Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:53

Чиркөөдөгү сүрөт же Батый менен кошо Европаны чапкан кыргыздар


Гостин тоосунун этегиндеги монгол-татар аскерлери конушун таштап качууда. Ыйык Гостин чиркөөсүндөгү панно.

Гостин тоосунун этегиндеги монгол-татар аскерлери конушун таштап качууда. Ыйык Гостин чиркөөсүндөгү панно.

Чехиянын чыгышындагы Гостин тоосунун төбөсүндө төбөсү көк тиреген чиркөө бар.

Заңкайган чиркөөнүн төрүн Ыйык Мариянын мозаика-панно жана монгол-татар аскерлеринин барельеф сүрөтү кооздойт.

Азиядан эчендеген миң чакырым алыстагы чиркөөгө эмне үчүн Чыңгыз хандын аскерлеринин сүрөтү түшүрүлгөн? Алар 13-кылымда Европаны чапканда, алардын катарында кыргыз урууларынан жоокерлер бар беле?
Албетте, жортуулга Чынгыз хан курган империяга кирген уруулар азыр кыргыздарда бар.


6-ноябрь 2011-жыл. Гостин дөңүнүн төбөсүнөн орун алган Ыйык Гостин чиркөөсү. Кенен залга чокунганы чогулган динзарларга чиркөөнүн төркү бетиндеги сүрөттөн сол көкүрөгүнө наристе Исаны колтуктай кармаган Ыйык Мария ойлуу карайт.

Ыйык Мариянын жана Исанын башында сербаа акак таштардан кооздоп жасалган алтын таажы. Болочок пайгамбардын сол колундагы эки жагы гүлдөй ачылган темир түтүктөн чагылгандын оту чачыроодо. Ороктун мизиндей айдын үстүндөгү Ыйык Мариянын арт жагын алтын нурлар көркөмдөйт.

Ыйык Гостин чиркөөсү. 6-ноябрь 2011

Ыйык Гостин чиркөөсү. 6-ноябрь 2011

Анын таман асты жагына байыркы Моравия жерин басып кирген аттуу монгол-татар кошуунунун сүрөтү түшүрүлгөн. Көчмөн жоокерлер Исанын колундагы түтүктөн чыккан чагылгандын отунан сактанып, чыгышты көздөй качышууда. Түшкү диний ибадатка келген чех динзарлары Ыйык Мариянын ысымын улам кайталай, ага алкышын айтууда.

Чиркөөнүн ичине көрк берген Ыйык Марияны чехиялык динзарлар 13-кылымда Европаны кара таандай каптаган монгол-татарлардын баскынынан сактап калган олуя катары урматташат.

“Гостин чиркөөсүнүн тарыхы 1241-жылдан башат алат, -дейт көчмөн азиялыктардын күлүк аттарынын туягынын дүбүртүн унуттурбай турган бул сүрөт тууралуу пенсионер-мугалим Ярослава Адамцова.- Ал күндөрү татарлар Европаны чаап, Оломоус шаарына чейин жеткен. Моравиянын коркуп-бозгон эли Гостин тоосуна качып келип, байыркы кельттерден калган эски дубалдарды пааналайт. Тилекке каршы дөңдө суу болбойт. Эски жылнаамаларда жазылганга караганда, ачып-тозгон адамдар өмүрүбүздү сакта, суу бер дешип, Ыйык Марияга жалынып-жалбарышат. Ошондо асман алай-дүлөй болуп, чагылган чартылдап, катуу бороон жүрөт. Дөңдө булактын көзү ачылат. Чагылгандын отунан татарлар өргүп жаткан чатырлар өрттөнөт. Татарлар жан сактап качышат.”


Ошентип 1241-жылдын 9-апрелинде немис жана поляк рыцарларынын курама күчтөрүн таш-талкан кылган монгол-татарлардын түмөндөгөн колу Адамцова айым айткан мына ушул касиеттүү окуядан кийин урушка кирбестен артка кетет.
Эмне үчүн?

Чынгыз хан жөнүндөгү көлөмдүү илимий монографиянын автору, азыр Прага шаарында жашап жаткан белгилүү Казак жазуучусу Муктар Магауиндин түшүндүрмөсү:

- Батыйдын колу европалык рыцарлардын биргелешкен кошуунун кыйраткандан кийин королдордун баары эстеринен чыгып, Батыш Европа калтырап отурган. Алардын коркушканын мунан бил: Жарыя айтылгандан кийин Скандинавиядан Британияга балык ташыган керебен-кемелер токтогон. Монгол-татар аскерлеринин артка кайтуусунун башкы себеби - Удегей хандын 1240-жылдын 11-ноябрда өлгөнү. Анын кабары Ортолук Европага жеткенче беш-алты ай өткөн. Эми жаңы каган шайлоо керек. Удегейдин уулу Күйүк менен Баты мурда жаңжалдашкандыктан, алардын мамилеси начар болгон, мамлекеттин өзү да чайпалып турган.

Чиркөөнүн михрабындагы монгол-татар атчандарынын сүрөтү. Паннонун бир бөлүгү. 6-ноябрь 2011

Чиркөөнүн михрабындагы монгол-татар атчандарынын сүрөтү. Паннонун бир бөлүгү. 6-ноябрь 2011

Арийне, орто кылымдардагы кыргыз уруулары Чыңгыз хандын уулдарынын Ортолук Европага жасаган жортуулуна катышканбы деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Себеби кыргыз уруулары жашаган аймактар Чыңгыз хан курган империянын курамына кирген эмес беле?

“Европаны баскан аскерлердин курамында кечээ гана монгол-татарлар менен согушкан кыпчактар, булгар татарлары, орустар да бар эле. Албетте жортуулга Чыңгыз хан курган империяга кирген уруулар азыр кыргыздарда бар. Мен казактын 23 уруусун таптым. Европага жортуул жасалганда ага кыргыздын жана казактын бардык уруулары катышкан. Анткени алардын баары Чыңгыз хандын империясына кирген. Ырас, кыргыздар жөнүндө тарыхый маалыматтарда 15-16-кылымдардан баштап айтылат. Мурда жазылбаган го... Бул бирок жок деген сөз эмес, жок жерден эч бир эл пайда болбойт”, - деди Казакстандын Абай атындагы мамлекеттик сыйлыгынан лауреаты Муктар Магауин.

Жазуучу Батыйдын аскерлери менен чогуу баарын, баргы, бугу, булгаачы, каңгы, катаган, керейит, коңурат, кушчу, кыпчак, кытай, маңкыт, меркит, мундуз, найман, ноякын, таз, төөлөс уруулары Европага жортуулга барганын айтып, бирок найман, кыпчак сыяктуу байыркы уруулар казак жана башка кээ бир түрк элдеринин да курамына кирип кеткенин баса белгиледи. Себеби биринчиден, кыргыз уруулары 1207-жылы өз ыктыяры менен Чыңгыз ханга кошулган. Мына ошондо кыргыздардын атынан жаангерге барган үч бек ак шумкар, ак боз аргымак, тогуздан тогуз же сексен бир даана кымбат баалуу киш терисин тартуулашкан.

Ыйык Мариянын панносу. 6-ноябрь 2011

Ыйык Мариянын панносу. 6-ноябрь 2011

800 жыл мурда жараткандын кудурети менен Гостин дөңүндө жерден оргуп чыккан булактын муздак суусу азыр да оргуштап агууда. Ал эми чиркөөнүн төркү бети - михраптагы Ыйык Мариянын мозаикадан кештелеп жасалган элеси астындагы монгол-татар аскерлеринин рельефтүү сүрөтү качан тартылган? Чиркөөнүн илимий кызматкери Ян Хромечектин айтымында, моравиялыктарды монгол-татарлардан куткарып калган Ыйык Мариянын михрапка 1749-жылы тартылган сүрөтү азыркы мозаика-панного негиз болгон.

“Алгач бул сүрөттөр 1500-1700-жылдары пайда болгон деп айтып жүрөбүз,-деди Ян Хромочек.- Эгер 1723-жылкы сүрөттө Ыйык Мариянын колундагы Исанын колунан чачыраган чагылган менен атчан татарларды өрттөп жаткан татарларды көрөбүз. Ал эми экинчи сүрөттө Ыйык Мария чепкенинин этеги менен моравиялыктарды коргоодо. Татар аскерлери тоо жтегинде жайгашкан. Ал эми алтардагы Ыйык Мариянын сүрөтүнү 150 жыл мурда Брнолук бедизчи гипстен мурдакы сүрөттүн негизинде жасаган. Ал эми алгачкы сүрөт мына: Ыйык Мария чепкенинин этеги менен моравиялыктарды коргоодо”.

Гостин чиркөөсүнө таат ибаратка келген диниятчылар Ыйык Марияга алкоо айтып жатышты. Аларга чиркөөнүн төрүндөгү чоң эки терезенин ортосундагы мозаика-паннодон Ыйык Мария мээримин төгүүдө. Алтай көчмөндөрүнүн жортуулун Мариянын астындагы барельеф жана шыптагы боек менен тартылган сүрөт унуттурбай эске салып турат. Монгол-татар аскерлери Мариянын кудуретинен коркуп, ат башын артка бурдубу же Удегей өлгөнү тууралуу кабарды угуппу?

Бул динзарлар үчүн анча маанилүү эмес. Маанилүүсү жараткандын жана Ыйык Мариянын боорукердигине, мээримдүүлүгүнө жана өз пендесин кыйынчылыкта жалгыз калтырбасына болгон ишеним. Ишеним аларды ар жекшемби күнү чиркөөгө сыйынганы алып келип турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG