Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Монголияда Элбэгдорж экинчи мөөнөткө шайланды


Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж Баян-Өлгий аймагындагы шайлоочулар менен кездешүүдө. 6-июнь 2013

Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж Баян-Өлгий аймагындагы шайлоочулар менен кездешүүдө. 6-июнь 2013

Цахиагийн Элбэгдорж 2009-жылкы президенттик шайлоодо паракорчулукту тыям, бай-жардылар арасындагы ажырымды жоём деген ураандар менен жеңген.

Ал экономиканы тышкы инвестициянын эсебинен өнүктүрүүгө дилгир саясатчы катары белгилүү. Алдын ала маалыматтар боюнча, Элбэгдоржду шайлоочулардын 50 проценти колдоду. Негизги атаандашы, парламент мүчөсү, күрөш боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Бадмаанямбуугийн Бат-Эрдэнэ 42 процент добуш алды.

Үчүнчү талапкер, саламаттыкты сактоо министри Нацагийн Удвал айымды шайлоочулардын 6,5 проценти колдоду. Удвал айым Монголиянын тарыхында президенттикке талапкер болгон биринчи аял. Шайлоо өнөктүгү өлкөнүн кен байлыктарын иштетүүдөн түшкөн кирешени адилеттүү бөлүштүрүү боюнча талаш тартыш менен коштолду.

Шайлоого бул ирет добуш берчү элдин 64 проценти катышты. Бул 2009-жылдагыдан 9 процентке аз. Төрт жыл мурда Элбэгдоржду шайлоочулардын 52 проценти, ал эми атаандашы, ошол кездеги президент Намбарын Энхбаярды 48 проценти жактаган.

Ал 27-июнда Улан-Батордун борбордук майданында жактоочулары алдында сүйлөп, шайлоочулардын талап-мүдөөлөрүн аткаруу үчүн жанын аябай аракет кылам деп сөз берди:

Цахиагийн Элбэгдорж (ортодо) кайра президент шайланганын өз штаб мүчөлөрү менен майрамдашууда. Улан Батор, 27-июнь 2013

Цахиагийн Элбэгдорж (ортодо) кайра президент шайланганын өз штаб мүчөлөрү менен майрамдашууда. Улан Батор, 27-июнь 2013

- Мен биздин мекендин эл аралык аброюн көтөрүү үчүн бардык аракеттерди жасайм. Мен жарандарбыздын жаркын келечегибизге байланыштуу сунуш-талаптарын угуп, алардын үмүт-тилектерин ишке ашыруу үчүн да колдон келгендин баарын жасайм.

Элбэгдорж 1980-жылдары мурдагы СССРде Украинада билим алган. Кийин АКШдагы айтылуу Гарвард университетин бүткөн. Өлкөдөгү биринчи көз карандысыз гезиттин редактору жана туңгуч бейөкмөттүк телеканалдын негиздөөчүсү. Президент шайланганга чейин эки жолу премьер-министр болгон.

50 жаштагы Цахиагийн Элбэгдорж эки атаандашына караганда эмне үчүн көп добуш алды? Аны монголиялык карыя журналист Шынай Рахметулы мындайча түшүндүрдү:

- Элбэгдорж адилеттикти орнотом, өлкөдө кеңири жайылып кеткен паракорчулукту, жемсөөлүктү жок кылам деди. Монголияда экономикалык көрсөткүч жакшы өсүүдө. Бирок калк турмушу оңолбой жатат. Кедейлер көп. Мамлекетте байлык аз гана адамдын колуна топтолгон. Ошон үчүн эл тиричилигибиз оңолот деген үмүт менен аны шайлашты.

40 жылдан бери журналисттик кесипти аркалаган Шынай Рахметулы Монголиянын Баян-Өлгий аймагында жашайт.

Кен байлыктарды иштетүүдөн түшкөн кирешени адилеттүү бөлүштүрүү - саясий өнөктүк кезде шайлоочулар дембе-дем көтөргөн маселе болду. Экономика алтын, жез жана көмүр кендерин иштетүүгө чет элдик компаниялар тартылганга байланыштуу ылдам өсүүдө. Монголиянын ички дүң жыйымы 2011-жылы 17,5 процентке, 2012-жылы 12,3 процентке өскөн. Ага карабай, Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 3 миллионго чукул элдин 1 миллионго жакыны жарды жашайт.

Монголиянын Бороо алтын кени. Жылына 180 миң унций алтын өндүрүлгөн бул кенди 2004-жылдан бери Канаданын Centerra компаниясы иштетет.

Монголиянын Бороо алтын кени. Жылына 180 миң унций алтын өндүрүлгөн бул кенди 2004-жылдан бери Канаданын Centerra компаниясы иштетет.

Чет элдиктер менен чогуу иштетилип жаткан кендер боюнча элдин нааразылыгы инвесторлорду кооптондурууда. Андай талаштуу долбоорлордун бири Ою Толгой кенин иштетүү боюнча 6,2 миллиард долларлык келишим. Ири долбоорго австралиялык-британиялык Rio Tinto жана канадалык Turquoise Hill Resources компаниялар тартылган. Тең орток ишкана толук пайдаланууга берилгенде жылына 450 миң тонна жез концентратын иштеп чыгып, 2019-жылы улуттук бюджеттеги кирешенин үчтөн бирин берүүгө тийиш.

Шайлоо өнөктүгү маалында Элбэгдорждун эки атаандашы тең бул келишимди кайра кароону талап кылып жатышты.

Монгол өкмөтү да жөн турбады. Шайлоо алдында кенден жез кошулмасын ташыган биринчи машинелерди токтоттуруп койду. Өкмөт анын алдында жезди экспорттоодон түшкөн бардык киреше Монголияда калышын талап кылган эле.

Февраль айында президент Элбэгдорж Ою Толгой кенинин инвесторлорун финансылык операцияларын ачык көрсөтүүгө чакырган. Удаа эле улуттук авиакомпаниядагы паракорлукту жана коррупцияны иликтөөнү буйруган.

Шайлоо өнөктүгү учурунда экология маселеси да көп козголду. Себеби Монголиянын ар бир үчүнчү жараны жашаган Улан-Батор дүйнөдөгү эң булганч эки шаардын бири саналат.

Азыр ошентип Монголиянын президенти, премьер-министри, парламент төрагасы жана Улан-Батор шаарынын мэри - баары тең Монголия демократтык партиясынан (МДП). Ошондуктан аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары эриш-аркак аракеттенсе, элдин талабын аткаруу мүмкүн дешет айрым серепчилер.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG