Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Кырсыктан набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө өкмөт 70 миң сомдон берет


Набыт болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнаты.
Набыт болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнаты.

Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 17-январда кол койду. Жардам бир жолу берилет. Ал эми 1-вице-премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев учак кырсыгында набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө президенттик фонддон 100 миң сомдон берилерин маалымдаган.

Жогорку Кеңештин спикери да өзүнүн фондунан кырсыктан набыт кеткендердин үй-бүлөлөрүнө 80 миң сомдон берилерин төраганын басма сөз кызматы маалымдады.

16-январда жүк ташуучу “Боинг 747” учагы Манас аба майданына жакын Дача айылына кулап, андан 38 киши набыт болгон. Анын 34ү Кыргызстандын жарандары, калгандары учкучтар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG