Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

“Набукко” курулмай болду


Евробиримдик Москванын "суук мүнөзүнөн" кутулгусу келди, 13-июль, 2009
Евробиримдик Москванын "суук мүнөзүнөн" кутулгусу келди, 13-июль, 2009

Евробиримдиктеги төрт мамлекет менен Түркия “Набукко” газ кууру боюнча ишти баштоо жөнүндөгү келишимине кол коюшту. Ал толук ишке кирсе, жаратылыш газы боюнча Европанын Орусияга көзкарандылыгы азаят.

Бүгүн Анкарада Евробиримдик “Набуккону” куруу боюнча орток пикирге келип, “тарыхый келишимге” кол коюуга жетишкенин энергия булагын бөлүштүрүүдөгү ири символикалык кадам катары сыпаттап жатышат. Ал аркылуу Каспий деңизинен, Ирактан жана Жакынкы Чыгыштан жаратылыш газын Түркиянын аймагы аркылуу Австрияга жеткирсе болот.

“Набукко” эч качан Орусияга каршы долбоор болгон эмес...
“Набукко” 2014-жылы ишке кирет деп күтүлүүдө. Ал толук иштей баштаса, 3300 чакырым аралыкка созула турган куур аркылуу жылына 31 млрд.куб метр газды Европага ташып өтө алат. Бул – Евробиримдикке 2020-жылы керектелчү газдын 10% түзөт.

Бүгүн Анкарада келишимге кол коюу учурунда Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Баррозу: “Европа менен Түркиянын энергетикалык коопсуздугу үчүн “Набукко” өзгөчө мааниге ээ. Ал энергияны бир эмес, бир канча булактардан алууну жана аны ишенимдүү тараптардан алып, ишенимдүү транзит менен ишенимдүү колдонуучуларга жеткире алат”, - деп белгиледи.

“Газпромдон” арыраак...

Бул куур Европага жаратылыш газын жиберип турган негизги өлкө – Орусиянын – аймагын айланып өтөт. Ошондуктан “Набукко” кууру тууралуу сөз болгондо, анын саясий өңүтүн да эч эстен чыгарышкан эмес. Соңку жылдары Орусия кычыраган кыштын чилдесинде газ боюнча Украина менен тил табыша албай, анын айынан Европа суукта калып келгени белгилүү. Андыктан азыр европалыктардын көбү Москвага анча ишенбей калды.

Анткен менен Еврокомиссиянын энергия боюнча өкүлү Ферран Тарраделлас “Азаттыкка” сүйлөп жатып, “Набукко” боюнча аракеттер Европа Москвага далысын бурду дегенди билдирбейт деди.

"Набукко" Европага газды түрдүү аймактардан түрдүү жолдор аркылуу алып барат
“Набукко” кошумча жардам гана болот, - деди ал. - Куур аркылуу газ түрдүү булактардан, түрдүү жолдор аркылуу келет. Демек Евробиримдик үчүн тандоо мүмкүнчүлүгү да кеңейет. Бирок бул биз эми Орусия менен иштешпейбиз дегенди түшүндүрбөйт. Тетирисинче, Орусия баары бир Евробиримдиктин газ боюнча негизги өнөктөшү болуп кала бермекчи, жана “Набукко” эч качан Орусияга каршы долбоор болгон эмес”.

Тарраделластын айтымында, Евробиримдик Орусия менен бул жааттагы сүйлөшүүлөрдө өтө ачык болуп келди. Бирок Москвадагы бир топ негизги расмий өкүлдөр “Еврошаркет Орусияны жек көргөндүктөн энергия булактарын көбөйтүүгө аракет кылып жатат” деп эсептешет.

Евробиримдиктин жетекчилиги азыр “Набукко” боюнча иш Москва менен алаканы бузуп койбосун деп аракет кылганы менен, дал ушу Орусия менен Украинанын кыш келээри менен башталчу талаш-тартышынан тажагандыктан башка варианттарды карай башташканын эч ким тана албайт.

Ушундан уламбы, айтор, дүйшөмбүдө келишимге кол коюп жатып, Болгариянын өкмөт-башчысы Сергей Станишев эми “Набукконун” иши тууралуу туура маалымат жеткирүү керектигине токтолду. “Долбоордун мындан аркы өнүгүшүндөгү маанилүү элементтердин бири – “Набукконун” баардык жактарын түшүндүрүп, жакшы байланышты түзүү” , - деди ал.

Кавказ менен Борбор Азия

Азыр эми “Набукко” ишке кирсе, ал аркылуу агылып келчү газ Грециядан тарта Венгрияга чейин, Батыш Балкандагы мамлекеттерге, Польша менен Германияга, Францияга жетээри айтылды. Куур аркылуу ташылчу газдын негизги бөлүгү Түштүк Кавказдан келмекчи.

Азырынча жаратылыш газынын негизги бөлүгү Азербайжандан алынат деп айтылып жатат. Бирок эгер Кавказдан газ болбой кала турган болсо, Ирактан, же Борбор Азиядан алынаары каралган. Азербайжандан кийинки негизги газ берүүчү тарап – Түркмөнстан. Азыр европалыктар Казакстан менен Өзбекстанды да келечекте “Набуккого” газ кошуучу мамлекеттер катары карап жатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG