Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Пакистандык “Дали”


Амир Мухаммад Африди
Амир Мухаммад Африди

Пакистанда исламчыл экстремисттер узундан-узун келген мурутун күчкө салып эле кырдыртып салгандан эки жыл өткөндөн кийин, жергиликтүү бизнесмен кайра эле баягысындай мойлоочон бинаа болду. Шариатты өз билгендей талдаган экстремисттерге баш ийбеген бул "сыланкороздун көктүгү" эмнени билдирет?

Келишкен мурутун майлап, кайра мурдагы 30 сантиметр келбетине жеткирген Амир Мухаммад Афридини айрымдар атактуу видео-оюндагы “Супер Марио” же сюрреалисттик сүрөтчүнү эстегендей “Дали” деп коюшат.

Жаагынан өйдө көтөрүлө тээ башына чейин мойлоо өстүргөн Африди 1960-жылдардагы пакистандык белгилүү саясатчынын стилинен таасирленгенин айтат.

Хайбер регионундагы бул ишкер жашаган Бара деген шаарчада исламчыл экстремисттик топ анын мурутун “шариатка жатпайт” деп тапкан. 2008-жылы саратандын табы жүлүн куйкалап турган күндөрдүн биринде өздөрүн “Лашкар-э-Исламдын” мүчөлөрү деген кишилер Афридини үйүнөн уурдап кетишет да, анын 30 сантиметрлүү мурутун кырып салышат.

40 жаштагы Африди ал күндү “эч эстен кеткис кайгылуу күн” деп атады.

"Көктүк"

"Бул окуя бүтүн Хайбер регионун ызалантканы эсимде. Мага канчалаган адамдар чалды. Көпчүлүгү буга аябай капа болуп, мага көңүл айтып жатышты, - дейт ал. - Мен да аябай капа болгом. Анткени өмүрүмдө эч кимге жамандыгым жок адам элем. Мурутум эч кимге зыяны жок, мени өзгөчөлөнтүп турган гана стилим болчу. Менин уруумда баары мойлоомо суктанып, сыймыктанышчу. Анткени Пакистан боюнча эч кимде андай кызыктуу мурут болгон эмес".

Бизнесмен үчүн ушул кайгылуу күндөн кийин ал коңшулаш Пешаварга көчүп кеткен. Кайрадан эле өзүнүн керек-жаракка байланышкан ишин ачып, ар кимге көрүнө бербей, тынч жашап калгандай сезилди.

Мурдагы мурутун кайра өзүндөй калыбына келтирип өстүргөндөн кийин, эми өзүнүн "сахнага" чыга турган учуру келди деп чечти окшойт.

Бирок мурдагы стили ал үчүн кичи мекенинен кечүүгө турганын кайгыруу менен эстейт.

"Ал окуядан кийин мен өзүмдү такыр жоготуп койбой, кайрадан мойлоомду өстүрө баштадым. Бул мен үчүн оңой чечим болбоду. Анткени мурутту кайра өстүрсөм, ошол эле өзүм жакшы көргөн шаарда жашай алмак эмесмин. Бирок өзүмдүн стилимден да баш кече албай койдум. Азыр эми ушунун айынан өз шаарыма кайта албайм", - дейт ишкер.

Афридинин мурут өстүрүүгө кызыгуусу өз учурундагы белгилүү саясатчы Малик Амир Мухаммад Ханды сыналгыдан көргөндө башталган экен.

Кийинчерээк өзүнүн мойлоо аймакта ушунчалык белгилүү болуп кеткендиктен, аны жакшылап майлап-тарап, көркүнө чыгарып туруш үчүн өзүнүн жергиликтүү администрациясынан айына 60 доллардан да алып турганын айтышат. Баса, Африди да өзүнүн уруусундагы лидер болгон.

Исламдын катаал түшүндүрмөсү

Бирок мунун баары - жергиликтүү экстремисттер аталган аймакта исламдын өздөрү билген жана каалаган эрежелерин таңуулай баштаганга чейинки окуялар, албетте.

Пакистандын Хайбер регионунда бир топ сунни мусулмандардын экстремисттик топтору согуша баштаган 2004-жылдан берки зордук-зобунда жүздөгөн адам көз жумду.

Мына ошол согушчан исламчыл топтордун эң эле таасирдүүсү катары белгилүү “Лашкар-э-Ислам” Бара шаарчасындагы элдин турмуш-тиричилигин көзөмөлгө алып турганына да бир топ жыл болуп калды.

Алар аймактагы бүтүн элди шариаттын өздөрү түшүнгөн гана жолунда жашашын каалашат. Ошондуктан канчалаган адамды катуу жазалаганы же жамы журт алдында шерменде кыла мазакташканы белгилүү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG