Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Кыргызстан эгемендик алгандан бери иш издеп жер кезген ички жана тышкы мигранттардын балдары кароосуз калган өзүнчө бир катмарга айланды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 2015 - жылы жүргүзгөн иликтөө өлкөнүн өзүндө мигранттардын 56 миңден ашык баласы туугандарынын колунда жүргөндүгүн аныктады. Ал эми чет өлкөлөрдө чоңдор он-жыйырмалап жашаган батирлерде окуу менен тарбиядан куржалак канча бала чоңоюп жатканы белгисиз. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” таңкы талкуусунун кезектеги саны мына ушул маселеге арналды.

Талкууга Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Каным Абылова, “Замандаш” ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев, балдардын укугун коргоо боюнча эксперт Гүлзат Шамсудин жана Акыйкатчынын балдардын укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Альберт Көлөпов катышты.

“Азаттык”: Каным айым, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мигранттардын туугандарынын кароосунда калган балдарын иликтеп, 56 миңден ашык бала бар экендигин аныктаптыр. Бирок чыныгы сан мындан алда канча көп эмеспи?

Каным Абылова: Биздин министрлик балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу планын иштеп чыккан. Ошол планга ылайык, башкармалыктын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге 316 миң 680 үйдү кыдырып, 56 миң 462 сырткы мигранттын балдары туугандарында багылып жатканын аныктаган. Алардын ичинен 673 бала камкордукка берилди, 136сы интернатка жиберилди, калган 55 миң 653 баланы туугандары тарбиялап жатат.

“Азаттык”: Ал эми чет өлкөлөрдө мигранттар менен кошо бала бакчага барбай, мектепте окубай жүргөн балдардын саны канча экени белгилүүбү?

Каным Абылова: Алардын саны бизге белгисиз.

“Азаттык”: Альберт мырза, 14-январда Орусиянын ОРТ телеканалы Бишкектик эки баланы өгөй атасы органдарын сатуу үчүн Орусияга чыгарып жиберген деген маалымат берди. Мунун чындыгы барбы? Мындай окуянын болушу мүмкүнбү?

Альберт Көлөпов: Албетте, биз ички жана сырткы мигранттар боюнча иш алып барабыз. Мындай окуялардын бардыгы ата-энелердин ички келишпестигинен чыгып жатат. Ал эми сиз айткан окуя боюнча так далилдер али жок. Азыр биз аны иликтеп жатабыз.

“Азаттык”: Гүлзат айым, мигранттардын Кыргызстанда калган балдарынын укугун бузган кандай окуялар көп катталып жатат жана аларды болтурбоо үчүн кайсы мекемелер кандай чараларды көрүшү керек деп эсептейсиз?

Гүлзат Шамсудин: Биз 2011-2013-жылдары изилдөө жүргүзүп, туугандарына калтырып кеткен балдардын абалын иликтегенде көп балдарга өгөй мамиле жасалып, эксплуатацияга дуушар болгон фактылар аныкталган. Мындай көйгөй болбош үчүн эмне кылышыбыз керек? Эң биринчиден, аң-сезимибизди, ата-эне болуу маданиятыбызды көтөрүшүбүз керек! Мурун билим берүү системасында үй-бүлөлүк турмуштун этикасы жана психологиясы деген сабак бар эле.Ошондой сабактарды кайра жандандыруу керек.

Угармандын пикири: Мен Оштогу эне менен баланын жана майыптардын укугун коргоо фондунун төрайымы Мирзаева Айымсаатмын. Мен бул көйгөйдү атайын Москвага барып иликтеп келдим. Эң башкы себеп - эне менен атанын баланы тарбиялоодо жоопкерчилигинин жоктугунда жана үй-бүлөнү туура эмес курууда болуп жатат. “Балдарыңарды таштап бул жерге эмне үчүн келдиңер”, –деп сурасам көбү “Биз үйлөнөлү деп кредит алганбыз, кредит алып той өткөргөнбүз эми ошону төлөө үчүн келдик” деп жооп беришти. Демек, бизде үй-бүлөлүк турмушту куруу стратегиясы жок. Андан тышкары мигранттар балдарын таштап кетпеши үчүн укугун коргоочу мыйзам керек. Ошондой эле бала бакчадан баштап ыйман сабагын окутушубуз зарыл. Кыргыздын “Улууга урмат, кичүүгө ызаат” деген тарбиясын калыбына келтиришибиз керек.

“Азаттык”: Азамат мырза, “Замандаш” ассоциациясы чет жерде канча бала жүргөнүн эсептей алдыбы? Жаш балдардын улуттук кулк-мүнөздөн алыс калганы элдин келечегине балта чаппайбы? Сиздердин уюм бул кемтикти жоюу үчүн кандай иш-чараларды жүргүзүп жатат?

Азамат Айтбаев: Тилекке каршы, чет жерде жүргөн балдар эмес, чоң кишилердин санын так эсепке алууга ал жеткен жери жок. Албетте, эне мээримин көрбөй өскөн балдардын келечеги бүдөмүк, улуттук кулк-мүнөздөн жат, анын негизинде улуттун келечегине кесепетин тийгизери турган иш. “Замандаш” ассоциациясы жалпы миграциялык кырдаалды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик программанын алкагында өз сунушубузду бергенбиз. Биздин ассоциациянын дүйнөнүн 62 мамлекетинде бөлүмү бар. Алардын иликтөөсү боюнча, Орусиянын Екатеринбург жана Свердловск шаарындагы кыргыздардын балдары эне тилин унутпашы үчүн жекшембилик мектептер жана ар кандай маданий иш-чаралар уюштурулуп турат. Анда Кыргызстандын тарыхы, маданияты, каада-салттары боюнча маалыматтар берилет. АКШнын Чикаго штатында балдар үчүн “Алиппе” китеби чыгарылып, Кыргызстан менен байланышты чыңдап, байланышты үзбөө аракеттери көрүлүп жатат.

“Азаттык”: Балдардын укугу бузулган бир окуя чыкса эле баарыбыз ошол жөнүндө жазып, көрсөтүп жатып калабыз. Андан кийин ал балдардын тагдыры үчүн кандай кам көрүлгөнү, кылмышка барган адамдар кандай жаза алганы менен эч кимдин иши жок калат. Андан дагы кооптуусу, балдардын укугун бузуулардын алдын алуу боюнча системалуу түрдө кандай аракеттер көрүлүп жатканы белгисиз. Балким, балдардын укугу бузулду деп чуу түшкөндөн мурун жаштар үй-бүлө куруудан, ата-эне болуудан мурун жоопкерчилигин биле тургандай мыйзам зарыл болуп жүрбөсүн?

Гүлзат Шамсудин: Биз мурда коллективдүү жашоо образын туткан коом болчубуз. Акыркы 25 жылдан бери либералдуу багытта жашап жатабыз. Азыр эгоцентризм күч алды, ар бир адам өз жанын гана ойлоп калды. Ошон үчүн эң биринчиден, биз улуттук нарк-насилибизге кайтуу, нравалык багытты биринчи планга чыгарышыбыз зарыл болуп калды. Бул ишти айыл өкмөттөрү колго алышы керек.

Азамат Айтбаев: Кырдаалды оңдош үчүн чоң мамлекеттик идеология керек болуп калды. Анткени, мындан 20-25 жыл мурун сыртка чыгып кеткен жарандардын балдары азыр бой тиреп калышты. Бирок алардын Кыргызстан, кыргыз эли жана келечек тууралуу көз караштары бир кылка деп айтуу өтө кыйын. Акча менен улуттук көрөңгөнү толтуруу мүмкүн эмес. Биз бул ишти өрт өчүргүч катары жүргүзбөстөн, мамлекеттик деңгээлдеги комплекстүү идеологиялык иштерди күчөтүшүбүз зарыл.

Альберт Көлөпов: Мигрант сыртка чыгып бара жатканда баласын кароочу бирөөгө өткөрүп берүүгө, тууганы же бирөө жоопкерчилигин алууга милдеттендирген талапты тиешелүү мыйзамга киргизүү керек. Болбосо мигранттардын балдары кулга айланып, зордук көргөн көчө балдарына айланып кетти. Мисалы, Өзгөндө таятасы, таякелери тарабынан зордукталган кыз да мигранттын кызы болгон.

Гүлзат Шамсудин: Диний экстремизм күчөп жаткан кезде мигранттар балдарынын келечегин биринчи планга коюп, алар бара-бара ошондой диний уюмдардын мүчөсүнө айланып калбайбы деген суроону да өздөрүнө коюшу керек.

“Азаттык”: Демек, жыйынтыктап айтканда, мигранттардан өлкөнүн казынасына мынча миллион доллар жиберип жатат деп мактанбай, ата-энелер балдарым Америкада же Орусияда иштеп жатат деп тапкан акчасын тойлорго сарптабай, балам мигрант деп сыймыктанбай, тескерисинче, миграция мамлекеттин келечегине кесепетин тийгизе турган көрүнүш экендигин тааныган жана балдарды кароосуз калтырбай тургандай мамлекеттик жалпы идеологиялык да, мыйзамдык да аракеттер зарыл экендиги аныкталды. Сиздердин ой-пикириңиздер үчүн ыраазылык билдиребиз!

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG