Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:33

Эки жылдан ашуун убактан бери неберелерим бала бакчага барышат. Эртең менен турмай, жөнөп кеткенге чейинки таарыныч-урунучту айтпай эле коёюн. Иши кылып, эрте жөнөп кеткен кичикийлер кужурашып кечинде кайра үйгө келишет.

“Жүр, экинчи кабаттан орусча сүйлөшөбүз”

Башында бакчага чейин жалаң кыргызча сүйлөгөн тентектерим жарым жылга жакын убакыттан кийин өз ара кужулдашып орусча сүйлөй баштабаспы. Чынын айтайын, алардын башка тилде сүйлөй баштаганына башында анча маани деле берген эмесмин. Байкап турсам, бала бакчанын тили болбой эле менин жалаң кыргызча сүйлөгөн үйүмө жөөлөп кирип баратыр. Бир-эки ирет урушуп, "кыргыз болгондон кийин үйүңдө кыргызча гана сүйлөш керек" деп кабак чытыдым. Ошону менен бул маселе оңуна чечилди го деп көңүлток жүргөн күндөрүмдүн биринде неберем кичинесине “бул жерде атам отурат, жүр, экинчи кабатка чыгып орусча сүйлөшөбүз” деп атпайбы.

Какыс-кукус кылып, болбосо алдап-соолап баланы эне тилинде сүйлөтүү кыйын экен. Анан да биздин өкмөт баш болуп каадалуу жыйындардан түшпөгөн кыргыз тилин жайылтуу аракети минтип башкалаадагы бала бакчадан ары өтө албай турганын эмне дешке болот? Бала бакчага келгенде четке сүрүлгөн кыргыз тили мектеп менен жогорку окуу жайда деле жыргап кетпейт, дайым өз жеринде өгөй. Жыйынтыгында эне тилинде жазганды мындай кой, жакшы сүйлөй албаган, эне тил маселесин жалаң кыргыз тилчилерине гана тийиштүү проблема катары караган кокуйгүн бирөө келип чыгат.

Мына ушул жаамы кыргызды ойлонтчу орчун маселени чечүүнүн жолун бийлик башындагылардан тарта тиешелүү кызматтагылардын баары эле оңуна жылдыруу аракетин көрүп келатышат. Бирок мына чейрек кылымга жакын убактан бери жакшы жыйынтык чыга элек. Чыгышы да күмөн. Мамлекеттин башкалаасына байыр ала албаган тилдин келечеги жок. Мына ушул улуттук талылуу маселе көпчүлүк кыргызды ойлонпойт.

Кийинки кездери эгемендиктин алгачкы жылдарындагыдай болуп балдарын кыргыз мектепке окууга бергендер азайып, Бишкек кыргыз тилин өгөйлөгөн шаарга айланып баратат. Эне тили бала бакчада сүйлөнбөсө, мектепте катардагы сабактардын бири катары чала-чарпыт окутулса, каадалуу жыйындардын көбү башка тилде өтсө, андан да башкалаада жашагандардын тили илгерки социализм заманындагыдай “экинчи эне тилге” ооп баратса жагдайды жакшы дешке эч кимдин оозу барбас. Бала бакчага тынбай каттаган неберелерим минтип айтпай-дебей үйүмө орус тилин жетелеп кирип, кужурап өз ара сүйлөшкөндөрүн карап туруп аларды канткенде эне тилине алып келеримди эми ойлонуп отурам. Жашырганда не, алардын орусча сүйлөп калышына биздин арабыздан да айрымдар “колкабыш” кылбаса “экинчи эне тил” өзүн мынчалык ээн-жайкын сезбейт беле деген ойдомун.

Алманияда баркталган тил

Биз Бишкекте өгөйсүнткөн кыргыз тили байыркы тил, баалуу тил экенине маани берип алыскы Алманиянын (Германия) Тюбинген деген университетинде бир топ жылдардан бери немис студенттери аны чындап окуп үйрөнүүдө. Аны менен эле тим болбой алман студенттер жыл сайын тил үйрөнүү үчүн атайын Кыргызстанга келишет. Бул ишке убакт-саатын бөлүп, кадырын салып студенттерди окутуп уйрөтүп келаткан Роланд Харденберг аттуу кыргыз үчүн чындап күйгөн профессор окумуштуу бар. Алман, англис тилинде бир топ эмгектерин жарыялаган ал иним Берлинде иштеп турган чагында үйүндө болуп, иштеген жерин көрүп келген жайым бар. Кыргыз десе бир тууганы келгендей сүйүнгөн ошол Роланддын шакирттери жыл сайын Кыргызстанга келип кыргыз тилин, элибиздин каада-салтын кенен үйрөнүп кетишет.

Студенттердин бири менин айылыма барып бир жыл элет турмушуна көнүп жашап келди, азыр кыргыз тилинде түш жоруйт. Роланд Харденберг өзү бир жыл Жети-Өгүздүн Тосор айылында илимий ишин жүргүзүп, аны ушу тапта шакирттери улантууда. Алыскы Алманиядан келген студенттердин кыргыз тилин кантип үйрөнгөнүн карап туруп кээде ыраазы болуп кетесиң, жанында кагазы менен каламы даяр, сөздүгүн колунан түшүрбөй уккан жаңы сөзүн жазып алып, анын немисче же англисче котормосун таап, кыргыз тилин чын дилден кунт коюп үйрөнүп атышкандарына ыраазы болбой койбойсуң. Былтыр да топ студент биз жакка келип, айрымдары айылга, көбү Бишкекте тил үйрөнүү практикасынан өтүштү.

Бишкекте алар жалаң кыргызча сүйлөгөн үй-бүлөлөргө бөлүнгөнү менен, көчөгө чыкса эле башкача абал, кыргызча сүйлөшкө дилгир алман студент кыргызча сураса орусча жооп бергендер бул жерде толтура. Эми алар орусча билишсе, түйшүк тартып бул жакка келишмек деле эмес. Ошондон алманиялык студенттин бири: “Эмне үчүн кыргыздар кыргыз тилин кадырлашпайт?” деп менден сурап атпайбы.

Бул суроо мени да кыйладан бери түйшөлтүп келатат. Социализм заманында Москванын оозун карап отурчубуз, чечимдин баары ошол жактан кабыл алынчу, эгемендик заманда өз тилибиздин баркына жете албай келатканыбыз үчүн айыпты өзүбүздөн гана издешибиз туура го. Алман студентке биз мурда Орусиянын колониясы болгонубузду, орус мужугу өтүп кеткиче тебетейди алып, башты ийип жүгүнүп турган учурлар болгонун, ошол кулчулук психология социализм доорунда деле калып, кыргыз тили менен маданияты басынтылып келгенин, эми эгемендик тушунда деле көнүп калган адатыбыздан кайта албай келатканыбызды жобурадым. Орус тили расмий тил деп мыйзам кабыл алганыбызды айттым. Кийинки кездери Кыргызстанда жалаң эле орус тили эмес англис тилин да мыкты билүү зарылдыгы чыкканын билдирдим.

Алман студенттер мектепте эле англис тилин мыкты өздөштүрүп, Шекспирди түп нускасында окуш үчүн каникул учурунда Британияга барып жашап келишет экен. Айрымдары дагы башка тилдерди үйрөнүшөт экен. Ошондой жаңы тилдердин катарына кыргыз тили да кошулуп жатпайбы. Алыстан ат арытып, узак жолдун чыгымына кайыл болуп жалаң тил үйрөнүшкө келген студенттерди таң калтырган көрүнүш Бишкектен эле башталат. Непадам сиз Алманияга барып ал жердеги бирөөгө немисче кайрылсаңыз ал сизге англисче же французча жооп бербейт. Бишкекте кыргызча суроого орусча жооп бериштин эч кандай эрен-төрөнү жок, тескерисинче этият кыргызча сүйлөгөн чет элдиктин алдында шаардык маданиятка жетишкен кыргыздын кыйындыгын көрсөтүү дымагы башбактап турат.

Негедир четтен келген сезимтал жаштардын көбү тез эле кыргызча сүйлөгөнгө жетишип, айрымдары комуз чертүүнү үйрөнүп атышпайбы. Бишкекте кыргыз үй-бүлөдө тарбияланган улан-кыздардын эмнеликтен эне тилинен чоочун калышынын себеп-жөнүн сыртынан боолгоп билчүмүн. Бирок да андай коркунуч менин өзүмө келерин, иштин баары бала бакчадан башталарына негедир маани бербепмин.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG