Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Ала-Букадагы баптист аялдын сөөгүн көрүнөн экинчи ирет казып чыгарып салышты


Ала-Букада христианчылыктын баптист багытын тутунган Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн жергиликтүү тургундар экинчи жолу мүрзөсүнөн казып, чыгарып салды. Мындай маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев тастыктады. Учурда сөөктү коюуга башка жер изделүүдө.

“Учурда бул окуя боюнча маалымат алдым. Район акими кырдаалды көзөмөлдөп жатат” - деди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев.

Маркум аялдын сөөгү бул православ христиандарынын мүрзөсүнө эки күн мурда коюлган.

Бирок маркумдун туугандарынын айтымында, сөөктү казып чыгаруу жергиликтүү имамдардын демилгеси менен болгон.

14-октябрда Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар жана имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай коюшкан.

Талаш-тартыштардан соң Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгү Өрүктү айылына таандык жерге жашырылган. Бирок ал жерде да жергиликтүү тургундар чогулуп келип каршы чыгып, натыйжада туугандары сөөктү кайра казып алган. Мындан соң сөөк Ала-Бука айылындагы жергиликтүү христиандардын мүрзөсүнө коюлган эле.

Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссия бул иш боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG