Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Анын жыйынтыгы боюнча орусиячыл талапкер Игорь Додондун жеңишке жеткени кабарланды. Анын атаандашы Майя Санду шайлоонун начар уюштурулганын билдирип, өлкөнүн шайлоо комиссиясын кызматтан кетүүгө чакырды.

Молдовада жекшемби күнү өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Социалисттик партиянын лидери, орусиячыл талапкер Игорь Додон 52.29% добуш алса, анын атаандашы “Аракет жана тилектештик” партиясынын талапкери, батышчыл Майя Санду 47.71% добуш алды. Бул бюллетендердин 99.9% саналып бүткөндөн кийинки көрсөткүч болгондуктан, Игорь Додондун жеңиши анык болуп калды.

Молдованын шайлоо комиссиясынын төрайымы Алина Руссу “мыйзамдарга ылайык Игорь Додон Молдованын президенти болуп калды, анткени ал шайлоонун экинчи айлампасында көп добуш алды” деди 14-ноябрда.

Шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө чейин Игорь Додон Кишиневдо өткөрүлгөн маалымат жыйынында “биз жеңишке жеткенибизди айта алабыз” деп, жалпы молдовандардын президенти болууга убадасын берди. Атаандашы Майя Сандунун шайлоодо “мыкты күрөшкөнүн” белгилеп, коомду тынчтандырууга жардам сурады.

Игорь Додон шайлоо учурунда буларды айткан эле:

- Бүгүн мен өлкөбүздүн келечеги үчүн добуш бердим. Молдованын келечеги бар болгонуна бекем ишенем. Молдова бирдиктүү, эгемен жана көз карандысыз мамлекет болот. Мен акыркы жылдары өлкөнү башкарып келгендерге каршы добуш бердим. Олигархтарга, биздин мамлекеттүүлүктү жана Молдова Республикасын талкалоону көздөгөндөргө каршы добуш бердим.

13-ноябрдагы шайлоого катталган шайлоочулардын 53.3% катышканы кабарланды. Бирок чет өлкөдө жүргөн Молдова жарандарынын добуш берүүсү жакшы уюштурулбаганы айтылууда. Бухарест, Лондон, Москва, Болония жана башка шаарларда бюллетендердин жетишпей калуусунан алар добуш бере албай калган. Мына ушуга байланыштуу Майя Санду шайлоо комиссиясын айыптап, кызматтан кетүүгө чакырды. “Жүздөгөн адамдар добуш бере албай калышты” деди Санду.

Ал ошондой эле ашкере орусячыл Приднестровье регионунан 9 миң киши шайлоого катышканын белгиледи. Бул регион өзүн көз карандысыз деп жарыялагандыктан, алар Молдовада шайлоого катышпаш керектиги айтылууда. Майя Санду өлкөнүн эли үчүн добуш бергенин билдирген эле:

- Мен бул өлкөнүн керемет адамдары үчүн добуш бердим. Ушул өнөктүк учурунда өзүм ачкан, таанышкан адамдар үчүн добуш бердим. Мага катуу таасир эткен кичи пейил, акыйкатчыл, чынчыл, билим жана тазалыкты бийик койгон адамдар үчүн добуш бердим.

Майя Санду 30-октябрда өткөн шайлоонун биринчи турунда да Додондон аз добуш алган. Ошондуктан ал жеңишке жетишүүсү үчүн Европа менен бир болууну каалаган жаштардын шайлоого көбүрөөк келишине аракет жасашы керектигин саясат таануучулар белгилешкен.

Молдовадагы шайлоодо орусиячыл саясатчы жеңишке жетишүүсү менен өлкө Евразия экономикалык биримдигине мүчө болобу деген суроо жаралат. Молдованын АКШдагы мурунку элчиси Игорь Мунтяну бул суроого мындай жооп берди:

- Мен бул мүмкүн эмес деп ойлойм. Ал Игорь Додондун саясий өнөктүгү бойдон калат. Иш жүзүндө алганда ал трампист. Дональд Трампка окшош. Ал шайлоо учурунда көп нерсеге убада берди, бирок өлкө башына келгенде кээ бир чектен өтүү кыйын экенин аңдайт. Бизде Европа Биримдиги менен Ассоциация боюнча келишим бар, бизде Европа Биримдиги менен эркин соода боюнча келишим бар. Бул биздин Европа Биримдигинин алдындагы милдеттерибиздин барандуу бөлүгү. Ошого жараша биздин экспорттун 64% Европага болууда. Муну өзгөртүү мүмкүн эмес. Андан сырткары Орусия менен Молдованын ортосунда Украина бар.

Мунтяну кандай президент болбосун Молдованын батыш менен мамилесин түп-тамырынан өзгөртө албасын кошумчалады.

1997-жылдан бери Молдова биринчи жолу президенти эл тарабынан түз шайлады. Жыйырма жыл бою мамлекет башчысын парламент шайлап келген.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG