Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

Молдова: парламенттик шайлоо саясий кризиске чекит коёбу?


Кишиневдогу шайлоо участкаларынын бири, 30-июль, 2009-жыл.

Кишиневдогу шайлоо участкаларынын бири, 30-июль, 2009-жыл.

Жекшембиде Молдовада кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүлөт. 2 жылга жетпеген убакытта молдовалык добуш берүүчүлөр ушуну менен 3-жолу депутаттарды шайлашат. Бирок байкоочулар шайлоодон кийин өлкө саясий туңгуюктан чыгат деп айтуу азыр эртелик кылат дешет.

2009-жылдын апрелинде парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон эл Молдованын борбор шаары Кишиневдун көчөлөрүнө чыккан. Толкундоолор россиячыл коммунисттер менен Батышка ыктаган 4 партиянын башын бириктирген алянстын тирешүүсүнө алып келип, өлкөнү саясий кризиске кептеди. Бөлүнүп жарылган парламент 2 ирет президенттин талапкерлиги боюнча мунаса таба албай, ошол эле жылдын жайында жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлгөн. Бирок жаңы мыйзам чыгаруучулар да мамлекет башчыны шайлоо үчүн керектүү 61 добуш чогулта алышкан жок жана парламент быйыл сентябрь айында таркатылып жиберген.

Жекшемби күнкү өнөктүк Молдованы саясий туңгуюктан чыгарабы? Акыркы сурамжылоолор көргөзгөндөй, парламентке 6 партия кирип, азыркы статус кво бир аз өзгөрүп калышы ыктымал. Депутаттык мандат үчүн 20 партиянын мүчөлөрү жана көз карандысыз 19 талапкер ат салышууда. Бюллетендердин узундугу жагынан Молдова Кыргызстандан артта калган жок.

Элдин пикирин сурап билүү борборлору тараткан маалыматтарга таянсак, коммунисттик партия добуштардын 35 процентиндейин алышы мүмкүн. Премьер-министр Влад Филат жетектеген Либерал-демократиялык партияга 20 проценттей добуш тийет деп күтүлүүдө. Өкмөт башчынын партиясы менен кошо азыркы бийликтеги коалицияга либералдар, демократтар жана “Биздин Молдова” альянсы кирет. Бирок сөз болгон партиялардын бардыгы бул жолку шайлоого өз өзүнчө катышууда. Алар мындан ары да коалицияда кала берээрин ырасткашны менен, 4 проценттик тосмодон 3 эле партия өтө алса, жагдай толугу менен өзгөрөт.

Россия Молдовадагы шайлоо кампаниясында эң активдүү роль ойноп келди. Тактап айтканда, Москва кеминде 5 партияга бул же тигил деңгээлде көмөк сунуш кылган. АКШ жана Европа Биримдиги батышчыл коалициянын саясатын негизинен колдоп келатат.

Кишиневдук аналитик Анели Уте Габани алардын колдоосу шайлоодо маанилүү фактор болуп бериши мүмкүн деп боолголойт, себеби Молдованын келечек багыты чечилүүдө.

Соңку жыйынтыкка элдин катышуусу да чоң таасир тийгизет. Шайлоо өттү деп тааныш үчүн добуш берүүчүлөрдүн 33 процентинен кем эмеси өз эркин билдирүүгө тийиш. Адатта мындайда улуу муундун өкүлдөрү, россиячыл добуш берүүчүлөр активдүү болушат. Анын үстүнө Днестр боюндагы сепаратисттик облус эгемендүүлүгүн жарыялаганы менен, анын жашоочулары да добуш беришээрин унутпоо зарыл.

Чөлкөмдүн тургундарыны бири: “Молдовада эмне болуп жактанынан кабардар эмеспиз. Молдовадагы окуялар ал жердеги бийликке ыңгайлуу өңүттө гана чагылдырып келет. Бирок реалдуу кырдаал көргөзүлбөйт. Мен мисалы, Молдованын жараны болгондон кийин ал жерде эмне болуп жатканын билгим келет”, - дейт.

Азырынча жалпы кырдаал тынч эле деп маалымдалууда. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары үгүт иштери ачык айкын, тартип бузууларсыз жана объективдүү өткөрүлгөнүн кубатташты.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары 28-ноябрдын кечинде белгилүү болот деп күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG