Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Литва: парламенттик шайлоодо оппозиция жеңди


Литвадагы шайлоо.
Литвадагы шайлоо.

Литванын оппозициялык "Дыйкандар жана жашылдар" партиясы 23-октябрда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында утуп чыкканын жарыялады. Соңку маалыматтар боюнча, бюллетендердин дээрлик баары эсептелип бүттү. Анын жыйынтыгы боюнча, аталган партия 141 орундуу мыйзам чыгаруу органынан 54 орун алганы кабарланууда. Муну менен оппозицияга парламентте чоң фракция түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми оппозициялык консервативдүү «Мекен бирлиги» 31, кызматтан кетип жаткан премьер-министр Альгирдас Буткявичюстун Социал-демократтар партиясы 17 мандатка ээ болгон.

XS
SM
MD
LG