Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

НАТО Ташкенде өкүлчүлүгүн ачты


Жеймс Аппатурай
Жеймс Аппатурай

16-майда Ташкенде Түндүк атлантикалык альянс – НАТОнун Борбор Азиядагы кеңсесинин ачылышы болду. Ага НАТОнун баш катчысынын Түндүк Кавказ жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Жеймс Аппатурай катышты.

Ташкендеги өкүлчүлүк эмне иш менен алек болоору тууралуу Аппатурай “Азаттыктын” өзбек редакциясынын кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып: "Мен бүгүн расмий түрдө ачкан кеңсе, эң оболу, бир эле Өзбекстан эмес, региондогу бардык өлкөлөр менен иштешет. Биз региондогу ар бир мамлекет менен “Өнөктөштүк жөнүндө келишимге” жетишкенбиз. Андан сырткары Ооганстандан НАТОнун жүктөрүн чыгарып кетүү ишин ырааттуу жүргүзүүдө Өзбекстандагы жана башка мамлекеттердеги бийликтер менен иштешет. Ошондой эле бул жактагы өкүлчүлүгүбүз жалпы Борбор Азиядагы коопсуздук кырдаалына көз салып тура турган биз үчүн маанилүү кызматты аткармакчы", - деп белгиледи.

Аппатурай Ташкенде ачылган кеңсенин жамааты чакан топтон тураарын, азырынча ал үчүн Ооганстандан НАТОнун аскерлерин чыгарып кетүү негизги максат болсо дагы бул озуйпа аткарылгандан кийин да иштей берээрин белгиледи.

Өзбекстан менен НАТОнун кызматташтуу боюнча алгачкы аракеттери 1991-жылы башталган. Бирок 2005-жылкы Анжиян окуяларында элдик нааразылык демонстрациясын өкмөттүк аскерлер күч менен басып, жүздөгөн эл андан көз жумгандан кийин абал кескин өзгөргөн.

Бирок соңку жылдары кайрадан кызматташууга аракеттер көрүлүп, былтыр августтан тарта НАТО Ташкенде өкүлчүлүгүн ачуу ишин баштаган болчу.

Жума күнү анын расмий ачылышы Украинада саясий кырдаал курчуп, анда Орусиянын ролу Батышта катуу сынга кабылып турган учурга туш келди. Анткен менен Аппатурай мунун эч кандай саясий өңүтү жок экенин, бул кокустук экенин, НАТО бул региондо өкүлчүлүгүн ачуу аракетин Украинадагы кризиске чейин эле баштаганын айтты.

"Биз Борбор Азия мамлекеттери менен өнөктөштүгүбүздү эч бир башка мамлекет менен атаандаштыктын алкагында карабайбыз, - деди ал. - Эгер кайсыл бир өлкө Орусия менен тыгыз кызматташтыкты кааласа, бул алардын чечими. Мунун өзү “алар НАТО менен иштешпейт” дегенди билдирбейт. Биз эч ким менен “Борбор Азияга таасир же басым” үчүн атаандашалы деп келген жокпуз. Албетте, жумурияттар өздөрүнүн тышкы саясатында баланстуу багытты карманышын колдойбуз. Өзбекстан дал ошондой саясатты карманууда жана муну биз урматтайбыз".
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG