Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти


Дүйшөмбүдө кечинде Орусиянын борбору Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти. Бул туралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисяев кабарлады. Анын айтымында, мушташ учурунда бир кыргыз жараны бычакталган. Азыр ал Москвадагы ооруканада дарыланып жатат.

Алмаз Абдисяев: Бизге алгач “Профсоюзная” метро станциясынын жанында кыргыз жана өзбек улутундагы адамдар урушканы жатышыптыр деген кабар 26-июлда саат 23:00 жакын түштү. Биз ошол замат ал жөнүндө аймактык милицияга кабар берип, өзүбүз да ошол жерге жетип бардык. Биз барганга чейин эле ал жерде кагылышуу болуп кетиптир. Өзбек тараптан 40дай адам 15-20дай кыргыз жарандары менен уруша кетишкен экен. Натыйжада бир кыргыз жараны бычак жеп, Москвадагы №64-оорууканага жеткирилди. Ички иштер органдарынын кызматкерлери азыр окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат. Азырынча чырды баштаган болушу мүмкүн деген шек менен өзбек улутундагы төрт адам кармалганын билдиришти.

Төрөкул Дооров: Уруша кетишкен кыргыз жана өзбек улутундагы адамдар баары Кыргызстандын жарандары бекен же Өзбекстандын да жарандары барбы?

Алмаз Абдисяев: Биздеги маалыматтарга караганда, Максимовский проспектиндеги №63-үйдөгү курулушта кыргызстандык да, өзбекстандык да өзбек улутундагы мигранттар иштешкен. Биз окуя болгон жерге барганга чейин эле алар качып кетишкен болчу. Ошондуктан биз алардын кайсыл өлкөнүн жарандары экенин биле албадык. Ал жерде бир-эки кыргыздар менен гана жолугуша алдык. Алар урушка “өзбек улутундагылар катышты” деп гана айтышты. Бирок бул окуя боюнча милиция кармаган адамдардын баары - Өзбекстандын жарандары. Эми алардын ким экени тергөөнүн жыйынтыгында билинсе керек. Бүгүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаракат алган кыргыз жаранын суракка алышты.

Төрөкул Дооров: Ошол жарадар болгон кишинин аты-жөнүн айта аласызбы?

Алмаз Абдисяев: Азырынча тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, биз ал адамдын ысмын айта албайбыз. Бирок бир-эки күндө толук маалымат топтолгондон кийин жабыркаган адам жөнүндө да маалымат айтылса керек.

Төрөкул Дооров: Кыргызстанда кагылышуу болгондон бери Москвада кыргыздар менен өзбектер ортосунда биринчи жолу ушундай мушташ болуп жатабы же буга чейин да андай окуялар болду беле?

Алмаз Абдисяев: Жок. Бул биринчи окуя эмес. Кыргызстанда июндагы окуялар болуп кеткенден кийин Москвадагы “Казанский” вокзалында кыргыздар менен өзбектер ортосунда чыр чыккан. Бирок ал ички иштер органдарынын, элчиликтин аракети менен өз учурунда токтотулган болчу. Ошондуктан алардан эч ким жабыркаган эмес.

Төрөкул Дооров: Азыр Кыргызстандын түштүгүнөн өзбектер массалык түрдө Орусияга көчүп жатышканы айтылууда. Элчиликте бул жөнүндө маалымат барбы?

Алмаз Абдисяев: Элчиликте чекарадан канча адам өтүп жатканы жөнүндө маалымат жок. Бирок, такталбаган айрым маалыматтарга караганда, Ош-Бишкек каттамындагы автобустардагы, автоунаалардагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү өзбек улутундагылар экенин угуп жатабыз. Элчиликтин өзүнө Орусиянын жарандыгын алуу үчүн арыз бергендердин саны көбөйгөнү байкалып жатат.

Төрөкул Дооров: Канчага көбөйдү?

Алмаз Абдисяев: Мен азыр так цифраларды айта албайм. Бирок, Кыргызстандагы башаламан окуялар башталганга чейинки мезгилге караганда, азыр арыз бергендердин саны өстү.

Төрөкул Дооров: Орусиянын жарандыгын алам деп арыз бергендердин көбү өзбек улутундагылар экени чынбы?

Алмаз Абдисяев: Ооба. Биз алардын документтерин консулдук каттоого коердо туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнөн бери баардык кагаздарын текшеребиз. Ошонун негизинде байкалгандай, чынында эле, жарандык үчүн арыз бергендердин көпчүлүгү - өзбектер.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG