Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Москвадагы өрт 17 мигранттын өмүрүн алды


Өрт өчүргүчтөр Качалов базарындагы өрт болгон жатак жайда. Москва, 3-апрель 2012
Өрт өчүргүчтөр Качалов базарындагы өрт болгон жатак жайда. Москва, 3-апрель 2012

Бүгүн таңга жуук Москванын курулуш материалдарын сатуучу Качалов базарында таңкы беш ченде өрт чыгып, 17 киши набыт болду.

Расмий Дүйшөмбү Орусиянын ички иштер министрлигине таянып, өрттө өзбекстандык тажик жигиттер апаат болгонун билдирди. Адегенде өрттө каза тапкандардын көпчүлүгү Тажикстандын жарандары экени айтылган. Москвада эмгек мигранттары жатаканага ыңгайлашкан, шарты жок жайларда жашагандыктан, ар кандай капылет окуяга көп кабылышат. Окуя боюнча кылмыш иши ачылды.

Таң азанда башталган өрттө ажал тапкандар Качалов базарында иштеп, базар ныптасындагы эки кабат имаратта жашаган Борбор Азиядан келген эмгек мигранттары экени айтылууда. Оболу кырсыкта набыт болгондор тажик жарандары экени алдын ала маалыматтарга таянып айтылган. Бирок Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Давлат Назриев “Азаттыкка” телефон кагып, Качалов базарындагы кырсыкта курман болгондордун арасында тажик жарандары жок экенин кабарлады:

-Биздеги маалыматка ылайык, өрттө өмүрү кыйылган 17 адамдын ичинде тажик букаралары жок. Муну Москвадагы тажик элчилиги тастыктады.

Орусияда миграция кызматынын эсеби боюнча 700 миңдей тажикстандык эмгек мигранты бар. Москва полициянын өкүлү Юлия Аносованын “Азаттыкка” айтышынча, маркумдардын бардык документтери өрттөнүп кеткендиктен, алардын өздүгүн таануу мүмкүн болбой жатат.

- Баары өрттөлүп кеткендиктен, биз маркумдарга таандык эч кандай документ таппадык. Биз имараттын ичинде кимдер болгонун, алар кайдан, кантип уруксат алганын иликтейбиз. Себеби, кампа жашоого же уктаганга ылайыкталган эмес.

Өткөн түнү Москвада күн кескин сууп кеткендиктен, дубалдары жука жатак жайды ысытуу үчүн түнү бою күйүп турган электрожылыткыч өрткө себеп болгон деп жоромолдонууда.

Эки кабаттуу жатак жайды каптаган өрт эки саатта өчүрүлгөн. Ошондуктан набыт болгон адамдардын денелери күйүп кеткен. Имаратта өрт болгондо качып чыкчу кошумча эшик жок болгондуктан, өрт өчүргүчтөр жатак жайдын ичине анын капталын тешип араң киришкен.

Качалов базарынын дарбазасы. 3-апрель 2012
Качалов базарынын дарбазасы. 3-апрель 2012
Москвадагы “Тажикстандын эмгек мигранттары" кыймылынын төрагасы Карамат Шариповдун “Азаттыкка” айтышынча, өрт өчүрүүчүлөр келгенде жатак үйдүн эшигинин сыртында кулпу илинип турган:

- Өрт өчүргүчтөр келишкенде эшик кулпулануу экен. Балдар күйүп кетти. Алиге чейин иш берүүчүлөр жок. Бүгүнкүдөй балакет биринчи жолу болуп жаткан жок. Бирок иш берүүчүлөргө каршы чара көрүлбөйт. Биздин сүйүктүү Орусия мыйзамсыздыктын уланышын каалайт. Анан кийин мигранттар күнөөлүү, аларды депортациялоо керек деп айтышат.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин басма сөз өкүлү Айымкан Кулукеева алдын ала маалыматтарга ылайык, Качалов базарындагы жатак үйдөгү өрттө өмүрү үзүлгөн адамдардын ичинде өлкө жарандары жок экенин билдирди:

- Азыр өрт болгон жерде элчиликтин эки кызматкери иштөөдө. Алар алдын ала маалыматтарга шилтеп, өрттө 17 киши өлгөнүн, алардын ичинде, кайра эскертем, алдын ала маалымат боюнча, кыргыз жарандар жок экенин, азыр сөөктөрдү таануу иши жүрүп жатканын айтышты.

Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу курулуш материалдарын сактоочү кампада эмне үчүн жумушчулар жашаганын тез тактоону милициядан өтүндү. “Адамдардын базарда жашоосу салт болуп калган. Аларды бул жерге кимдир бирөө жайгаштырды да. Объект жашоого ылайыкташпаган,” - деди Шойгу жана 2006-жылы кышта Басман базарында болгон алааматты эске салып, анда көзөмөлдүн жоктугунан улам адамдар ажалга кабылганын айтты. Анда таң азанда базар ачыла электе чатыр кулап, 66 кишини ажал алган.

Көпчүлүк мигранттар имараттардын жертөлөлөрүндө, вагондордо, коопсуздук шарты сакталбаган эптеме жайларда түнөшөт.

2009-жылы январда Москвада жер астындагы гараждагы өрт чыгып, ал жерде жашаган жети мигрант каза тапкан. 2011-жылы майда Москванын ортолук бөлүгүндөгү кароосуз имаратты түнөк кылган 7 мигранттын өмүрүн да өрт алган.

Быйыл январдагы Москвадагы италиялык ресторандардын бириндеги өрттө үч адам, анын ичинде эки кыргызстандык набыт болгон. Орус өкмөтү ресторандагы өрттөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион рублдан компенсация төлөнөт дешип, бирок кийин акча орус жарандарына гана берилет деп чыга берген.

Батыш маалымат булактары Орусияда дегеле коопсуздук талаптары так аткарылбаганына, анын кесепетинен авиа, темир жол, дарыя, автокаттамдарда адам өмүрүн кыйган авариялар тез-тез кайталанып турганына көңүл буруп жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG