Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Менин блогум: Чех турмуш


Кыргыз мигранттары Чехиядагы “Алтерра” (Alterra) кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы балдар үйүнө жардам көрсөтүү максатында уюштурган кайрымдуулук кечесине көмөк көрсөтүштү. 2010-жылдын 19-октябры. Прага ш. TCh.

Кыргыз мигранттары Чехиядагы “Алтерра” (Alterra) кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы балдар үйүнө жардам көрсөтүү максатында уюштурган кайрымдуулук кечесине көмөк көрсөтүштү. 2010-жылдын 19-октябры. Прага ш. TCh.

Учурда Чехияда жашаган журналист жана публицист Карамат Токтобаева “Азаттык” үналгысынын кат куржунуна жиберген кезектеги блог.



Күн чыгыш жакты табалбай...


Сен бөлөк элге жат экениңди аэропоттон эле сезесиң. Алгач келгенимде абасы да бозомтук тартып, көзгө комсоо көрүндү.

Журналист жана музыка өнөрпозу Карамат Токтобаева ооз комузда ойноп жаткан кез. Прага, 2008-жылдын 25-марты. JCh.

Мезгил кеч күз болгондуктан Кудайдын куттуу күнү жамгыр жаайт. Такыр күндүн бетин көрө албай койдум.

Келгениме үч күн болгондон кийин кандайдыр бир жумуш табылып калып эртең менен эрте чыгып кеткем.

Кайра кечинде жашаган үйүмдү табалбай калсам болобу.

Чогуу жашаган кыргыз эжеге телефон чалсам «күн чыгыш жакты карап бас» дейт же бир күн чыгышы кайда экенин билсемчи.

Ушундай бир жагы күлкүлүү, бир жагы трагедиялуу окуялар менен коштолгон Чехиядагы жаңы жашоом башталган.

Чехиядагы мигранттар

Бир топ жыл мурун келип калган кыргыздар жакшы эле турукташып калыптыр.

Көпчүлүгү туристтик виза менен келип, андан ары легалдаштыралбай калышса, арасында жумуш визасы менен келгендер деле бар.

Документ проблемасын чечип алсаң эле бааары жайында болот. Менде дагы ушул суроо пайда болду.

Тагдыр экен, алты айдан соң Чехиядан расмий жашаганга мүмкүнчүлүк болуп калды.

Анан Кыргызстандагы туугандардыкында калган уулумду алып келип, туруктуу жашоочуга айландым.

Биз - чоочундарбыз...

Советчил өлкөлөрдүн катарына күч менен киргизилгендерден Чехия гана Батыш Европанын деңгээлинде өнүгө алыптыр.

Ошон үчүн Чыгыштан да, Азиядан, Африкадан да жумушчу күчтөрү агылып кирип турат.

Ошолордун катарында келген саналуу кыргыздар деле чехтер үчүн чоочундарбыз болгону.

«Цизинец» (“чет өлкөлүк”, “чоочун”) деп коюшат чехче. “Чоочундарды” башка тигиндей-мындай деп деле талкууга алышпайт.

Өзгөчө 40 млн ашуун калкы бар Украинадан келгендерге салыштырмалуу биз саналуу элбиз.

Кыргыздар бул өлкөдө ашып кетсе беш жүз чамалуу болушу мүмкүн.

Ошентсе да бири бирибизди таанып колдон келген жардамыбызды берип турганыбызды көргөн башка улуттун өкүлдөрү “ынтымактуу эл болот экенсиңер” деп калышат.

Алган тарбиясы жол бербейби, Чехияда ашынган улутчулдар деле көрүнбөйт.

Кыскасы, мыйзамдын алдында гана башын ийген, “криминал” деген менен көп кабары жок бул өлкөдө жашаган жердештерибиз да көпчүлүк эмигранттар сыяктуу эле буюрган күнүн көрүп жашап келишет.

Эркектер көбүнчө курулушта, аялдар ресторандарда, конок үйлөрдө ж.б. иштешет.


«Клиент» жана «фушка»

Алгач келгенде эле үйрөнгөнүм ушул эки сөз болду.

Биринчиси (“клиент”) - сени жалдап иштетип, тыйыныңды ишкана ээсинен алган соң өзүнө тийешелүүсүн алып, ага да алымсынбаса калган акчаңды да бербей какшатып басып кеткен киши.

Экинчиси (“фушка”) – расмий катталбай аткарылчу (официалдуу эмес) жумуш. Бул расмий катталбаган жумуш, албетте, жанагы документи жоктор үчүн, бир жагы, жакшы дечи.

А бирок жанагындай “клиенттерге” (арачыларга) туш болсоң, көргүлүктү көрөсүң.

Андай “клиенттер” көбүнчө украиналыктар болушат.

Өзгөчө бирөөнүн эмгегин жеп, жедеп көнүп калган “клиенттерге” бир гана өздөрүндөй жооп кылбасаң, убал-сооп дегенди уруп коюшпайт...

Алгач келгенде Сергей аттуу ошондой аферистке жолукканыбыз, анан да бир күнү баарыбыз чогулуп келип, тигинин машинесин өрттөйбүз деп коркутканыбыз, жүрөгү түшкөн тигил жанындагы болгон акчасын таратып бергени эсимде.

Эмне үчүн экени түшүнүксүз, “фушка тобуна”, же “көмүскө бригадага” (“көмүскө топко”) кошулуп иштөө ушул Чехияда гана бар экен. Менимче...


Шампунь уурдаган украиналык аял...

Праганын чет жагында ар кандай кампалар (складдар) бар.

Дүкөндөргө өткөрүлчү буюм-тайым, тамак-ашты кутулоо (упаковка), оюнчуктарга жарлык (этикетка) жабыштыруу, йогурт жана башка азыктарга ар кандай утуш (розыгрыш) кагазын чаптоо, шоколад салынган капкактарды жабуу же китеп-журналдарга реклама барагын чаптоо сыяктуу ар кыл жумуштар ушул кампаларда жасалат.

Мындай жумушту уюштуруучулар мигрант жумушчуларды шаардын чет жагынан таңкы алтыда автобус менен алып кетип, кечинде ошол жерге кайра таштап коюшат.

Өмүрү эртең мененки саат төрттө туруп көрбөгөн жаның автобустан кечикпеш үчүн көзүңдү ачып эле метрого шашыласың.

Аты айтып тургандай жумуш оор деле эмес. Бирок эртеден кечке бутуңда туруп иштегенге көнүүң керек.

Кампага жеткенде бирден чууртуп киргизип, чыгаарда чөнтөк, сумкаңды текшерип анан чыгарат.

Ишенчиликке кирип калгандарды текшербей өткөрүп калат.

Ошондой күндөрдүн биринде эшиктен чыгып баратып босогодо ыйлап отурган украин аялды көрдүм. Ал байкуш эки шампунь кармай чыгам деп колго түшүптүр.

Ошондон кийин жумушка кайрылып келген жок. Бир айлык маянасы бүт жазага (штрафка) чегерилип, жумуштан да айдалганын уктук.

Балким, расмий уруксат менен келип иштегенде администрациялык жаза андан жеңилирээк болмок беле.

Чехиядагы “клиенттердин” кутурганын ушундан бил.

Буттарынын тырмактары түшүп...

Бир квартирада чогуу жашаган Айка (белгилүү себептерден улам каармандардын аттары өзгөртүлдү. - К.Т.) аттуу келин менен жакшы сүйлөшүп калганбыз.

Бир күнү кечинде жумуштан келсем буттарын карап онтоп отуруптур.

Ал байкуш Чехияга түз келбей, коңшулаш Польшага түшүп, андан жашырынып тоо ашып өтүп келгенин айткан эле.

Кыштын чилдесинде кар баскан ашуудан өтүп келүү оңой болмокпу.

Буттарынын шилтенбей калганына карабай бир сутка бою кар малтап келишиптир.

Чет өлкөгө чыгам дегендерди ар кандай виза жасап берип, эптеп эле Бишкектен бозгунга жөнөткөн фирмалар тууралуу бул айым муңкана айтып отурду.

Курбан деген жигит экөөнү бир фирма жасалма документ жасап “жубайлар” катары Польшага «дарылануу үчүн» жибериптир, ал жерде экөөнү Чехиядагы шериктештери тосуп алмак экен.

Аябай кыйналып жүрүп Прагага телефон чалышса, күтө турган киши болгону аларга тоодон кантип ашып түшүү керектигин гана айтып тим болуптур.

Анан да эптеп Прагага келген соң барар жери, таанышы - баягы эле тосуп алуучу болгондуктан, Чехиянын ордо шаарына жеткен соң аргасыз дагы эле ошого кайрылышат.

«Жел кызматы” үчүн тигил «тосуп алуучуга» жанындагы акыркы акчаларын төлөп, анан эптеп табылганына сүйүнүп ушул батирге чыкканын айтты.

Ошондон кийин Айка эки жума баса алган жок.

Көгөргөн тырмактары түшүп, кайра жаңы тырмак өсүп чыккыча буту ооруп, озондоп ыйлаган күндөрдү өткөрдү...

«Эй кеңкелес, качан акча саласың?»

Көпчүлүк кыргыздар көп келчү интернет-кафеге кирип калдым.

Менин аркы жанымдагы кабинадан бакылдаган кыргызча үн угулду.

Кимдир-бирөөгө төгүлүп арызын айтып жатыптыр.

Мен да сүйлөшүп баштасам тиги жигитке тоскоол болуп каларымды билдим да, саал унчукпай күтүп калдым.

«Ошо, мен дагы акча салбай атам, атайы. Билсин, кандай экенин! Бул жакта акча асмандан жаабайт. Жаныбызды оозубузга тиштеп бөлөк эл, бөтөн жерде жүрөбүз.

Анан телефон чалсаң: «Эй чмоо (кеңкелес), качан акча саласың?» дейт. Ден-соолукту да сурап койбостон биринчи айткан сөзү ушул
», - деди күйүп-бышкан тиги жигит.

Айтса айтпаса да, Кыргызстанда калган түгөйү тууралуу баяндап атканы белгилүү болчу.

Андан ары чыдап угууга түтпөй кабинанын эшигин акырын жаптым да, сыртка чыктым...

Атаганат, алыста калып, өз жакыныңдан бир ооз жылуу сөзгө зар кылган ушул заман качан бүтөөр экен?..

Карамат Токтобаева,
Прага шаары.
2011-жылдын 22-февралы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG