Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Радикализм боюнча соттолгондорду өзүнчө бөлүү аракети жүрүүдө


Абак.
Абак.

Кыргызстандагы абактарда диний радикализмди жайылтууга айыпталып камалгандарды өзүнчө кармоо пландалып жатат. Бир айдын ичинде үч мекемеде ал ишке ашат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди. Анын айтуусунда, бул жааттагы атайын абактарды Чүйдөгү 3 мекемеде ишке ашыруу каралууда.

Жабык жайларда экстремизм боюнча соттолгондор башка кылмыштарга айыпталгандарды да радикализмге тартып жатканы буга чейин бир нече ирет айтылган.

Расмий маалымат боюнча, азыр өлкө аймагында 300дөн ашуун адам диний радикализм боюнча айыпталып, камакта отурушат. (SE\TSh)

XS
SM
MD
LG