчүн социалдык медианы колдонуп жатканына кылдаттык менен байкоо салышыбыз керек. Бул үчүн, менимче, жеке сектор менен тыгыз кызматташтык зарыл. Анткени, жеке сектор да кеңири масштабдагы бул иш-чаралардын бөлүгү болушу керек.

Европол менен Интерпол өз баяндамасында кургактагы чек араларда көзөмөлдүн күчөшү мигранттарды аткезчилик жол менен ташууда авиакаттамдар пайдалынышы мүмкүндүгүн жана бул үчүн жасалма документтер кайра-кайра колдонулуш ыктымалдыгын атайын эскертет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG