Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Орусия менен Сирия Алепподо ок атышууну токтотуу тууралуу сунушту четке какты


Алеппо. 7-декабрь, 2016-жыл
Алеппо. 7-декабрь, 2016-жыл

Гуманитардык максатта ок атууну токтотууну козголоңчулар жана батыш өлкөлөрү 7-декабрда сунуштады. Сирия президенти Башар Асад "Ал-Ватан" гезитине 8-декабрда жарыяланган интервьюсунда ал сунушту четке кагып, “Алепподогу жеңиш Сириядагы согушту токтотпойт, бирок ал чоң бурулуш болот” деген. Оппозициялык күчтөр акыркы жумаларда Алепподо көзөмөлдөп турган аймактарын 75-80 пайызын, анын ичинде өзгөчө маанилүү Эски шаарга көзөмөлдү жоготушту. “Америкалыктар жарашууга үндөп жатышат, анткени алардын террорчул агенттери оор абалда калды” деген Асад гезитке берген интервьюсунда. Батыштын алты ири мамлекети гуманитардык максатта ок атууну токтотуп, Алеппо шаарынын тургундарына медициналык, азык-түлүк жардамдарын жеткирүүнү талап кылышкан. Бирок Москва жана Дамаск ок атуу токтош үчүн козголоңчулар шаардан чыгып кетиши керек деп жооп беришүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG