Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Кыргыз хоккейчилери Кышкы Азия оюндарынын финалында ойнойт


Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Кышкы Азия оюндарында. 22-февраль, 2017-ж. Саппоро. Жапония.
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Кышкы Азия оюндарында. 22-февраль, 2017-ж. Саппоро. Жапония.

Ушул күндөрү Жапониянын Саппоро шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы үчүнчү беттешинде Катар курамасын 7:2 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз хоккейчилери биринчи беттешинде 18-февралда кувейттиктерди 5:0, 21-февралда 10:5 эсебинде утуп алышкан.

Үч оюндун жыйынтыгында Кыргызстан курама командасы үч жолу жеңишке жетип финалга жолдомо алды. Эми алдыда 26-февралда боло турган финалдык таймашта В тайпасында көч башын жетектеген Түркмөнстан командасы менен ойнойт.

Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы VIII Кышкы Азия оюндарында А тайпасында Катар, Кувейт жана Филиппин курамалары менен ойноду. В тайпасында Түркмөнстан, Малайзия, Индонезия жана Макао курамалары байге үчүн ат салышты.

Кыргыз хоккейчилери Кышкы Азия оюндарына экинчи жолу катышууда. 2011-жылы Казакстанда болгон VII Кышкы Азия оюндарында премьер-дивизиондо ойноп жети команданын ичинен жеңүүчү болуп, кичи алтын медалды тагынып кайтышкан. (ECh)

XS
SM
MD
LG