Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Стамбулда жүздөгөн адамдар журналист Грант Динкти эскеришти


Журналист Грант Динкти эскерүүгө чогулган Стамбулдуктар.
Журналист Грант Динкти эскерүүгө чогулган Стамбулдуктар.

Бейшембиде Стамбулдагы “Акос” гезитинин алдына чогулган жүздөгөн адамдар түрк-армян журналисти Грант Динктин өлүмүнүн 10 жылдыгын эскеришти.

Топтолгондор аны он жыл мурда өлтүрүп кетишкен жердеги мемориалдык тактайчага гүл коюп жатышты. Ал эми Динктин сүрөтү имартка илинип, алдында “Биз сени сагындык. Грант жок, адилеттик жок” деп жазылып турду.

Түркиядагы армян коомчулугунун активисти Грант Динк 2007-жылдын 19-январында түрк улутчулдары тарабынан чак түштө өлтүрүлгөн.

17-жаштагы Огун Самаст кылмышты жасаганын мойнуна алып, 2011-жылы 23 жылга абакка кесилген. Ал эми кылмышка буйрук берген түркиялык улутчул Ясин Халалдын күнөөсү далилденген соң өмүр бою эркинен ажыратылган.

Грант Динк 1915-жылдагы армян кыргыны тууралуу ачык жазып келгени менен белгилүү болгон.

Армян тараптын ырасташынча, 1915-жылы 24-апрелде Осмон империясынын күчтөрү баштаган кандыбулоондо 1,5 миллион армян жана жарым миллион түрк кырылган.

Түркия капсалаңда өлгөн армяндардын саны жөнүндө маалымат негизсиз, алар ич ара согуштун курмандыгы болгон деп санайт.

XS
SM
MD
LG