Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Муфтият кумсалар тууралуу фатва чыгарды


Кыргызстандын муфтияты кумсаларга байланыштуу түшүндүрмөсүн (фатва) жарыялады. Анда бир жыныстагы адамдардын сексуалдык байланышта болуусу өтө чоң күнөө болуп эсептелээри эскертилет.

Кыргызстанда динчилдер эле эмес калктын басымдуу бөлүгү кумсаларга карата сын көз карашта. Андыктан укук коргоочулар адаттан тыш сексуалдык багыттагы жарандардын укуктары ар тараптан бузулуп, алар элдин кодулоосуна тушугуп жатканын айтып келишет.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өз билдирүүсүндө, адаттан тыш сексуалдык багыттагы адамдар коомго өтө чоң зыянын тийгизип, улуттун баалуулугун жоготуу коркунучунда деп белгилеген. "Ислам бир жыныстагы адамдардын жакын ымалада болуп, сүйүү ышкысына батуусуна тыюу салат" деген негизде муфтият кумсаларга карата фатва чыгарды. Анда эркек менен эркектин же аял менен аялдын жыныстык байланышта болуусу өтө чоң күнөө экени эскертилген. Дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай Шергазиевдин айтымында, бир катар адамдардын кайрылуусунан кийин бул маселе исламда кандай караларын чечмелеген чечим чыгарды.

- Акыл менен ойлоп көргөндө дагы негизи адамдын табиятына туура келбегендиктен бул нерсеге шариятта, мусулманчылыкта жол берилбейт. Арам деп эсептелинет. Чет мамлекетте укук деп, анын артынан келип алып өзүбүздүн таза кандуу элибизди булар менен бузуп албашыбыз керек.

Муфтият Кыргызстанда 1998-жылы Кылмыш-жаза кодексинен бир жыныстагы адамдардын катнашы боюнча жаза алынып салынганын белгилеп, лесбиянка, гей, бисексуал, транссексуалдардын (ЛГБТ) укугун коргогон эл аралык уюмдардын ишин мыйзам чегинде карап коюуну өтүнүп, Жогорку Кеңешке жана мамлекеттик органдарга кайрылган.

Ошол эле учурда укук коргоочулар лесбиянка, гей, бисексуал, транссексуалдардын укугу милиция тарабынан бузулуп жатканы тууралуу муфтият бир ооз сөз айтпаганына нааразы болушууда. Бул тууралуу Сумсарбек Мамыралиевдин пикири төмөндөгүдөй:

- Биринчиден, муфтият белгилегендей адаттан тыш сексуалдык багыттагы жарандар коомчулукка конкреттүү кандай коркунуч алып келип атат деп сурагым келет. Ошондой эле улуттун баалуулугу деген эмне? Өкүнүчтүүсү, муфтият адаттан тыш сексуалдык багыттагы жарандарды коркутуп, моралдык, физикалык, психикалык жактан кордоп жатканы тууралуу эч нерсе айткан эмес. Сексуалдык азчылыктар - биздин досторубуз, тууганыбыз, эже-карындашыбыз, кадимкидей салык төлөп иштеп жаткан Кыргызстандын жарандары. Кыргызстанда мыйзам жагынан да, Конституция жагынан да, мамлекет жагынан да эч корголбогондуктан алар ачыкка чыга албайт. Андай болгон соң алардын саны канча экенин айтуу да кыйын.

- Кыргызстанда бир жыныстуу адамдардын чогуу жашагандары барбы?

- Болсо керек деп ишенем. Эгер ошондойлор болсо кубанычта болмокмун.

Кыргызстанда диний көз караштагы эле эмес калктын басымдуу бөлүгү кумсаларга карата сын көз карашта. Катуу өгөйлөө көрүнүшү да бар. Ошол себептүү дагы Кыргызстанда бир жыныстуу түгөйлөр үчүн эркиндик жок. Алар өз чөйрөсүндө коомчулуктун көзүнөн тыш тиричилик өткөрүшөт. Жадагалса жакындарына, досторуна, ата-энесине да сырын айтпай жүргөндөрү арбын. Өздөрүнүн өзгөчөлүгүн ачык айтып чыккандары чанда кездешет. Мисалы Дастан уруксат болсо эркек менен үй-бүлө курууга даяр экенин “Азаттыктын” берүүлөрүнүн биринде айткан эле.

- Сен өз укутарыңды башкалардай пайдалана албайсың. Мисалы, өз пикириңди ачык айтып, үй-бүлө курбайсың. Бул эң жөнөкөй, баарына тиешелүү укуктар. Биз атайын укуктар жөнүндө айткан жокпуз.

Кечээ адам укугун коргогон "Хьюман Райтс Уотч" эл аралык уюму Кыргызстанда милициянын зордук-зомбулугуна кабылган кумсалардын укугун коргоо үчүн көз каранды эмес орган түзүлүшү керектигин айтып чыккан. Аталган уюм Кыргызстандын төрт шаарын кыдырып, 40 кумсанын пикирин сураганда, алардын баары милиция кызматкерлеринин кордугуна кабылып жашап келатканын айтышкан.

Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаевдин айтымында, аларга кумсалардан арыз түшкөн эмес. Эгер арыз болсо алардын укугун коргоого даяр экенин билдирди:

- Кыргызстандын акыйкатчысы өлкөдөгү бардык атуулдардын институту, бардыгы менен иштеши керек деп жазылган. Ошондуктан Кыргызстандын ар бир жараны укугу бузулганы тууралуу коомчулукка айтып, тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

Дүйнөдө кумсаларга карата көз караш, мамиле бир беткей эмес. Айрым мамлекеттер адам укуктарына таянып бир жыныстуу адамдардын баш кошуусуна уруксат берсе, кээ бир ислам өлкөлөрүндө кумса экени билинген адамдар өлүм жазасына тартылат.

XS
SM
MD
LG