Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Орусия: Домодедоводогу жардыруудан 35тей киши набыт болду


Домодедово аба майданындагы жардыруудан кийин. Москва, 24-январ, 2011-жыл.
Домодедово аба майданындагы жардыруудан кийин. Москва, 24-январ, 2011-жыл.

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Москвадагы Домодедово аба майданында 24-январда болгон жардыруудан кеминде 35тей киши набыт кетти, 130га жакыны жарадар болду. Тергөөчүлөр жардырууну террорчу ишке ашырды деп жоромол кылууда.

Окуя болгондон көп узабай орус президенти Дмитрий Медведев бардык аба майдандары менен ири транспорт түйүндөрүндөгү коопсуздукту күчөтүү чараларын жүзөгө ашырууну буйруганын жана Москва шаарынын мэри менен Москва облусунун жетекчисине Домодедового баруу тапшырмасын бергенин билдирип, курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.

- Тергөө тобу бул окуяны кечиктирилгис иликтөөгө киришиши керек, - деди орус президенти.

Жарылуу 24-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.30 чамасында жүк алган бөлмөдө болгону кабарланууда. Анын алдында алыскы чет өлкөдөн бир нече учак келген экен.

Алгачкы кабарларга караганда, кол салууну жан кечти ишке ашырган. Бирок бул маалымат бышыктала элек.

Жардыруунун күчү тротилл эквивалентинде 7 килограммга жетиши мүмкүн делинүүдө.

Тергөө комитетинин маалымат өкүлү Владимир Маркин кабарчыларга төмөнкүдөй маалымат берди: "Домодедово аба майданында болгон жардырууга байланыштуу Тергөө комитетинин транспорт бөлүмү Кылмыш кодексинин 205-беренесине ылайык бул терактты иликтөөгө киришти".

“Азаттык” үналгысынын Орус кызматынын кабарчысы Юрий Тимофеев жардыруудан кийин Домодедоводон буларды айтып берди:

- Башка жерлерден учуп келген жүргүнчүлөр аэропорттон кадимкидей
эле чыгып жатышат. Себеби жардыруудан кийин көп эле убакыт өттү. Бирок милициянын кордону аба майданынын ичине сырттан эч кимди киргизбей жатышат. Аба майданынын жанында 50дөн ашуун тез жардам машинеси, өрт өчүргүч машинелер тизилип турат. Дүрбөлөң же ага окшогон бир нерсе байкаган жокмун.

Домодедово - Москвадагы эң чоң аба майдандардын бири. Маалыматтарга ылайык, былтыр аэропорт аркылуу 22 миллиондой киши учкан. 77 авиакомпания менен иш алып барган Домодедово аба майданы жүк ташуучу негизги түйүн катары да белгилүү.

Ал аэропортко Кыргызстандан да бир нече каттам (рейс) аткарылып жүрөт.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

Акыркы мындай ири кол салуу орус баш калаасында былтыр март айында болгон.

Дагестандык эки аял метрого коюп кеткен бомбалардын жарылышынан улам 40 киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG