Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Мухаммед Ху Чжэнхуа агайдын ысык наны


Профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа Жусуп Баласагын атындагы КУУда. 2003.
Профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа Жусуп Баласагын атындагы КУУда. 2003.

Бүгүн, 09.1.2016, кытайлык белгилүү кыргыз таануучу Мухаммед Ху Чжэнхуа 85 жашка чыкты. Анын кыргыз таануудагы илимий салымдары жана бейнеси тууралуу Т.Чоротегиндин блогун сунуштайбыз.

Кытайлык чыгаан кыргыз таануучулардын бири

«Манас» дастанындагы Алмамбеттин бейнеси – кылымдар карыткан тарыхта кыргыз элинин руханий асыл-нарктарын жана маданиятын сүйүп кабыл алган, теги башка этностон болгон нечен миңдеген инсандардын жалпылама бейнеси десек жаңылышпаспыз.

Азыркынын Алмамбеттерине археолог Юлий Худяков, этнограф Саул Абрамзон, музыка таануучу Виктор Виноградов, сүрөтчү Теодор Герцен, дастан таануучулар Карл Райхл мырза, Лаң Йиң айым, этнограф Гундула Салк айым сыяктуу теги, дини, жынысы ар кыл чыгаан инсандарды кошсок болот.

Профессор Ху Чжэнхуа. Бээжин. 22.10.2015.
Профессор Ху Чжэнхуа. Бээжин. 22.10.2015.

Ошол инсандардын алдыңкы сабында тургандардын бири - кытайлык заманбап түрколог, кыргыз таануучу, манас таануучу, профессор, “Манас” орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги Мухаммед Ху Чжэнхуа (ханзуча: 胡振华; англисче: Muhammed Hu Zhenhua) мырза.

Үчтүн айынын (январдын) 9унда 85 жашка чыккан агай (аны кытайлык кыргыздар «Ху Лаоши» («Устатыбыз Ху») деп урматтап аташат.

Кыскача өмүр таржымакалынан

Мухаммед Ху Чжэнхуанын этностук теги - кытайлык мусулман (дунган, б.а. «хуэй»). Ал 1931-жылы үчтүн айынын (январдын) 9унда Кытайдын Шандуң вилайетинин Чиңдав шаарында темир жол жумушчусунун үй-бүлөсүндө дүйнөгө келген.

Ал Кытай социалисттик өлкөгө айланаардан мурда, 1949-жылы июлда, жигит чагында, коммунисттик ыңкылапчыл иш-аракеттерге да катышкан.

Профессор Ху Чжэнхуа жубайы Фатима менен. 22.10.2015.
Профессор Ху Чжэнхуа жубайы Фатима менен. 22.10.2015.

1948-жылдан 1953-жылга чейин Нанжиң чыгыш тилдер мектебинде арап тилин, Шандуң университетинде орус тилин, Бэжиндеги Борбордук улуттар институтунда уйгур тилин үйрөнгөн.

1953-жылы окууну бүтүрүп, Бээжиндеги Борбордук улуттар институтунда окутуучу болуп калган.

Ал тил теориясы жана улуттук адабиятты изилдөө көйгөйлөрү менен алектене баштаган.

Кыргыз таануудагы салымдары

1953-жылдан баштап Мухаммед Ху Чжэнхуа Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк-түштүгүндөгү кыргыз айылдарын аралап, кытайлык кыргыз тилин жеринен үйрөнгөн.

Мунун аркасында Мухаммед Ху Чжэнхуа кытайлык кыргыздардын тили, фольклору, дастандары жана тарыхына байланыштуу көптөгөн фольклордук материалдарды жыйнаган.

Профессор Ху Чжэнхуа кыргыз элинин «Манас» жана башка дастандары, маданияты, салттары жана кыргыз тили жаатында тынымсыз иликтөө жүргүзүп келет.

Ал кытайлык кыргыздардын даңазалуу манасчысы Жусуп Мамайды кытай элине жана дүйнөгө таанытууга зор салым кошкон.

