Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:09

Москвада мээ кан тамыры жарылып, 20 күндөн ашуун ооруканада кыймылсыз, эс-учун билбей жаткан кош бойлуу Кызбурак Орозбаеванын абалы оор.

Москвадагы Склифосовский атындагы оорукананын нейрохирургиялык бөлүмүнүн жетекчиси Ильгар Алиев догдурлар 30 жаштагы келиндин боюндагы беш айлык баланы сактап калууга аракет кылып жатканын айтты:

- Бул жакта эки жашоо бар экенин унутпашыбыз зарыл. Кызбуракка боюндагы баласына залака келтирбеш үчүн дарылардын өлчөмүн азыраак берип келгенбиз. Бирок ага карабастан, бул антибиотиктер күчтүү болгондуктан, баланын ден соолугуна зыяны тийиши мүмкүн. Медицинада 22 жумадан кийин операциялык жол менен ымыркайды алып, өзүнчө багууга уруксат берилет. Азыр бейтаптын боюндагы баласына 25 жумадан өттү. Ошондуктан, догдурлар эне менен баланы ажыратууну туура көрүшүүдө.

Дарыгер Алиевдин айтуусунда, эне-бала бири-биринин абалын оорлотууда. Кызбурактын канчадан кийин бутуна турары белгисиз, ал эми курсактагы баласы уул экенин УЗИ көрсөткөн. Ооруканада ага "Нурлан Алмазбекович" деп ысым дагы берип коюшкан.

Жубайлар Кызбурак менен Алмаз

Жубайлар Кызбурак менен Алмаз

“Жакында эле үйлөнүп, тун балабызды күтүп жатканбыз”, - дейт келиндин жолдошу Алмаз Тажибаев. Күн санап оорукананын эшигин акмалаган Алмаз келинчегинин абалы оңолор деп үмүттөнөт.

- Аялым бир жерде ашпозчу болуп иштечү. Анан жумуштан келип эле, чай ичем дегенби, ашканага кириптир. Азыр эки бөлмөлүү батирде 10-15 адам жашайбыз. Анан ашканада чай ичип отургандар бар экен. Эс-учун жоготуп жыгылганда тигилер кармап калышкан. Бетине суу чачып, мага телефон чалышкан. Мен жумуштан келгиче жарым сааттай убакыт өтүп кеткен. Анан келип эле "Тез жардам" чакырып, бул жакка алып келсек, мээсинде кан тамыры жарылып кеткен дешти. Эми аялың көбүрөөк жатат, көп суммадагы акча кетет дешти...

Курулушта иштеген Алмазды каражат маселеси кыстоодо. Анын курулушта айына тапкан акчасы келинчегинин күнүмдүк дарылоосуна дагы жетпейт.

Жаш үй-бүлөнүн акыбалын уккан Орусиядагы мекендештер колундагы болгон жардамы менен кайрылышууда. Жүк ташуучу болуп иштеген Токтоболот Абдурахманов тууган-тааныштарына кабарлап, беш миңге чукул акчасын көтөрүп келген.

- Эми чет жерде жүргөндөн кийин бири-бирибизге жардам берип, кайдыгер карабаш керек. Кыргызбыз, мекендешпиз. Бул атуулдук парз болуш керек. Кыскасы, мен өзүм ушундай пландагам. Айлык алганда кандайдыр бир бөлүгүн жардамга муктаждарга берип коем. Мында болсо, дос-тааныштарга айтып, иштен, кошуналардан чогултуп келгеним ушу.

Учурда кош бойлуу Кызбурак Орозбаеванын дарылануусуна Орусиядагы жердештердин жардамы менен 90 миң рублдан ашуун каражат чогултулду. Азырынча бейтаптын абалы өзгөрбөгөндүктөн, ооруканада дагы канча калары белгисиз.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG