Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

АКШ-НАТОнун Ооганстандагы согуштук миссиясы аяктоодо


Согуштук миссияны аяктоо жөрөлгөсү. Кабул, 8-декабрь, 2014-жыл.
Согуштук миссияны аяктоо жөрөлгөсү. Кабул, 8-декабрь, 2014-жыл.

Ооганстанда АКШ менен НАТОнун согуштук миссиясы аяктоодо. Буга арналган салтанат Кабулда кечээ өттү. Чет элдик күчтөрдүн Талибан режими кулатылгандан берки согуштук аракеттери он үч жылга созулду, келерки жылдан тарта алардын негизги иш багыты ооган күчтөрүн машыктыруу болот.

НАТОнун Ооганстандагы бирдиктүү командачылыгы согуштук операциялар аяктаганынын расмий ишарасы катары Кабулда өзүнүн желегин түшүрдү.

Мунун алдында Ооганстанга АКШнын кызматтан кетип жаткан коргоо министри Чак Хейгел барган эле.

Ал ооган борборунда президент Ашраф Гани менен биргелешкен басма сөз жыйында:

Чак Хейгел жана Ашраф Гани. Кабул, 6-декабрь, 2014-жыл.
Чак Хейгел жана Ашраф Гани. Кабул, 6-декабрь, 2014-жыл.

- Биз “ал-Каидага” жана анын калдыктарына каршы террорчулук менен күрөшүү боюнча чектелген миссияны кармайбыз. Он жылча мурда АКШны Ооганстанга эмне алып келгенин унуткан жокпуз. Биз “ал-Каида” Ооганстанды Кошмо Штаттарга, союздаштарыбыз менен өнөктөштөрүбүзгө, ооган элине кол салуучу жай иретинде колдонуусуна жол бербөөгө милдеттүүбүз. АКШга, Ооганстандагы коалициялык күчтөргө тикелей коркунуч туудурган жана “ал-Каидага” колдоо көрсөткөн талибдерге каршы да тиешелүү чара көрөбүз, - деп сүйлөдү.

АКШ жана НАТОнун согуштук миссиясы аяктап жатканы менен ооган парламенти АКШ баштаган аскерлердин ооган күчтөрү менен биргеликте 2015-жыл ичи аскерий операцияларга катышуусуна мандат берген документти өткөн айда жактырды.

АКШ жана НАТО аскерлеринин колбашчысы, америкалык генерал Жон Кэмпбеллдин (John F. Campbell) айтымында, алардын жаңы миссиясы эми “Чечкиндүү колдоо” деп аталат жана 2015-жылдын 1-январынан тарта негизги көңүл ооган күчтөрүн машыктырууга жана колдоого бурулмакчы.

Жаңы миссияны аркалоо үчүн Ооганстанда 12 миң 500дөй чет элдик аскер калат. Алардын көпчүлүгүн америкалык аскерлер түзөт. Пентагондун кызматтан кетип жаткан башчысы Чак Хейгел Кабулдагы басма сөз жыйында:

- Президент Обама америкалык аскерий колбашчыларга жоокерлердин алдыдагы бир нече айда болушу мүмкүн тартыштыгын ийкемдүүлүк менен жөнгө салууга уруксат берди. Бул ушул жылдын аягына чейин жана келерки жылдын алгачкы бир нече айында Ооганстанда 10 миң 800 америкалык аскер болот дегенди билдирет. Президенттин уруксаты биздин аскерлердин миссиясын, чыгып кетүүбүздүн узак мөөнөттүү графигин өзгөртпөйт.

“Вашингтон Пост” гезитинин жазганына караганда, 2015-жылдын ичинде АКШ жана НАТО ооган күчтөрүн машыктыруу иштери төрт командачылыкка бөлүнүп, өлкө боюнча жүрөт. Чыгыш жана түштүк аймактардагы ишти АКШ өзү, Германия менен Италия түндүк жана батыш бөлүктү алат. Бирок 2015-жылдын аягына карата аймактык командачылыктар жабылып, машыктыруу борборлору Кабулдун айланасында эле калат.

Ооган аялдарынын чек араны кайтаруучу полиция бөлүгү. Герат, 1-декабрь, 2014-жыл.
Ооган аялдарынын чек араны кайтаруучу полиция бөлүгү. Герат, 1-декабрь, 2014-жыл.

“Вашингтон Пост” белгилегендей, 2015-жылдын аягына барып, АКШ Ооганстанда 5 500 гана аскерин калтырмакчы, ал эми аскерий миссия 2017-жылы президент Обаманын бийлик мөөнөтү аякташына барып бүтүшү керек.

2010-жылы Ооганстанда чет элдик аскерлердин саны 140 миңге чейин жеткен учур болгон.

2001-жылдын сентябрындагы террордук чабуулдун артынан башталган аскерий операциядан он үч жыл ичинде Ооганстанда 3500дөй чет элдик жоокер каза тапты. Алардын 2210у АКШнын аскер кызматчылары.

Эми коопсуздук операциялары үчүн жоопкерчилик оогандардын өзүнө өтүп жаткан учур талибдердин кол салуулары күчөгөн кезге туш келди.

Tалибандын кол салуусунан кийин. Кабул, 30-ноябрь, 2014-жыл.
Tалибандын кол салуусунан кийин. Кабул, 30-ноябрь, 2014-жыл.

Рейтер агенттиги жарыялаган маалыматтарга караганда, быйыл ноябрь айына карата ооган коопсуздук күчтөрүнүн 4 миң 600 мүчөсү кол салуулардан мерт болгон. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 6% көптүк кылат.

Улуттар уюмунун эсебинде, быйылкы жылдын биринчи жарымында жөн-жай тургундар арасындагы жоготуу 24% өсүп, 4 миң 853 адамга жеткен.

Талибдердин кол салуулары акыркы айларда Кабулда да арбыды. Ооган президенти Ашраф Гани өткөн ишемби күнү АКШнын коргоо министри менен чогуу өткөргөн басма сөз жыйында:

- Биз коркунучтарга кабылып жатабыз жана муну билебиз. Биз коркунучтардын шарт-жагдайы өзгөргөнүнө кабылуудабыз. Бирок бир нерсени ачык-айкын билип коюшубуз керек. Биздин жетишкендиктерибиз артка кайтпайт. Калкыбыздын коопсуздугун кепилдөөгө келгенде биз чечкиндүүбүз, - деп айткан эле.

Кечээ түштүктөгү Кандагар провинциясында полиция кеңсесине кол салуу болуп, атышуу учурунда Талибандын төрт согушкери жок кылынды.

Чабуул алдында полиция формасын кийген жанкечти өзүн дарбазада жардырган. Эки саатка созулган атышууда полициянын бир офицери жана төрт жөнжай тургун да каза тапты.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG