Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Улуттук китепканада 1916-жылкы көтөрүлүшкө арналган көргөзмө ачылат


Боом капчыгайында Улуу Үркүндүн шейиттерин эскерүүгө катышкандардын тобу. 01.8.2015.
Боом капчыгайында Улуу Үркүндүн шейиттерин эскерүүгө катышкандардын тобу. 01.8.2015.

Баш оона (август) айынын 4үндө саат 10:00до А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшкө жана андан кийин башталган Улуу Үркүнгө арналган китеп көргөзмөсүнүн бет ачар аземи болот.

“Тарых жана маданият жылыныны” орчун окуяларынын бири – Борбордук Азияда жана анын ичинде Кыргызстанда 1916-жылы болгон падышалык Орусияга каршы ири улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгы.

Бул мааракеге байланыштуу ар кыл китептер, журналдык жана гезиттик макалалар, сүрөттөр Улуттук китепкананын атайын китеп көргөзмөсүнө топтолду.

2008-жылы Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомго ылайык, ар жылдын баш оона (август) айынын алгачкы жума күнү 1916-жылкы көтөрүлүштүн баатырларын жана Улуу Үркүндөгү курмандыктарды эскерүү күнү өткөрүлүүгө тийиш. Быйыл августтун (баш оонанын) 5ине туш келген бул эскерүү күнү Кыргыз бийлиги менен коомчулуктун өкүлдөрү атайын тынч автожүрүш уюштуруу аркылуу бир нече жерде эскерүү чараларын өткөрмөкчү. Бул жайлар Улуу Үркүндүн багытына ылайык тандалган.

Кыргызстан – 1916-жылкы окуялар расмий түрдө эскерилип жаткан Борбордук Азиядагы жалгыз пост-советтик мамлекет. Бул мааракеге байланыштуу бир нече президенттик жарлык жана өкмөттүк чечимдер кабыл алынган. Кыргыз оппозициясы да былтыртан бери бул мааракеге арнап өз алдынча коомдук жыйындар өткөргөн.

"Азаттык" үналгысы да бул окуялардын 100 жылдыгына арнап атайын баракча уюштурду.

TT.

XS
SM
MD
LG