Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

Быйыл Кыргызстанда падышалык Орусиянын оторчул үстөмдүгүнө каршы Улуттук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленет.

О, ошол жыл! Ошол 1916-жыл! Кылымдар тогошпосо да, доорлор тогошкон ошол мезгил!

Дастандарда, арман ырларда, кошоктордо, романдарда, эскерүүлөрдө, архивдик саргайган кагаздарды, сүрөттөрдө калган жыл...

Каармандык дастаныбыз “Манастагы” эгемендик ураанын кайрадан чакырып, элибиз Орусиядан эгемен болгон хандык жарыялоого эрки жеткен изги жыл!..

Эчендердин эрдиктери элди сактап, падышалык оторчулардын жазалоочу аскерлеринин ажал отунан канча өмүрдү арачалаган кайран жыл!..

Оор куралданган оторчулардын айоосуз жазалаган аскеринин кыргынына туруштук бере албай, атажуртунан бөтөн жерге качууга мажбур болгон жүз миңдеген кишилердин азабы менен кайгысын камтыган улуу арман жылы!..

Көп этностуу Орусия калкы тарабынан залим падышалык режимдин кулатылышына чейин – айтылуу 1917-жылкы Феврал ыңкылабына чейин саналуу гана апталарды калтырган босого жыл!

Ар башка өңүт, ар башка баян

1916-жылкы олуттуу окуялар дүйнө жүзүндө да, Кыргызстанда да ар кыл багыттарда жана өңүттөрдө чагылдырылып келди.

Орусиянын өзүндө эле аны бир нече топ атаандаша таразалайт: бирлери, тээ 1916-жылдагы орус либерал-демократы Александр Керенский сыяктуу эле, падышалык оторчул бийликтерди жергиликтүү тургандарга карата мыйзамсыз кысымдары жана ырайымсыз жазалоолорунун фактылары үчүн түздөн-түз айыпташат; экинчилери бул айыптоолорго кошулуп, бирок удулун таап 1917-жылы 7-8-ноябрда орногон болшевиктик режимди даңазалоого далаалат кылышат; үчүнчүлөрү борбордук азиялык көтөрүлүшчүлөрдү “Биринчи дүйнөлүк согуштун оор капшабында калган Орусияга көмөк көрсөткүсү келбеген түркөй жана мекенчил сезими жок пенделер” деп күнөөлөшөт; төртүнчүлөрү падышалык бийликти алсыратуу үчүн Германия, Улуу Британия, Осмон дөөлөтү жана Кытай арамзалык аракеттерин жүзөгө ашырып, тыңчылары аркылуу тынч калкты падышалык бийликке каршы козутту дешет.

Кыргызстанда болсо Кеңеш бийлиги доорунда бул маселени чагылдыруу бир нече баскычта жүрдү: оболу, 1918-35-жылдары улуттук боштондук көтөрүлүш жана Улуу Үркүн окуялары эркин чагылдырылды; архивдик маалыматтар кыйла кеңири топтолуп, бирок болшевиктик идеологиялык калыпка ылайык таразаланып жарыяланды. Улуттук боштондук кыймылдын жумушчу табынын жалпы дүйнөлүк ыңкылапчыл күрөшүнүн бир өңүрү катары идеологиялык жактан чечмелениши бул иштерге кыйла огожо болду. Бир гана өксүгү – Орусиянын болшевик эмес демократтарына жылуу сөз айтылбады. 1935-39-жылдары (албетте, даталар шарттуу көрсөтүлүүдө) кыргыздардын жана башка улуттардын бир катар чыгаан ишмерлери жана айдыңдары сталиндик жазалоочу машинанын курмандыгына айланган. Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов ж.б. чыгаандар атылып кетти. Ал түгүл акын Аалы Токомбаев сыяктуу айдыңдар да абакта жаткан учурлар болду. 1946-52-жылдары акырындап “падышалык Орусия – британдык ж.б. империализмге караганда прогрессивдүүрөөк оторчул бийлик болчу” деген жобо үстөмдүк кыла баштады. 1960-80-жж. кыргызстандык тарыхчылар (Анварбек Хасанов, Кушбек Үсөнбаев, ж.б.) 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштү мүнөзү боюнча элдик, антиимпериалисттик, демек, прогрессивдүү кыймылдарга кирчү көтөрүлүш деп далилдөө үчүн күрөш жүргүзүштү. 1990-92-жылдары Кыргызстанда басымдуу тарыхчылар бул көтөрүлүштү прогрессивдүү деп белгилешкени менен, айрым кыргыз коммунист тарыхчылар мындай көтөрүлүп чыгуунун эч кереги жок болчу, бул – жаңылыштык болгон, анын анти-орусиялык мүнөзү туура эмес болгон, деп да чыгышкан.

Адилеттик үчүн айта кетүү керек – эгемен Кыргызстандын окуу китептеринде 1916-жылкы көтөрүлүш элдик, максаты жагынан – улуттук боштондукту туу туткан күрөш катары ырааттуу чагылдырылып келет. Бирок бүгүн да тарыхчылардын арасында падышалык Орусиянын залимдигине көз жумду кылган, бул падышалыктын жазалоочу аскерлеринин ырайымсыз жортуулдары маалында кыргынга учурагандардын санын атайылап азайтууга далаалат кылган изилдөөчүлөр жок эмес. Маалыматты үстүрт чагылдырып алып, бул көтөрүлүш – сырткаркы фактордун жемиши болду, дегендер да бар.

Бирок архивдик жана башка даректүү маалыматтарды ар тараптуу иликтеп, кыргыздын фолклордук мурасына жана башка ошол доордун элеси чагылдырылган эскерүүлөргө, геосаясий кылдаалга кайрылган заманбап тарыхчылар 1916-жылдагы Борбордук Азиядагы жана анын ичинде Кыргызстандагы улуттук боштондук көтөрүлүштү Финляндиянын, Украинанын, Кавказ аймагындагы өлкөлөрдүн ж.б. эгемендик үчүн күрөшү сыяктуу эле улуттук эркиндик үчүн кыймылдын бир көрүнүшү катары баалап келишет.

Жүз жылдык маараке Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде белгиленет

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы Кыргызстанда 2016-жылы кеңири белгиленип жатат.

Кыргызстандын Президенти А.Атамбаевдин 2015-2016-жж. бир нече жарлыгы, Кыргыз Өкмөтүнүн жана министирликтери менен мекемелеринин бир катар буйруктары, Кыргызстандын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын чечимдери, ошондой эле оппозициячыл маанайдагы кыймылдардын бул окуяны ачык айкын талдоосу - пост-советтик Кыргызстанда 1916-жылкы көтөрүлүштү жана Улуу Үркүндү изилдөө жана анын бир кылымдык мааракесин белгилөө мурда болуп көрбөгөндөй ачык жүрүп жаткандыгын айгинелейт.

Чөлкөмдөгү дагы эле Кремлге кылчактаган башка өлкөлөргө караганда, кыргыз бийлиги жана өлкө коомчулугу саясий эрк көрсөтүп, антиорусиялык кыймылдын 100 жылдыгын салтанаттуу белгилеп жатышын бир нече өңүттөн карап түшүндүрүүгө болот.

Биринчиден, дал ушул аймакта – Кыргызстанда – улуттук көтөрүлүш өз туу чокусуна жеткен: айрым көтөрүлүш очокторунда, ал түгүл, Орусиядан эркин өзүнчө мамлекет түзөбүз деп, өздөрүнүн эгемен хандарын (Мөкүш Шабдан уулу, Канаат Ыбыке уулу, ж.б.) жарыялашкан. Бул мамлекеттик эгемендик идеясы кийинчерээк Алаш Ордо, Кокон автономиясы, басмачылык кыймылы, советтик автономиялык жана тең ата союздук жумурият макамы үчүн күрөшкөндөргө идеялык башат болуп берген. 1991-жылы 31-августта Кыргызстанды эгемен мамлекет жарыялаган Кыргызстандын Жогорку Кеңеши да 1916-жылдагы бабалардын идеясынан азыктанган. Бул эгемендик идеясын азыркы кыргыз бийлиги да туу тутуп келет.

Экинчиден, дал ушул очоктордо көтөрүлүшкө катышкан жана аларга ылым санаган калайык падышалык жазалоочу аскерлер тарабынан ырайымсыз түрдө жазаланган. Бери дегенде 150 миң, болбосо 250 миңге жакын киши набыт болгондугу жоромолдонот. Мындан тышкары, жазалоочулар тарабынан Жети-Сууда набыт болгон казак, уйгур, дунган, ж.б. этностордун өкүлдөрүн да кошуу абзел. (“Акпаашанын” азыркы айрым апологеттери – жасакер жактоочулары кыргыздардан болгону 5 миңдей киши гана набыт болгон деп бул санды жасалма азайткысы келет. Чын-чынында, бул аймакты 1855-76-жж. күч менен каратып алган падышалык оторчул режим миңдеген кишилер түгүл жазыксыз бир дагы кишинин жанын кыюуга акысыз болгондугу талашсыз).

Үчүнчүдөн, бул очоктордогу калайык жана аларга жакын турган башка аймактардын тургундары да ырайымсыз жазалоодон качып, Теңир-Тоонун чыгышына (Батыш Кытай тарапка) жүз миңдеп үрккөн. Тарыхта “Улуу Үркүн” деген ат менен калган бул баскыч – көтөрүлүштүн кандуу басылышынан кийин башталган. Эгерде мамлекеттик бийликтер Кеңеш доорунун соңку мезгилиндегидей кылып бул кайгылуу барактарга кош көңүлдүк менен мамиле кылса, анда азыркы коммунисттик цензура жоюлган тапта жазыксыз набыт болгондорду эскерүү иш-чараларын Кыргызстандын калайыгы өзү эле ыктыярдуу жүргүзмөк, бирок 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан соң бийликке келип, парламенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жолуна түшкөн азыркы Кыргызстандын мамлекеттик бийлиги ачуу сынга кабылмак.

Төртүнчүдөн, бул окуяларды расмий белгилөө маалында коомчулуктун кайсы-бир бөлүгү тарабынан Орусия Кыргызстанга 1916-жылдагы кыргындар үчүн каржылык жаза - контрибуция төлөөгө тийиш деген сыяктуу талаптар козголсо, анда мындай талаптар Кыргызстандын азыркы бийлиги менен бүгүнкү расмий Кремлди чатакташтырат, дешген жоромолдорго эки тарап тең татыктуу жообун бере алды. Кыргызстандын азыркы бийлиги жана кыргыз айдыңдары падышалык Орусиянын оторчул бийлигинин ырайымсыз аракеттерин ашкерелөөгө чакырып, бул жаатта азыркы Орусия Федерациясы менен да кызматташ болоорун билдирип келет. Анткени, алардын оюнча, 1917-жылы Феврал ыңкылабында кулатылган падышалык Орусия – бүгүнкү Орусия Федерациясы аттуу жумурият менен кайнаса каны кошулбаган башка типтеги мамлекет. Советтер Биримдигин түзгөндөр (В.И.Ленин ж.б.) падышалык Орусиянын мураскору эмес экендиктерин, дүйнөлүк пролдетардык ыңкылаптын жактоочулары катары Убактылуу өкмөттөн бийликти тартып алып, таптакыр башка бийликти – элдик жумуриятты негиздегенин жар салышкан. 1991-жылы Советтер Биримдигинен чыккан Орусия Федерациясы болсо укуктук жактан өзүн СССРдин Маскөөдөгү бийлигинин мураскору катары санайт, бирок падышалык (монархиялык) Орусиянын мураскору катары өзүн көрсөтпөйт. Орусиянын Кыргызстандагы элчиси да 2015-жылдын декабрында маалымат каражаттарына Кыргызстандын азыркы бийлиги менен расмий Кремль 1916-жылкы окуяларга баа берүү жана аны иликтөө үчүн кызматташтык жаатында бирдей пикирди тутат деп тастыктады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG