Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Ооган жоочулары халифатчыларга кошулабы?


“Азаттыктын” ооган кызматына келген видеодон алынган сүрөт.
“Азаттыктын” ооган кызматына келген видеодон алынган сүрөт.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Ооганстанга жана Пакистанга тамыр жайуу мүмкүнчүлүгүн күбөлөгөн айрым жышааналар пайда болду.

Бул жөнүндө талдоочулар жана бийлик өкүлдөрү да айта башташты. Ирак жана Сириянын аймагында орто кылымдык халифат курууну көздөгөн береги жихадчыл топтун колдоочулары кимдер?

Ирак жана Сириядагы радикалчыл “Ислам мамлекети”, кыскача ИМ тобуна кошулууга кызыкдарлар бар экенинин бир белгиси өткөн жумада “Азаттык” радиосунун Ооган кызматына келген видео болду. Анда бети чүмкөлүү үч согушчан ИМ группасынын кара байрагынын астында отурушат. Пуштун тилинин газни диалектинде сүйлөгөн алардын бири биз Улуу Ооганстан Ислам уюму деп аталган топтун өкүлүбүз деп, ИМ группасы менен анын халифи Абу Бакр ал-Багдади үчүн казатка аттанганга даяр экенин айтат. Ал Ооганстандагы, Пакистандын пуштун урууларынын башкаруусундагы жана Пакистан менен Ирандын Белужистан аймагындагы бардык согушкерлерди халифатчыларга кошулууга үндөйт.

Видео жөнөтүлгөндөн бир апта мурда атын атабаган бирөө “Азаттык” радиосунун Газнидеги кабарчысына телефон чалып, өзүн “Ислам мамлекети” группасынын Ооганстандагы өкүлүмүн деп атаган. Видеонун береги топко канчалык тиешеси бардыгы беймаалым. Ошентсе да тасмадагы үч согушкердин кебетеси жана кармаган желеги бүгүн Ирак менен Сириянын айрым бөлүгүн контролдогон газаватчылардын региондо жайылуусуна мүмкүндүк бар деп бүтүм жасаганга негиз берет дешет серепчилер.

Орусия президентинин Ооганстандагы атайын чабарманы Замир Кабулов 23-сентябрда ИНТЕРФАКС агенттигине кээ бир булактар “Ислам мамлекети” группасы Ооганстанда өз кеңсесин ачып, өлкөгө жүздөгөн халифатчылар киргенин маалымдаганын айтты. “ИМ мен түшүнгөндөн талиптерди, атүгүл “ал-Каиданы” консервативдүү жана бир аз эскирген модель катары карайт. Алар өздөрүн тартынбаган, батыл жана алдыңкы идеология” ирети көрсөтүүдө,” - дейт Кабулов. Дипломаттын сөзүнө караганда, көкүрөгүндө Ата Журт деген сезим жок ар жакта согушуп жүргөн “космополит исламчылар” үчүн ИМ группасынын жихадчылары туу көтөргөн алтандардай өрнөк көрүнөт.

Бир жума илгери ооган талиптери менен союздаш Хизб-и-Ислами тобунун Мирваис деген командири Би-Би-Сиге анын жетекчилиги ал-Багдадиге баш ийет деп ишенгенин айтты.

Пакистандык талиптерден бөлүнүп чыккан Жамат-ул Ахрар тобу халифатчыларга кошулууга даяр турганын бир апта мурда Ройтерс кабарлаган.

“Ислам жихады уюму болгон ИМ - ислам системасын турмушка ашыруу жана халифат түзүү үчүн иштөөдө. Биз аларды сыйлайбыз", - деп билдирген Жамат-ул Ахрардын лидери, көрүнүктүү талибан Инсанулла Инсан 7-сентябрда Ройтерс агенттигине. Эгер халифатчылар жардам сураса, аны карап чечкенге даяр экенин кошумчалаган ал.

Кээ бир топтордун Пакистандагы качкындар лагерлеринде ИМге желдет жалдап жүргөнүн жышааналаган далилдер да бар. Халифатчылардын символдору менен көркөмдөлгөн пуштун жана дари тилдериндеги 12 барактык китепче ай башында Пешавардын жанындагы бозгундар лагерлеринде таркатылган. Бул лагерлерде оогандар жана Пакистандын уруулар башкарган региондорунан качкандар жашайт. Китепчелерди Ислам халифаты деп аталган жергиликтүү топ таркаткан.

Түрдүү булактар кабарлагандай Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандан эчендеген жарандар Түркия аркылуу Сирияга барып, президент Башар Асаддын режими менен согушкан экстремисттик топторго кошулуп, урушуп жүрүшөт. Кыргызстандыктардын саны жүздөн ашуун болсо, алардын он чамалуусу аялдар экенин тиешелүү кызматтар маалымдаган.

Жакында Иран өкмөтү Сирияга жана Иракка өтүп, ИМге кошулмак болгон Ооган жана Пакистан жарандары кармалганын билдирген.

XS
SM
MD
LG