Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:54

Молдова: Батыш менен Чыгышка кетчү жолдун тоомунда


Молдова -- Орусиячыл активисттердин Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге барууга каршы митинги. Кишинев, 6-апрель, 2014.

Молдова -- Орусиячыл активисттердин Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге барууга каршы митинги. Кишинев, 6-апрель, 2014.

Экс-советтик Молдова он жылдан ашуун убакыттан бери Европа Биримдигине интергацияланууга далалат кылып жүрөт. Ал аракети үзүрүн берип, апрелдин аягында молдовалыктар Евробиримдикке визасыз эркин каттай баштайт.

Июнь айында Кишинев Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге жана көп жактуу Эркин соода келишимине кол койот. Бирок соңку бир жылда Молдовага өлкөнүн Евробиримдик менен жакындашуусун каалабаган Москванын жана өлкө ичиндеги орусиячыл күчтөрдүн кысымы күчөөдө.

Москва мартта Крымды кошуп алып, Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер баш көтөргөндөн бери, молдовалыктар арасында Орусия өлкөнүн Евробиримдикке интеграциялануусуна жол бербөөнүн ара кандай амалын кылат деген кооптонуу күчөдү.

- Эгер Орусия Крымды аннексиялап алса, эмне үчүн Донбассты, Херсонду, Николаевди, Одессаны, Днестровьени жана башка жерлерди ошентип басып албасын? Абал аябай опурталдуу жана жагдайга көз каранды, - дейт Кишиневдогу Кеңири демократия үчүн ассоциациясынын жетекчиси Игорь Ботан.

Днестровье региону 1992-жылкы Кишинев менен болгон кыска мөөнөттүк согуштан кийин өзүн Молдовадан күнкорсуз деп жарыялаган. Аймактагы 600 миң чамалуу элдин көпчүлүгү орус тилдүүлөр. Днестровьенин парламенти 16-апрелде Орусияга кайрылып, региондун төбөлсүздүгүн таанууну же кошуп алууну сураган. Эгемендикти таануу жөнүндөгү кайрылуу БУУга жана ЕККУга да жөнөтүлгөн.

Молдованын европачыл жетекчилиги үчүн экинчи кооптуу регион - бул 156 миң калктуу Гагауз автономиясы. Быйыл 2-февралда өткөн референдумда шайлоого катышкан адамдардын 96 проценттен көбү автономиянын Орусия башындагы Бажы союзуна кошулуусун жактап добуш беришти. Бул аймактын эли Евроинтеграцияга каршы дегенди билдирет.

Анын себебин гагауздук Петр деген токой кыйгыч мындай түшүндүрөт:

- Элдин баары Бажы союзу үчүн добуш берди, себеби Орусияда жакшы. Бизге жакын. Кантип түшүндүрсөм сизге? Биз ал жакка барып акча табабыз. Бизге газды Европа эмес, Орусия берет.

Өлкөдөгү антиевропалык маанайдын өсүшүн ырасмий Кишинев жергиликтүү орус тилдүү медианын активдүүлүгү менен байланыштырат. Улуттук өкмөттүн саясатына каршы мындай пропаганда өткөн жайдан бери күчөгөнүн айтат Молдованын вице-премьери жана тышкы иштер министри Наталья Герман:

- Биз байкагандан, болжол менен 2013-жылдын жайынан бери Молдова Республикасындагы орус тилдүү медиалар интеграцияга альтернативдүү моделди ташбыйкаттай баштады. Биздин ички жана тышкы саясаттагы негизги максатыбыз - Европага интеграциялануу. Экинчи жак Евразияга жана Бажы союзуна кошулууга үгүттөөдө. Бул Орусия Федерациясынын көпчүлүк коңшуларын өзүнө тартууну көздөгөн ырасмий долбоору.

Наталья Герман берегидей үгүттөөлөрдүн натыйжасында молдовалыктардын 50 проценти гана Евробиримдик менен жакын кызматташууну жактайт дейт.

Жикчил Днестровьеге чукул Дороцкая кыштагында 3 миңге чукул эл жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү молдовандар. Алардын бири Анатолий деген слесарь-сантехник айылдаштарынын маанайы жөнүндө буларды айтат:

- Көпчүлүк эл Евроинтеграция үчүн. Бул маселе дасторкон үстүндө да талкууланат. Азыр элдин сүйлөгөнү эле саясат. Себеби адамдар өз келечегине кайдыгер карай алышпайт да. Билесиз: Молдовада абал оор. Бирок ар ким эле жакшылыкты үмүт кылат.

Бирок кыштактагы бир ууч улуттук азчылык Днестровьеге кошулууну колдогондор.

Кишиневдо жайгашкан бейөкмөттүк “Экономическое обозрение” журналынын жазышынча, Молдова Европадагы эң жарды үч өлкөнүн бири. Элдин жылдык сатып алуу жөндөмү былтыр 1284 еврону түздү. Бул орто европалык көрсөткүчтүн он процентине барабар.
XS
SM
MD
LG