Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:45

Эркиндикке эзелтен адамзат умтулуп жетпей келген, эми жеттим деп кубанарда кулчулуктун чидерине кайра чалынган. Бирок баары бир эркиндиктин ажайып элестей эргитип, жүрөк толкуткан касиети бар.

Миңдеген жылдар бою киши кишини эзген мителиктен бошонуу үчүн далай ирет көтөрүлүш болгон, алардын көбү канга тумчуктурулуп, дагы канчасы максаттын анык коюлбагандыгынан же үстүрт түшүнүлгөндүгүнөн төңкөрүшчүлөр мурункудан бетер көзкаранды болуп, туюкка кептелген… Алыс барбай өзүбүздүн эле тарыхыбыздын соңку жүз жылдыгындагы окуяларды эстесек, анан азыркы коомдук-саясый кырдаалды талдап көрсөк, сабак болорлук бир топ нерселерди түшүнүп алабыз.

16 жана 91: эгемендиктин баасын билебизби?

«Үркөр, үркөр, үч жылдыз,

Үркүп кайда барасың?»

(Элдик ырдан).

Элибиздин төгүлүп-чачылышы (Үркүн), кырылышы менен аяктаган 1916-жылдагы көтөрүлүштү дагы да тереңирээк иликтеп, жеңилүүнүн себеп-натыйжаларын толугураак түшүнүүгө көп аракет жасашыбыз керек. Жашоо чөйрөсү улам тарып, заманасы куурулган эл дүйнөнү жаңыртуучу революция башталарын билгенде, бир эле жыл чыдап, сабыр кыла турганда, биз сан жагынан эле эмес, жаратман көрөңгө жагынан да азыр алда канча күчтүү, бай эл, балким, зор улут да болот элек… Бирок караламан калайык эмес, «жакшылардын», «билермандардын» деле көбү сабатсыздыктын, наадандыктын айынан көп нерседен кабарсыз калган экен.

Ошол кездеги дагы бир оор өксүк – ички биримдиктин жоктугу. Чыныгы тилектештик аймактар, уруулар арасында эле эмес, бир эле уруктагы байлар менен кедейлер ортосунда да жок болгон. Дал ушул жагдай (өз алдынча бириге албагандык, тышкы күчтөргө каршы туруштук берүүгө кудуретсиздик) кыргыздарды Орусияга кошулууга аргасыз кылган. Бүгүн деле сакталып кала берген бул кемчилигибиз 1991-жылы колго тийген эгемендигибизге шек келтирип, иш жүзүндө башкаларга толугу менен күнкор болуп калуу, ал турсун улут катары жоюлуп кетүү коркунучун туудурууда.

Союз урагандан кийин жетишилген эгемендик эч кандай курмандыксыз, күрөшсүз келди, андыктан мунун түбү бекем болбойт, келечеги жок деген пикирлер айтылып жүрөт. Атүгүл «кан төгүлдү, эми эгемендигинин кадырына жетишет» деп кошуна тажиктерге суктангандар да болду. Бирок рухий эмгек, изденүү, терең аңдап түшүнүү азап-тозогунан өтмөйүнчө дайрадай кан агып, деңиздей тер төгүлгөнү бекер. Тескерисинче, опуртал кадамдан чыккан башаламандыктын арты залим диктатуранын орношуна, ал аркылуу улуттук өз алдынчалыктын жоюлушуна шарт түзөрү тарыхта далай ирет далилденген.

Инсан жана улут

«Менин кол шилтөө эркиндигим сенин мурдуңа жетпей токтошу керек». (Англиялыктардын тамаша сөзү).

Улут катары калыптана электигибиздин башкы белгилери: тууганчылдыктын, уруучулдуктун, аймактарга бөлүнүүчүлүктүн мамлекеттик деңгээлдеги мекенчилдикке (патриотизмге) караганда күчтүүлүгү; укуктук аң-сезимдин жана укукчул маданияттын өнүкпөгөндүгү; жарандардын көпчүлүгүнүн инсан болуп жетилбегендиги. Бул өксүктөр баары өз ара байланышкан.

Абалды оңдоону ар бирибиз өзүбүздөн баштообуз керек. Анткени улут деген зор бүтүндүктүн эң баштапкы курамдык бирдиги – инсан. Ал өз укуктарынын сакталышы үчүн күрөшсө, бул милдеттердин аткарылышына жараша болорун канчалык жакшы билсе, коомдогу моралдык-укуктук жагдайга ошончолук күчтүү таасир эте алат. Ким өз тагдыры үчүн жоопкерчиликти көтөрүүгө канчалык даяр болсо, ал ошончолук эркин. Аң-сезими ушул деңгээлге өсүп жетпеген адамды инсан деп атоого болбойт. Курамында инсандар жетиштүү санда болбосо, эл улут деген сапаттык түзүмгө өсүп жетилбейт да, жалпы таламдарын аңдап билбеген, бытыранды, караламан калк бойдон кала берет. Улут (nation, нация) “өлкө, мамлекет” сөздөрү менен маанилеш экенин эске алсак, Кыргызстандын азыркы абалынын себебин түшүнөбүз.

Зарылдыкты качан аңдайбыз?

«Эркиндик – бул аңдап билинген зарылдык». (Фридрих Энгельс).

Эркиндик жоопкерчилик менен ченелет, өлчөнөт. Анын реалдуу турмуштагы чеги дайым өзгөрүп, өйдө-ылдый жылып турат. Азыркы кыргыз коомуна келсек, расмий бийлик дээрлик толук эркиндик алды, ошого жараша анын жоопкерчилиги да катуу болорун унутпоого тийиш.

Эгер бийлик мителикти азайтууну, жаратмандыкка жол ачууну чындап көздөсө, анда азыркы бюрократиядагылардын жарымынан көбүнүн ишкердик, дыйканчылык, малчылык, билим берүү, илим, маданият жана башка чөйрөлөргө которулушуна шарт түзүшү зарыл. Анткени бюджеттин 30 пайыздан ашуун бөлүгүн жеген «башкаруучулар» катмары бизде гана бар, башкаларда бул көрсөткүч 10-15 пайыздан ашпайт. Президенттик администрация, өкмөттүн аппараты, министрликтер, ведомстуктар, комитеттер деңгээлиндеги бири-бирин кайталаган, бири-бирине тоскоолдук кылган түзүмдөрдү толугу менен жоюу керек. Үнөмдөлгөн каражатты таза, так иштеген кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга жумшаса, «мамлекет» деген организмдеги «кан айлануу» жакшырмак.

Экинчи жагынан алганда, жалпы коомдогу укуктук маданияттын калыптанышына ар бир жаран, мекеме, уюм салым кошуусу керек. Мисалы, мыйзам үстөмдүгүн орнотууну жактагандар бири-бирин издеп таап, өз ара көмөктөшсө, биргелешип иш жүргүзсө, оң натыйжа болбой койбойт. «Кудайга ишен, бирок өзүң да оозуңду ачып отура бербе» деп орустар абдан туура айткан. Азыр дүйнө жүзүндө болуп жаткан ыкчам өзгөрүүлөрдү көрбөй, утурумдук тар мүдөөлөрдүн тушоосунан чыга албай жүрө берсек, өз убалыбыз өзүбүзгө.

Өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдүн жарандарынын кан-жанына сиңген “Эркин болгуң келсе, мыйзамга баш ий” деген жобону биз да жетиштүү деңгээлде өздөштүрүүбүз керек. Өзү бузуп жаткан эрежелерди сакта деп башка бирөөгө айтканга эч кимдин акысы жок, мындай талаптын таасир-күчү да болбойт. Анча-мынча байлык топтоого жетишкендер капиталынын бир бөлүгүн улуттун укуктук маданиятын өркүндөтүүгө, эч болбосо өзүнүн уул-кызынын нукура инсандык жетилүүсүнө жумшоосу зарыл. Алар ошондой эле мителикти күчөтүүчү акча агымын – жалган дипломго, парага, атаандашкан той-тамашаларга, мактаныч үчүн алынуучу пайдасыз товарларга ж.б. жумшалуучу каражаттарды кыскартууну ойлошу керек. Себеби азыр кыргыз бар болобу же жоголобу деген катаал суроо кабыргасынан коюлган чак…

Жолдош Турдубаев

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG