Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Наристе өлүмүнө шектүү келин камалды


Нарында кайын сиңдисинин бир жарым жаштагы баласын сабап өлтүрдү деген шек менен 38 жаштагы төрт балалуу аял камакка алынды.

Чүрпөсүн жоготуп, кан жутуп олтурган Миргүл учурда төркүнүндө. Ал мындан бир ай мурдаарак бир жарым жашар эркек баласын эмчектен чыгаруу үчүн Нарын районунун Учкун айылындагы бир тууган жеңесине таштап кеткен. Жеңесинин да төрт баласы болгондуктан андан эч кам санабай Бишкекте иштеп жүргөндүгүн айтты:

- Баланын болгон кем-карчысын алып берип, карап, эмчектен чыгарып бериңиз деп таштап кеткем. Жеңемди мындайга барат деп үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Балам жоош болчу. Телефондон улам сүйлөшүп, акыбалын сурап турчумун. Эгер мурда кыйынчылык болуп, бага албай жатса, алып эле кетмекмин. Мурда айтпаганына таарынып жатам. Эми тиешелүү органдар териштирип жатат. Ошолор аныкташат.

Окуя 11-февраль күнү болгон, баланын денесин медициналык текшерүүгө 13-февралда алып келишкен. Бул тууралуу Нарын райондук оорукананын башкы дарыгери Сыяпат Сырдыбаева билдирди:

- Чекеси кызарып, томуюп калыптыр. Кийин ал келин милиция сураса моюнуна алып, полду сүздүрүп ургам деп айтыптыр. Денеси бүт көгала.

Кылмышка шектүү келиндин үйү
Кылмышка шектүү келиндин үйү

Кылмышка шектелип жаткан Эрмек аттуу аялдын төрт баласы бар. Күйөөсү мындан жети жыл мурда каза болуп, балдарын өзү чоңойтуп жаткан. Толук бүтпөгөн эки бөлмөлүү жепирейген тамда жашачу. Эрмек камакка алынгандан бери балдары бир тууган кайнисиникинде жашап жатат. "Эгер жеңемдин күнөөсү далилденсе, балдарын багып алууга даярбыз", - дейт анын абысыны Айжан:

- Ошол окуя болгондон бери балдары биздикинде. Биздин үч балабыз бар. Өзүбүздүн балдарыбызга кошуп багып, камкордукка алууга даярбыз. Бизге деле кыйын бир баладан ажырап, калган төрт бала тирүүлөй жетим калганы турат.

Кылмышка шектелген аялдын Болот аттуу кошунасы эми төрт баланын көрөр күнү не болот деп кейиди. Ал кошунасын жеңил ойлуу келин катары сыпаттады:

- Балдарын деле ыйлай-сыктап араң бакчу. Анан тигил кайынсиңдиси деле кызык экен, ишенип таштап кеткен. Азыр балдары кайнисинин үйүндө. Бирок алар менен ата-апалары чогуу турат. Экөө тең арак ичкен кишилер. Мен балдар ал жактан жакшы тарбия алат, алар жакшы багышат деп ишенбейм. Андан көрө балдар үйүнө эле өткөрүп коюшса болмок.

Учкун айылы
Учкун айылы

Учкун айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Алмагүл Бейшенбаева бул келин жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн катарында турганын айтты. Эми анын балдары да мындан кийин биздин көзөмөлүбүздө болот дейт.

- Азыр келиндин айыбы угузула элек. Эгер жасаган кылмышы далилденсе, балдарын биз такай көзөмөлдөп турабыз. Сабагын, кийим-кечесин карайбыз. Азыр ошол келиндин кайниси багам деп жатат. Биз ошого милдеттендиребиз. Эгер бага албаса, балдар үйүнө алууга укугубуз бар.

Бул окуя боюнча Нарын райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.

Кичинекей баласынан ажыраган Миргүлдүн 16 жаштагы дагы бир кызы бар. Ал буга чейин Бишкек шаарында жашап, күйөөсү менен чырлашып жүргөн экен. Баласын болсо убактылуу карап турганга жеңесине таштап, ушул айдын ортосунда алып кетүүнү ойлоп жүргөн.

Кыргызстанда жакындарынан запкы жеп, ооруканага түшкөн балдардын мындай окуясы алгачкы жолу болуп отурган жок.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда өткөн жылы балдарга каршы 800гө жакын кылмыш иши катталып, 500дөн көбү сотко өткөн. Бирок туугандар өз ара сүйлөшүп алгандыктан мындай иштер аягына чыкпай, күнөөлүүлөр жоопко тартылбай келет. Баласын кордогондорду колдоп чыккандарды өткөн жылдын соңундагы маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев да сындаган.

XS
SM
MD
LG