Ху Чжэнхуанын «Кыргыздардын баатырдык эпосу "Манас"» («Элдик адабият», 1962-жыл, 5-сан) аттуу илимий макаласы жарык көргөн чакта кытайлык кыргыздардын арасында ханзу тилин мыкты билип, бүткүл кытайлык деңгээлде илимий эмгек жаратып калган илимпоздор жокко эссе болчу.

Айтылуу «маданий ыңкылап» Кытайдагы кыргыз таануу илимин убактылуу үзгүлтүккө учураткан. Бул «кара булут» биротоло артка чегинген соң, Мухаммед Ху Чжэнхуа кыргыз таануу, манас таануу тармактарында кайрадан шымалана киришкен.

Анын «маданий ыңкылаптан» кийинки доордогу «Жүсүп Мамай жана "Манас"» («Жуңго курулушу», (араб арибинде). - 1979-жыл, 10-сан), «Баалуу адабият мурасы - "Манас"» («Эл гезити», 1984-жыл, 21-февралдагы саны), «Кыргыздардын баатырдык эпосу "Манас"» («Энциклопедиялык билим», 1987-жыл, 12-сан), «Чет элдерде "Манас" эпосунун изилденүү абалы» («Аз сандуу улуттардын көркөм өнөрү», 1982-жылкы басылышы), «Шинжаң кыргыздарынын "Манас" эпосу жөнүндө баян» (француз тилиндеги «Түркология» журналы, 1984-жыл, 21-саны), «Чет элдердеги манасчыларды тааныштыруу» («Улуттук адабият изилдөөсү», 1986-жыл, 3-сан) ж. б. макалалары«Ху Лаошинин» илимий багыты кыргыз таануу жана манас таануу экенин айгинелеп турат.

Профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа, андан сырткары, Түндүк Кытайдагы тарыхый Манчжурия аймагында байырлаган кыргыздардын (Хэйлуңжаң вилайетинин Фу-Йү үйөзүндөгү кыргыздардын) тили жана этнографиясы менен байланыштуу илимий эмгектер жарыялаган.

Профессор Ху Чжэнхуа, жапон профессору Такао Нишиваки, Ху Чжэнхуанын жубайы Фатима жана немис профессору Карл Райхл (оңдо). Бээжин. 22.10.2015.
Профессор Ху Чжэнхуа, жапон профессору Такао Нишиваки, Ху Чжэнхуанын жубайы Фатима жана немис профессору Карл Райхл (оңдо). Бээжин. 22.10.2015.

​Профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа кытайлык кыргыздардын Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак кызы, Ысакбек Бейшенбек сыяктуу заманбап илимпоздоруна устаттык кеп-кеңештерин берип келет. Азыркы тапта да ал, ардагер болгондугуна карабастан, Бээжиндеги Борбордук Улуттар университетинде кыргыз тили жаатында дарстар окуп, аспирант, докторанттарга баалуу кеңешин берип келет.

Ал өзүнүн теги – дунгандар менен байланыштуу да өзгөчө баалуу эмгектер жазган. Анын илимий жоромолуна караганда, азыркы кытайлык мусулмандардын «хуэй» этносу Тан сулалесинин доорунда Батыш Азиядан Кытайга келген мусулман арап, перс өкүлдөрүнүн жана Чыңгыз хандын жортуулдары доорундагы мусулман түрктөрдүн өкүлдөрүнүн ханзуларга жуурулушуусунун негизинде орто кылымдарда келип чыккан.

1993-жылы анын калеминен жаралган «Кытайлык хуэй улуту» деген илимий китеп жарык көрүп, илимий чөйрөдө жогору бааланган.

Демек, бир эле учурда аны кытайлык чыгаан дунган таануучу деп атасак да жарашат.

Ху Чжэнхуа жана Кыргызстан

Профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа эгемен Кыргызстанга бир нече ирет келип кеткен.

Эсимде, кыргыздардын экинчи дүйнөлүк курултайына ал фу-йү кыргыздарынын коомдук уюмунун жолбашчысы Ву Жанжу менен чогуу келип, Чолпон-Атада болуп, төбөсү көккө жеткендей сүйүнүп жүргөн. Университеттерде студенттер жана илимпоздор жамааттары менен жолугушкан.

Немис профессору Карл Райхл (оңдо), Ху Чжэнхуанын жубайы Фатима жана Т. Чоротегин. 22.10.2015.
Немис профессору Карл Райхл (оңдо), Ху Чжэнхуанын жубайы Фатима жана Т. Чоротегин. 22.10.2015.

Ага Кыргызстандын бийлиги тарабынан үчүнчү даражадагы “Манас” ордени тапшырылган (2002), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан «ардактуу академиги» наамы ыйгарылган.

Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ардактуу профессору наамын алган (2003).

Кыргызстан дунган таануу жамаатынын сыйлыгын да алган (2011).

Кыргызстандын таанымал уул-кыздары Бээжинге барган чагында Мухаммед Ху Чжэнхуанын үйүндө болуп, ага ар дайым учурашып кетип жүрүшөт.

Ху Лаошинин ысык наны

Былтыр (2015-жылы, кой жылы) тогуздун айынын (октябрдын) соңунда туз-насип буюруп, ушул саптардын ээси да Бээжиндеги түркологиялык эл аралык илимий жыйынга катышты.

Ара-чолодо биз (немис профессору Карл Райхл, жапон профессору Такао Нишиваки, кытайлык кыргыз илимпозу Ысакбек Бейшенбек болуп) Мухаммед Ху Чжэнхуанын үйүнө бардык.

Немис профессору Карл Райхл, кытайлык кыргыз илимпозу Ысакбек Бейшенбек жана Т. Чоротегин Ху Чжэнхуанын үйүндө. 22.10.2015.
Немис профессору Карл Райхл, кытайлык кыргыз илимпозу Ысакбек Бейшенбек жана Т. Чоротегин Ху Чжэнхуанын үйүндө. 22.10.2015.

Байбичеси Фатима өтө мээримдүү жана жайдары апа экен. Чай ичип, улам бир кызыктуу темага өтүп, баарлашып жаттык.

Мухаммед Ху Чжэнхуа бир нече тилди мыкты билээрине өз көзүм менен күбө болдум. Кыргызча, жапончо, кытайча, орусча, англисче сүйлөй калып жатты.

Төрдө мурдагы президент Роза Отунбаева жана кыргызстандык окумуштуулар менен түшкөн сүрөттөрүн, кыргыз картасын сыйлуу жерге илип коюптур.

Карыя кыргыз таануучу агай баарлашуу маалында Кыргызстандын азыркы жетекчилигине, ошондой эле Роза Исак кызы эжеге, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевге жана башка алатоолук окумуштууларга дубай саламын жолдоду.

Бөлмөлөрүндө манас таануу, кыргыз таануу, түркология жана дунган таануу боюнча китептер шыкалып жыйылып турат.

Биз шашып жатканыбызды, айрымдарыбыз аба майданына кетээрин айтып, жолго чыкканыбызда, Мухаммед агай такси аялдамасына чейин ээрчип келди да, ой-боюбузга койбой, аялдамага жакын жердеги мусулман наавайканасынан ар бирибизге ысык нан сатып берди.

Дароо көңүлүмө кыргыздын «нан ооз тийүү» салты кылт эте түштү.

Балким, Ху Лаоши сыйлуу конокторуна кыргыздын салтын көрсөткөндүр, же чыгыш элдеринин орток меймандостук салтынын бир ырасымын аткаргандыр, «кийинчерээк тактап сурап алаармын» деген ой менен жолумду уланттым.

Берки коноктор да маашырланып, профессор Ху Чжэнхуага ыраазы болушканын бири-бирине айтып жатышты.

Буюрса, быйыл, мечин жылы, Кыргызстанда Мухаммед Ху Чжэнхуанын 85 жылдыгына арналган илимий жыйын расмий түрдө өткөрүлмөкчү. Мухаммед агай өзү да келип, Бишкектин наавайчыларынын ысык нанынан ооз тийет ко деп үмүт кылабыз.

Сырт жакта да дастандагы Алмамбеттин кызматын өтөгөн, кыргыз-кытай мамлекеттерине данакер көпүрө болгон профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа мырзадай аксакалдарыбыз бар экендиги тууралуу ой ар дайым жүрөк жылытып келет.

Бар болуңуз, 110го чыгыңыз, урматтуу Мухаммед Ху Чжэнхуа агай!

XS
SM
MD
LG