Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

НАСА: Марста жашоого шарт болгон


НАСАнын «Кюриосити» чөлмөгү Марста.3-февраль,2013.
НАСАнын «Кюриосити» чөлмөгү Марста.3-февраль,2013.

Марста илгертен тирүүлүк болгон болушу мүмкүндүгүн АКШнын космос агенттиги өзүнүн ракетасы тапкан материалдарга таянып билдирүүдө.

НАСА агенттигинин окумуштуулары өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын шейшембиде жарыялашты. Мындан жети ай мурда АКШнын «Кюриосити» деп аталган ракетасы Марска конгон эле. Ал эми бир ай мурда жер казгыч бул чөлмөк робот күрөгү менен Кызыл планетанын бетиндеги зоока-ташты талкалап баштаган.

НАСА илимпоздорунун айтымында, «Кюриосити» тапкан материалдардан Марста түрүүлүк үчүн зарыл болгон топурак, сульфат жана башка минералдар бар экендиги аныкталды.

Майкл Майер НАСАнын улук илимпозу:

Жеңилдене дем алгандай болдук. Марска жетээрибиз менен суунун белгилерин таптык, ошондой эле кургап калган байыркы өзөндүн сайын көрдүк. Айтып отурса эми укмуш. Эми ракета-экскаваторубуз конгон жерин дагы казат, анткени бир мезгилдерде бул жерлерде тирүүлүк болгондугунун бардык белгилери бар.

Ал эми НАСАнын дагы бир окумуштуусу Жонн Гроцингер «Жашыл бычак» булуңу деп аталган аймакта бир кездерде суу акканын мындайча баяндады:

Биз суу болгондо тирүүлүккө өтө жагымдуу шарты бар чөйрөнү таптык. Эгер ошол кезде адам баласы Марста болгон болсо, ошол суудан ичкен болушу мүмкүн эле.

Гроценгердин кесиптеши Дейвид Блейк Марста тирүүлүккө шарты бар башка да аймактар болушу мүмкүн дейт:

- Бул тууралуу эмне дейбиз? Менимче, бул жашоого шарт болгондугун биз аныктап, тактаган жалгыз чөйрө. Дагы башка чөйрөлөр болушу мүмкүн, бирок биз аларды таба элекпиз.

НАСАнын маалыматына ылайык, «Кюриосити» чөлмөгү эми май айында «Гейл» деп аталган аскалуу чуңкурдун ташын кайра талкалап, органикалык зат издөөнү улантмакчы.

Буга чейин НАСА Марска жиберген эки ракетанын жардамы менен Марста бир кезде суу болгонун аныктаган. Бирок НАСАнын окумуштуулары ал ирет бир клеткалуу микробдордун өмүр сүрүшү үчүн, Марстагы суу өтө эле кычкыл болгон деп айтышкан.
XS
SM
MD
LG