Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Британ парламенти премьер-министр Д.Кэмерондун шаштысын кетирди


Британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон
Британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон

Британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон телефон жаңжалы боюнча кечээ парламентте суроолорго жооп берди.

20-июлда Дэвид Кэмерон Улуу Британиянын парламентинин атайын отурумунда тымызын телефон тыңшоо чатагы боюнча суроолорго жооп берип жатып, бул чатак массалык маалымат каражаттарына, саясатчыларга жана полицияга болгон ишенимдин азайышына алып келгенин билдирди.

Бирок премьер-министр белгилегендей, британиялыктар саясатчылардан бул ишти тезирээк иликтеп, маанилүүрөөк башка маселелелерге көңүл бураарын күтүшүүдө. Алар: жумушсуздук, иммиграция көйгөйлөрү жана жарандардын социалдык абалы.

Отурумга катышуу максатында премьер-министр Африкага сапарын кыскартып, кайтып келди. Оппозициялык лейбористтер партиясынын лидери Эд Милибэнд өкмөт башчыны “News of the World” гезитинин адамдын жеке турмушуна киришүүсү боюнча кайдигер мамиле жасады деп айыптады.

Парламентте Кэмеронго негизги суроо анын жаңжалдуу “News of the World” гезитинин мурдагы редактору Энди Коулсонду маалымат катчы кызматына алгандыгы жөнүндө болду.

Ал 2007-жылы Улуу Британия канышасынын үй-бүлөсүнүн телефон байланыштарын тыңшады деген дооматтан кийин кызматынан четтеген, бирок кийин аны Кэмерон маалымат катчы катары жумушка алган.

Бул айыптоолорго жооп берип жатып, премьер-министр эгерде Коулсондун алдаганы билинсе, кечирим сураарын айтты.

Кэмерон Коулсонду "күнөөлүү эмесмин жана кабардар эмес элем" деп ишендирген соң кызматка алганын дагы бир жолу кайталады.

- Азыр артыма кылчайып туруп, Энди Коулсонго жумуш бермек эмесмин. Бирок биз чечимдерди келечектен артка кылчайып туруп кабыл албайбыз да, биз учур чакта кабыл алабыз. Ар бир адам өз катасынан сабак алат. Мага ишенгиле, мен сабак алдым, - деди Кэмерон.

Коулсон бул айдын башында “News of the World” гезитинин журналисттеринин телефондорду тыңшаганын билген деген шек менен камалган.


Руперт Мөрдокту “чөгөлөткөн” күн

x
Руперт Мөрдокту “чөгөлөткөн” күн
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00
Түз линк
19-июлда парламенттик комиссияда суроолорго “News Corporation” компаниясынын башчысы Руперт Мөрдок, уулу Жеймс жана “News of the World” гезитинин мурдагы баш редактору Ребека Брукс жооп беришти.

Руперт Мөрдок жаңжал үчүн кечирим сурап, бирок кызматтан кетпей тургандыгын билдирди.


Телефон байланыштарын мыйзамсыз тыңшоодон 4 миң киши жабыр тарткандыгы кабарланууда.

80 жаштагы медиа магнат Руперт Мөрдок бул күн ал үчүн тагдырындагы өзгөчө намыска тийген күн болгонун айтты.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG