Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

"Москвага келбей эле койбой..."


Москванын кымгуут көчөлөрүнүн бири.
Москванын кымгуут көчөлөрүнүн бири.

- Эже, кыргызсызбы?

- Ооба.

- Ушул тегеректе жашайсызбы?

- Ооба.

- Кенжебек деген баланы тааныбайсызбы? Же Алтын деген келинди?

- Жок, тааныбайт экемин. Эмне болду, жай элеби? Эмнеге караңгыда жашынып турасың?..

Москванын көчөлөрүнүн бири. Ден соолукка карап, күнүгө кечкисин жөө басып же велосипед тепкенди адатка айлантып алгам.

Бүгүн күндөгүдөн кеч чыктым, көз байланып калыптыр. Велосипедим менен бурчтан чыга калсам, көмүскө жерден эчкирген аялдын үнү угулду. Барсам бурчта жаш келин ыйлап туруптур. Суукка чыйрыкса керек, эки колун бооруна кайчылаштырып алган. Эки көзү көчөнүн баш жагында. Айтымында, ушул жакта күйөөсүнүн Алтын аттуу көңүлдөшү иштейт. Балким экөөнү кармап алам деген үмүт менен турган экен. Бирок өзү ал келиндин кайсы жерде иштерин же кайсы жерде жашарын деле так билбейт. Болгону ушул тегеректе экенин божомолдойт:

- Күйөөм бир жумада 2-3 күн түнкү кезметчиликти шылтоолоп, келбей калат. Жанында иштегендерден сурасам, түнкү смен жок экен. Демек бул аялдын үйүндө калып жүргөн окшойт. 3 балам бар айылда, кайын энем багат, ага чалып айтсам: “Сен кармап алдыңбы, эгер кармап алсаң мага айт, балам менен анан сүйлөшөйүн”, - деди. Айлам куруду, эже, - деп кейип кетти.

- Күйөөң менен ачык сүйлөштүңбү? Балким ал аялды сүйүп калгандыр чындап, сен сары изине чөп салып, аны кайтара албайсың да, андан беш бетер күйөөңдүн алдында баркың кетет. Андан көрө энергияңды коротпой, балдарыңды бага бер. Балким балдарын ойлосо кайрылып келип калар.

- Тиги келиндин телефонун таап, чалып, күйөөмдү жөн кой десем, “менин дагы үй-бүлөм бар, мага күйөөңдүн кереги жок, өзү келип жатат мага, тыйып ал” деген болчу. Кечээ ал келин мага өзү чалып, “мен сенин күйөөңдөн боюма бүтүп калды, ал меники болот, эмне кылсаң ошол кыл” деп телефонун өчүрүп салды. Бүгүн болсо күйөөм үйгө келген жок,- деп жашый берди.

Аял катары мен аны түшүнүп, бул байкуштун көңүлүн не деп табаарымды биле албай турдум.

- Көпкө ойлондум, көңүл бурбай дагы 3 ай жүрдүм, анда кайра мени кекетип, “сен мени менен ишиң болбой калыптыр, эмнеге мага чалып издеп, сурап койбойсуң, мен түнкү сменде калганда квартирадагы эркектер менен соо эмессиң” деп сабады, жанымдагы аялдар араң ажыратты,- деп кошумчалады келин.

- Атаны иттики ай де, өзү жүргөнү аз келгенсип, сени дагы кызганып жатабы?- деп мындай көрүнүш биздин эркектерге мүнөздүү экенин билип турсам да, ошентип көңүл уламыш болдум.

Ал ортодо менин иштеген жеримди сурап, элчиликтен экенимди укканда, жалбарып жиберди.

- Эже, ушуга арыз жазып берейин, издөө салып, карматып бериңизчи, суранам!

- Ой жакшылап ойлончу, эмне деп арыз жазасың, бул үй-бүлөлүк уруштарга биз кирише албайбыз, эртең эле табышып кетесиңер, анан кимиңерге болушабыз, анын үстүнө күйөөң кылмыш кылса, анан издөө жарыяланат. Көңүлү жактырып, башка аялга кетип калса, ал өз эрки, биз анын укуктарын буза албайбыз.

Мага үмүттөнүп, жардамыма муктаж болуп турган байкушка менин сөздөрүм бетине суу сепкендей эле болду. “А менин укуктарымчы? Мени канча жолу сабады, ага элдин баары күбө”,- деп ызаланып кетти. Унчуга албай, жоопсуз калтырдым. Үй-бүлө маселеси эң оор экенин билсем да бул келинди канткенде көңүлүн таап, кантип жардам береримди билбей турдум. Мындай учурда мыйзам эмес, жылуу сөз гана керек экенин сезип, улуулук акылымды айта баштадым.

- Кой эми, турмушта боло берет, менин деле башымдан өткөн, сенин зарыгып күтүп турганыңды көрүп, өзүмдү эстеп кеттим. Мен дагы күйөөмдү качан келет деп терезеден машиненин жарыгын карап, күтүп, кечиккен сайын жаным жай таппай, намысым тынчтык бербей, азап чекчүмүн. Бул күндөр да өтөт, баары калыбына келет. Мына эми биз бири-бирибизди түшүнүп жашап калдык, өткөн күндөрдү эстеп, жөн эле убакыт жана ден соолук коротконумду эми билип отурам. Андан көрө балдарыңды ойло, үшүп каласың, үйүңө бар. Күйөөң минтип карабай кетсе, анан ооруп калсаң, кантип иштейсиң, кантип акча табасың? Бөлөк элде, бөтөн жерде жүрсөң. Оорулуу болуп калсаң, анда такыр эле күйөөңө кереги жок болосуң. Андан көрө башты өйдө көтөрүп, үйүңө бара гой.

- Эже, эртең мен элчиликке барып, мени урду деп арыз жазып берсем, карматып бересиздерби? Күйөөмдүн иштеген дарегин арызга кошо жазам, карматып бериңизчи, суранам, - деп көксөөсү суубай, кандай жол менен болсо да колуна күйөөсү тийишин каалап турганын дагы билдирди.

- Өз күйөөңдүн үстүнөн арыз жазсаң, аны карматып бербейбиз, аны каматып алабыз, түшүнүп жатасыңбы? Сенин арызыңдын негизинде биз Орусиянын укук коргоо органдарына кайрылабыз, анан алар тез эле кармап туруп, сага күч колдонгону үчүн камап салат, сага ошол керекпи, ойлончу? Канчалаган кыргыз орустардын түрмөсүндө отурат чыга албай... Балдарыңа ата керекпи? Жеке өзүңдү ойлой бербей, балдарыңды дагы ойлосоң, - деп өкүм айттым.

Муюп калдыбы же сөздөрүм бир аз таасир бердиби, “минтип үй-бүлөм бузуларын билгенде, акча таппасак койдук, балдарымдын маңдайында болуп, Москвага келбей эле коёт элем...” - деп кейиген тейде кайрылып мени менен басып баратты...

Айымкан Кулукеева, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин 2-катчысы, Москва шаары.

XS
SM
MD
LG