Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

“Панама-гейт”: Путиндин жакындары кымырган миллиарддар


Mossack Fonseca юридикалык компаниясы офшордук кызмат көрсөтөт.
Mossack Fonseca юридикалык компаниясы офшордук кызмат көрсөтөт.

Дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги саясатчылар менен ири ишкерлердин арам акчаны офшордук схемалар аркылуу адалдоосун чагылдырган көлөмдүү баяндама жарыяланды. Документте эски совет аймагынан президенттер Путин, Порошенко, Алиев, Назарбаевдин ысымдары аталган.

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбор (OCCRP), Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) даярдаган көлөмдүү жана документалдуу баяндама жекшемби күнү кечинде бир нече өлкөдөгү маалымат каражаттарында, интернет сайттарда бир нече тилде жарыяланды.

“Панама документтери” деп аталган бул долбоорду баяндамачылар “Панама гейт” деп дагы аташууда. Анткени документтер негизинен Панаманын офшордук кызмат көрсөткөн Mossack Fonseca компаниясынын маалыматтар базасынан алынган. Буга чейин жашыруун сакталып келген маалыматтар алгач анонимдүү булак аркылуу Германиянын Suddeutsche Zeitung гезитине түшүп, ал маалыматты баяндама авторлору менен бөлүшкөн.

Баяндама авторлорунун жазганына караганда, офшордук компаниялар жана алар аркылуу ишке ашырылган бизнес операциялар эгер мыйзамды урматтаган жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлсө маселе жок. Бирок офшордо компания каттоого катышкандар, анын ичинде банктар алардын кардарлары мыйзамсыз иштерге, салыктан качууга, коррупцияга тиешеси бар-жогун тактоого умтулушпайт.

Путиндин жакындарынын эки миллиарды

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбор (OCCRP) жана Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму даярдаган баяндаманын чоң бөлүгү орусиялык саясатчылардын, чиновниктеринин жана алардын балдарынын арам акчаны адалдоо ишмердигине арналат.

Документте ырасталгандай, президент Владимир Путинге жакын адамдар “Россия” банкы жана офшордук компаниялар аркылуу жалпы жонунан эки миллиард доллардан ашуун акчаны адалдашкан.

“Россия” банкы президент Путиндин узактан берки досу Юрий Ковальчук тарабынан көзөмөлдөнөт.

Юрий Ковальчук.
Юрий Ковальчук.

Крымдын аннексияланышына байланыштуу АКШ бийлиги бул банкка, президент Путиндин “кассири” деп аталып жүргөн ишкер Ковальчуктун өзүнө каршы да санкция киргизген. Баяндамада көргөзүлгөндөй, Ковальчук жана банкы Орусиянын мамлекет көзөмөлүндөгү ВТБ банкынан бир миллиард долларга жакын күрөөсүз насыя алуу үчүн офшордо катталган Sandalwood деген компанияны колдонушкан. Бул акча кайра Орусиянын өзүнө үстөгү жогорку насыя иретинде кайтып барган, кирешенин бир бөлүгү акырында Швейцариядагы банк эсептерине түшкөн.

Баяндаманын Орусияга тиешелүү бөлүгүнө Путиндин башка достору, петербургдук виолончелист Сергей Ролдугин, ишкер Аркадий Ротенберг, президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун аялы Татьяна Навка, экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаевдин баласы, Коопсуздук кеңеш катчысы Николай Патрушевдин жээни, Москва мээринин орун басары Максим Ликсутов, Псков облусунун губернатору Андрей Турчактын аялы, Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровскинин жана Мамлекеттик Думанын кеминде төрт депутатынын офшордук компанияларга тиешеси бардыгы көргөзүлгөн.

Сергей Ролдугин.
Сергей Ролдугин.

Баяндама авторлорунун жазганына караганда, алар Кремлден комментарий алууну көздөшкөн, бирок алардын өтүнүчү четке кагылган. Анткен менен өткөн аптада президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков чет элдик кабарчылар Путинге каршы “маалымат чабуулун” даярдап жатат, парламенттик шайлоо алдында өлкөнү “чайкоо” аракети көрүлүүдө деп билдирген болчу. Песков 3-апрель күнү да журналисттер менен маегинде жарыяланган баяндамада Путинге байланыштуу "жаңы же конкреттүү эч нерсе жок, максат -кырдаалды чайкоо, бутага Путин, Орусия, биздин өлкө, биздин стабилдүүлүк алынууда",- деп белгиледи.

Порошенконун офшорго көчкөн компаниясы

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) жана Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму даярдаган баяндамада украин президенти Петро Порошенко мамлекет башчылыкка келер алдында өзүнүн Roshen компаниясын – Украинадагы эң ири кондитер бизнесин сатууну убада кылганы менен компаниясын офшордо кайра каттатканын көргөзгөн документтер да бар.

Президент Порошенко жеке өзү ээлик кылган Prime Asset Partners Limited холдинг компаниясы Британиялык Виргин аралдарында 2014-жылы август айында катталган.

Баяндама авторлорунун пикиринде, украин лидеринин аракеттери кеминде эле эки шарттан: ал жаңы компанияны президент кызматында туруп ачканын жана бул активин өзүнүн 2014-жылдагы каржы декларациясында көргөзбөгөнүнөн улам мыйзамга каршы келиши мүмкүн.

"Roshen" шоколады
"Roshen" шоколады

“Бул окуянын ачуу ирониясы “президенттин офшору” жөнүндөгү жаңылык украин өкмөтү “салык гавандары” колдонулушуна каршы активдүү күрөшүп жаткан кезде пайда болгонунда. Алар аркылуу бир эл аралык уюмдун эсебинде, өлкө жылына 11,6 миллиард доллар кирешени албай калат. “Президент Порошенко да офшордук компания түзүү менен ал Украинада төлөшү керек болгон миллиондогон доллар салыкты үнөмдөп калышы мүмкүн”,- деп айтылат баяндамада.

Украин президентинин каржы боюнча консультанттары офшордук компания түзүлүшүн Roshen корпорациясына чет өлкөлүк сатып алуучуларда кызыктыруу аргасы деп түшүндүрүшүп, ал эми компанияны сатуу иши потенциалдуу инвесторлордун Украинадагы “туруктуу эмес саясий жана экономикалык абалдан кооптонуусунан улам ишке ашпаганы менен" түшүндүрүшкөн.

Порошенко өзү 3-апрель күнү Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу ал президент болгондон бери активдери консалтинг жана юридикалык компаниялар тарабынан башкарылып жатканын, кирешени декларациялоо, салык төлөө жана кызыкчылыктар кагылышы өңдүү маселелерге ал "абдан олуттуу" көңүл бурарын, баары Украинанын жана эл аралык мыйзамдарга шайкеш келерин жазып чыкты.

Кырк жыл ичиндеги сырдын ачылышы

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбор (OCCRP), Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) даярдаган көлөмдүү баяндамада офшордук компанияларга тикелей жана кыйыр байланышы барлар катары дүйнө өлкөлөрүнүн азыркы жана мурдагы мамлекет башчыларынын 72синин, 100дөн ашуун саясатчынын, футболчу Лионель Месси өңдүү белгилүү адамдардын ысымдары аталган.

"Mossack Fonseca" компаниясынын 40 жылдан берки маалыматтык базасы шардана болду.
"Mossack Fonseca" компаниясынын 40 жылдан берки маалыматтык базасы шардана болду.

Жалпысынан Панаманын Mossack Fonseca компаниясы 1977-2015-жылдардын аралыгында каттаган 210 миңден ашуун компаниянын ээлери ачыкталып отурат. Эски совет аймагынын мамлекет башчыларынан казак президент Нурсултан Назарбаевдин ысымы жээн небереси Нурали Алиевдин, азери президенти Илхам Алиевдин ысымы кыздарынын офшордук компанияларына байланыштуу аталган.

Mossack Fonseca анын маалыматтык базасынын жарыяланып кетишин “кылмыш” деп атады. “Конфиденциалдуулук адамдын фундаменталдык укугу, азыркы дүйнөдө бул жок болуп баратат”,- деп айтылат компаниянын негиздөөчүсү Рамон Фонсекинин билдирүүсүндө. Өз кезегинде Панаманын бийликтери офшордук схемалар боюнча кандай тергөө болбосун кызматташууга даярдыгын ырасташты.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG