Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Ала-Бука: чуу менен көмүлгөн сөөктү көрдөн чыгарып салышты


Орусиядагы христиан мүрзөсү.
Орусиядагы христиан мүрзөсү.

Ала-Букада христианчылыктын баптист багытын тутунган Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн жергиликтүү тургундар экинчи жолу мүрзөсүнөн казып, чыгарып салды.

Мындай маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев тастыктады. Учурда сөөктү коюуга башка жер изделүүдө.

“Бул окуя боюнча маалымат алдым. Район акими кырдаалды көзөмөлдөп жатат” - деди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев.

Маркум аялдын сөөгү бул православ христиандарынын мүрзөсүнө эки күн мурда коюлган.

Бирок маркумдун туугандарынын айтымында, сөөктү казып чыгаруу жергиликтүү имамдардын демилгеси менен болгон.

Окуянын башы

14-октябрда Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар жана имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай коюшкан.

Талаш-тартыштардан соң сөөк Өрүктү айылына таандык жерге жашырылган. Бирок ал жерде да жергиликтүү тургундар чогулуп келип каршы чыгып, натыйжада туугандары маркумдун сөөгүн кайра казып алган. Мындан соң сөөк Ала-Бука айылындагы жергиликтүү христиандардын мүрзөсүнө коюлган эле.

Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссия жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Христианчылыктын протестантизм багытына кирген баптисттердин Кыргызстандагы ишмердүүлүгү 1907-1908-жылдары немис улутундагы үй-бүлөлөрдөн башталган. Өлкө эгемендик алган жылдары анын дагы бир толкуну каптап, негизинен кыргыз жана башка жергиликтүү улуттарды катарына тарткан. Ушул тушта алардын үч миңге жакын мүчөсү жана 50 сыйынуу үйү бар.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG