Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Москва: кыздарды кордогон мигрант кармалды


Айгүл
Айгүл

Москвада мекендеш кыз-келиндерди зордуктап, тоноого шектелген кыргызстандык жаран кармалды. Ал интернет сайттар аркылуу кыз-келиндерге жумуш сунуштап, кылтакка илингендерди ээн жерге ээрчитип барып зордуктап, баалуу буюмдарын тартып алып жүргөн.

21 жаштагы Айгүлдүн (аты өзгөртүлдү) Орусияга келгенине үч жылдын жүзү болгон. Пол жууп, тамак-аш таратып иштеген жумушунан эки ай мурун кыскарып калганда кыргыз тилдүү интернет сайттарга жумуш издеп, байланыш телефондорун калтырып койгон. 8-майда 30-45 миң маяна сунуштап, жумушка чакырган кыргызстандык жигит менен жолугушууга бейкапар барып, зомбулукка кабылганын айтып берди.

- Он мүнөттөй аны менен кармаштык. Эркек киши баары бир күчтүүлүк кылат экен. Жыгып алып мени эки-үч мүнөттөй муунтту, анан көзүм караңгылап, эс учумду жоготуп койдум. Кулагыма өтүп жаткан поезддин эле үндөрү угулуп жатты... Эсиме келгенде карасам, ал өзүнүн ишин бүтүрүп койгон экен... Өзүмдү оор сезип, аябай кыйналып, үйгө араң жеттим. Кийимимдин баары топурак, булганган...

Москвага келгенден бери Кыргызстанга бара элек Айгүл “эс учумду жоготуп баратканда апамды көрбөй өлүп каламбы деп ойлодум” деп ал каргашалуу мүнөттөрдү кайрадан көз алдына келтире улутунуп алды.

Мындай кырдаалда жөлөк болоор Москвада жакындары жок Айгүл эртеси Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылган. “Балким менден мурун жабыркаган кыз-келиндер убагында милицияга кайрылса, мен мындай зордукка туш болмок эмесмин” дейт.

- Корккон жокмун. Мен башка кызга ушундай тагдыр каалабайм. Кыздарыбыз башка улуттун эмес, өзүбүздүн балдарыбыздын эле колунан азап чегип атпайбы. Мен көргөн азапты башкалар дагы көрүшүн каалабадым. Мейли, мен баардыгын ачып, уят болдум. Бирок болоор иш болду. Менден кийин башка кыздардын жабыр тартышын каалабайм.

14-май түнү бул кылмышка шектүү делип Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 22 жаштагы тургуну Акматали Батыржан уулу камакка алынган.

Беттештирүүдө Айгүл зөөкүрдү таанып, тиешелүү соттук медициналык экспертизадан өткөн.

Каргашалуу окуяны ата-энесинен, жакын туугандарынан жашырып коюну чечкен Айгүл учурда баласы темир торго түшкөн энеге боору ооруп турганын айтат.

- Суракка барганда анын апасы келген экен. Байкуш эне да, баары бир түтпөйт. Менден жалдырап “Сен тааныбайм, жөн эле куру доомат койдум деп эле айтып койчу, балам аябай кыйналып жатат” деп суранды. "Мен балаңыздан жалдырап, мусулмансың го, эже-карындаштарың бардыр деп суранганымда, ал менин үнүмдү уккан жок" дедим. "Балам акмактык кылды, канча акча сурасаң берейин" деди, мен баш тарттым...

ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Аскат Алиев кылмышка шектүү Акматали Батыржан уулуна каршы Айгүлдөн кийин дагы үч кыргызстандык кыз-келин доо арыз жазганын билдирди. Кармалган жигитке зордуктоо жана тоноо беренелерине ылайык төрт эпизод боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

- Кылмышка шектүү жаран март айынан бери ушундай кылмыштарды жасап жүргөн деген божомол бар. Ал туруктуу жумушу жок, бул жакта келинчеги менен турчу экен. Зордуктоо жана тоноо боюнча кылмыштарды моюнуна алды. Бирок, тергөө иштери бүтө элек. Айыпталуучуга карата дагы төрт кыргызстандык жаран дооматтары менен кайрылып, бирок бирөө арыз жазып сотко кайрылуудан баш тартты.

Москвада кыргыз тилдүү интернет сайттарга жумуш издеп жарыя берген кыз-келиндерди кылтакка илип алып, аларды зордуктап, тоноп жүргөн мындай окуя былтыр январда да катталган. Анда сегиз кылмыш иши боюнча 34 жаштагы кыргызстандык жаран сот жообуна тартылган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG