Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Мянмардын батышында чукул абал киргизилди


Мянмардын президенти бутпарастар менен мусулмандардын ортосундагы кандуу кагылыш орун алган Рахине штатында чукул абал киргизди. Ал тууралуу Тхеин Сеин жекшембиде сыналгыдан жарыялады. Мамлекеттик маалымат каражаттары жума күнү Рахинедеги кагылышта аз дегенде жети кишинин каны төгүлүп, 17си жараат алгандыгын кабарлады, жүздөгөн үйлөр өрттөндү.

Рахинеде буддизмди карманган бутпарастар басымдуу көпчүлүктү түзөт. Ал эми көп сандаган мусулмандардын ичинен Рохынгя тобунун мүчөлөрүнүн жарандыгы жок. Бириккен улуттар уюму дүйнөдөгү эң куугунтукталган азчылык деп эсептеген Рохынгянын мүчөлөрүн Мянмар өкмөтү чет элдиктер деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG