Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

Молдовада коммунисттер утулду


Молдовадагы парламенттик шайлоодо коммунисттер оппозициялык партияларга утулушту. КМШдагы акыркы коммунисттик режим ушуну менен кулады көрүнөт.

Кечээги шайлоодогу добуштардын 98% эсептелип бүткөндөн кийин, буга чейин бийликте турган коммунисттик партия 45%, ал эми оппозициялык партиялардын баары кошулуп, 51% добуш алганы аныкталды.

Оппозициялык партиялар Молдованы акыр аягында Евробиримдикке кошчудай реформаларды өткөрүүнү каалашат. Оппозициянын лидерлери азыртадан эле коммунисттер менен коалицияда бирге иштешишүүгө дилгир экендиктерин айтып чыгышты.

Өлкө өзгөрүүгө даяр экенин көрсөттү
Молдовалык журналист Наталия Морари “Азаттыкка” азыр аябай кубанып турганын айтты. Апрелде коммунисттер шайлоодо утуп чыгышканда Наталия демонстрацияны уюштургандардын бири болчу.

“Бул аябай маанилүү, - деди ал. - Коммунисттер жетиштүү добуш ала албай калышты, муну менен өлкө азыр өзгөрүүлөрдү каалап жатканын көрсөттү. Чындап эле өзгөрүү болот деп мен да үмүт кылам”.

Молдовада оппозициянын жеңиши мындан ары Евробиримдик жана коңшулаш Румыния менен мамиле жакшырат дегенди билдирет. Азыркы президент Владимир Воронин Румынияны апрелдеги нааразылыкты уюштуруп, мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылып жатат деп айыптаган эле.

Мариан Лупу, 29-июль, 2009
Азыр баары мурдагы коммунист Мариан Лупунун келерки кадамын күтүп турушат. Лупуну былтыр президент Ворониндин мураскери болот го деп ойлошкон. Бирок Воронин президенттикке өзүнүн атынан башка адамды көрсөткөндө, Лупу мамлекет башчынын жетекчилигиндеги коммунисттер партиясынан кетип, ортомчул көз-караштагы Демократиялык партияны жетектеп калды. Ал азыр Молдованы саясий кризистен коалициялык формада түзүлчү өкмөт гана куткара алат деп айтканы бар.

Парламенттин спикерин тандоо үчүн 101 орундуу парламентте 52 орунга ээ болуш керек. Оппозициячыл партияларда азыр баары биригип 53 орун бар. Ошондуктан алар биригишсе, спикерди да тандай алышат, өздөрүнүн өкмөтүн да түзө алышат. Бирок мамлекет башчыны алар баары бир өз алдынча шайлоого укугу жетишсиз болуп калат, ошондуктан сөзсүз коммунисттер менен мунаса табууга мажбур болушмакчы.

Молдовадагы шайлоонун акыркы жыйнытыктары эртең айтылаары күтүлүүдө. Бирок добуштардын калган 2% жалпы жыйынтыкка эч кандай деле таасир тийгизе албайт.

Өлкөдө парламенттик шайлоо быйыл апрелде өткөн. Анда коммунисттер жеңип чыгышкан эле. Бирок оппозиция аны толгон-токой мыйзам бузуулар менен өттү деп, элди демонстрацияларга алып чыккан. Парламент эки жолу тең президентти тандай албай койгондон кийин, президенттик мөөнөтү аяктап бараткан Владимир Воронин парламентти таркатып, жаңы шайлоону 29-июлга белгилеген болчу.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG