Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Макелек Өмүрбай уулу: «Моңгул купуя тарыхы»


ШУАРдагы "Тил жана котормо" журналынын башкы редактору, профессор Макелек Өмүрбай.
ШУАРдагы "Тил жана котормо" журналынын башкы редактору, профессор Макелек Өмүрбай.

Чыңгыз хандын теги ким? Орто кылымдардагы булактардын маалыматы эмне дейт? Кытайлык кыргыз илимпозу, профессор Макелек Өмүрбай үн кошот.

Чыңгызхандын тегин сүрүштүргөн «Моңгул купуя тарыхы» аттуу моңгул санжырасына арналган китепке 1989-жылы ЮНЕСКО тарабынан «жер бетиндеги атактуу китеп» деген наам ыйгарылган. Бул санжыра 1240- жылы Үгөтөй кагандын тушуна чейин жазылып бүткөн.

Алгачкы нускасы моңгулдун уйгур жазуусу негизинде жасалган жазуусу менен бүткөн. Бирок ал нускасы жер бетинен кайым болуп кеткен да, бүгүнкү эл көрүп жаткан «Моңгул купуя тарыхы» кытайдын Миң падышалыгы кезинде, кытай жазуусу (тамгалары) менен тыбыштап жазылган моңгул тилиндеги нускасы болуп эсептелет. Аталган китеп «Миң падышалыктын чет элдик китептери» деген китепканада сакталып калган.

Бул моңгул санжырасы моңгулдардын тээ 22-атасынан баштап 500 жылдык моңгулдардын ата-жотосун сүрүп жазылган. Атап айтканда, моңгулдардын теги «Борточана» деп аталган Көк жал, Коймал (нур) жотосунан баштап сүрүп (бул эки атасы моңгулдардын тотемдик аталары болуп, көк жал бөрү, коймал - асмандан түшкөн нурду тотем кылышкан) жазылган. Бул санжыра китепте Чыңгызхандын тукуму Көк жалдан тарайт.

Чыңгызхандын жааты тектүү болуп, бабасы Кабылхан моңгул тарыхында бир канча моңгул тайпаларын бириктирген бийлик курган адам болуп, ал жети балалуу болгон. Анын бирөө, Чыңгызхандын чоң атасы Бартан баатыр экен. Бартан баатырдан төрт уул болгон. Анын үчүнчү уулу Эскей баатыр, ал Чыңгызхандын атасы болгон. Кабылхан өзүнүн тактысына олтурган уулу Жанбакайдын кызын татар ханынын уулуна күйөөгө берет. Ошондо, кызын көчүрүп Жанбакай хан өзү татарга кошо барат. Бирок татар ханы Жанбакай ханды кудалыгына карабай туткундап алып, өчүгүшүп жүргөн жоосу Таянхандын колуна өткөрүп берет. Ошону менен, Чыңгызхандын тукуму менен татар хандыгы ортосунда кандуу кек пайда болот.

Татар менен Чыңгызхандын атасы Эскей баатыр согушуп, абасы Жанбакайды кутулдура албайт, бирок татар ханы Темичин Ого сыяктууларды кармап алат. Ошол татардын ханы Темичин Огону кармап келген күнү Чыңгызхандын энеси Өөлүн Чыңгызханды төрөйт. Чыңгызхан төрөлгөндө, оң колуна эңкедей мөжүк кан уучтап түшөт. Эскей баатыр уулуна ат койгондо, татар ханын ошол күнү кармаганын ырымдап, уулуна Темичин деп ошол татар ханынын атын коёт.

Чыңгызхан тогузга чыкканда, Эскей баатыр таекесинин кызын Чыңгызханга кудалап коём деп барып куда болуп, анан уулу Чыңгызханды ал жерге бир нече күн өргүүгө калтырып кайра үйүнө бара жаткан жолдо татар айылынын маарекесине учурайт. Түшүп дасторконго олтурганын алар таанып калып, кымызга уу салып берип, Эскей баатырды уулап өлтүрөт. Ошону менен Чыңгызхан тогуз жашында жетим болуп жетилет. Бул баяндар «Моңгул купуя тарыхында» өтө айкын жазылган.

Биз моңгулчадагы кээ бир сөздөрдү кыргызча экен деген түкшүмөл менен, аны кыргыз деп далилдеп убакыт коротуп, «өз агасын агалай албай, бирөөнүн агасын сагалайт» болуп, 13-кылымдагы Чыңгызханды талашкандан көрө, санактан мурда мамлекет куруп, бийликтин баш кишилерин кыргыздар гана эмес, кытайлар да урматтап «акылдуу баатыр каган» деп ырасмий коолу түшүрүп, атайын элчи жиберип наам берген кагандарыбызды изилдеп, аны тарых барактары менен урпактарга жеткирсек, ошол өз күчүн, берекетин берет.

Ал эми моңгул тилиндеги кыргызча сөздөрдүн (мисалы, баатыр, темир деген сыяктуу) болушун эки жагынан караштырсак болот. Бирөө, моңгул тили да алтай тил системасиндагы тилдерден болуп, түркү тилдери, моңгул тили, тоңгус тили (ал жапан, корея тилдери да бар болуп, бирок айкын эмес) ушул бир системаны түзгөн. Бир системадагы тилдерде түпкү сөз корунун окшоштугу сакталуусу табийгы көрүнүш.

Биз моңгулдун 33 миң сөзүнөн 1500дөй сөздүн айтылышы, мааниси бүгүнкү кыргыз тилине окшош экенин терип чыктык. Экинчи, кыргыздар биздин санактын 840-жылынан 934-жылына чейин Гобидеги ошол эле Моңгул, Татар баштаган улут, тайпалардын башын кураган улуу кагандык куруп турган. Кыргыз сөзүнүн ошол улуттарда калышы ошол себептүү экенин да ойлогон оң.

Бул жагын ойлобой, азыр кыргыздын сөздүк корундагы көп сөздөрдү «моңгулдан кирген» деп сөздүктөргө аныктама берип, устукан тарткандай «меймандос» болуп жүрөбүз. Ал тургай, кыргыздын урууларынын аттары Кытай болсо, тээ туңгустагы кытай уруусуна, Моңолдорду моңгулга жоруп салдык. Мындай жоруу кыргыз тарыхына залал келтирет. Биз кыргыз урууларынын тегин алардын кайсы бир тайпанын атынан уйкаштыгына карай жоруп салсак, тарыхый жаңылыштык болот. Аны тарыхый далилдерге сөөнүп, элдик санжыраларды тээк кылып кыргыздын улут болуп калыптануусуна, ооба, тарыхта кыргыздар Эне-Сай доорунда эле күчтүү мамлекет тутунган, өзүнчө улут экени ташка тамга басылган жазууларда, кытай жазуусунда көрсөтүлүп турат. Ошондо кырк уруу кыргыз болгон.

Ал сиз айтып жаткан Моңгул жана Кытай (Кидан) кийин, 10-кылым жана 13-кылымдарда аты чыга баштаган экен. Балким кыргыз урууларынын аты аларга таасир этсе керек же жанакыл татардын ханынын атын Чыңгызханга койгондой, кыргыз урууларынын (санактан мурдагы) аттарын алар колдонгон түрү болушу мүмкүн. Бул көшөрө изилдөөнү талап кылат.

Бул баян «Моңгул купуя тарыхы» деген кытайча китепке негиз жазылганын атайын эскертебиз.

Макелек Өмүрбай,

ШУАРдагы "Тил жана котормо" журналынын башкы редактору, И.Арабаев атындагы КУУнун ардактуу профессору.

Үрүмчү шаары, ШУАР, КЭР.

(Автордун стили жана терминдери сакталды).

XS
SM
MD
LG