Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Брюсселде Ооганстандын келечеги талкууланды


Ооганстандын президенти Хамид Карзай (солдо) менен НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен, 23-апрель, 2013
Ооганстандын президенти Хамид Карзай (солдо) менен НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен, 23-апрель, 2013

НАТОнун тышкы иштер министрлери Ооганстандан келерки жылы чет өлкөлүк аскерлерди чыгарып кетүүнү жана ракетадан коргонуу системасын талкуулаш үчүн шейшембиде Брюсселге чогулушту.

Талкууда 2014-жылдын этегине чейин Ооганстандан НАТОнун жетекчилигиндеги чет өлкөлүк аскер күчтөрүн чыгарып кетүү жана андан ары Кабулга альянс тараптан көрсөтүлчү жардамдын жөнү талкууланды.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен талкуунун алдынан журналисттерге сүйлөп, ооган өкмөтү менен талиптер ортосунда саясий байланыш кеңейтилишине “этият колдоосун” билдирди.

"Мен "Талибандын" лидерлери буга кандай максат менен барып жатышканы тууралуу божомол айткым келбейт. Анткен менен, мен бардык күчтү саясий мунаса табууга багыттоону тапшырдым", - деди Расмуссен.

Баш катчы азыр ооган өкмөтү тарабынан башкарылып жаткан бул процесс Ооганстандын Конституциясын жана адам укуктарын урматтоого негизделгенине өзгөчө басым жасагансыды.

Ошол эле маалда, Расмуссен тынчтык процессине тартылган талиптер да, башкалар да террористтик топтор менен байланыштарынан толук баш тартышы абзел экенин айтты.

"Муну менен катар саясий процесске салым кошуунун эң эле мыкты жолу катары аскерий басымды күчтөндүрүп кармап турууну атамакмын, - деди ал. - Анткени Ооганстандын душмандары согуш майданында баары бир жеңилерин, мындан башка жол жок экенин түшүнүшү керек. Бул багытта ооган коопсуздук күчтөрү жетишкен ийгиликтерге көңүлүм көтөрүлүп турат".

АКШда Мамлекеттик департаменттин катчылыгына Жон Керри февралда дайындалгандан бери бул өңдүү жыйын алгачкы жолу өттү. Мамкатчы альянска мүчө өлкөлөрдүн көңүлүн Сириядагы кырдаалга бурдуруп, “непада ал жерде химиялык курал колдонулса, анда НАТО бул өлкөдөгү окуяларга кандай реакция кылаарын күн мурунтан аныктап алганы жакшы” деди.

Альянска мүчө мамлекеттер Сирияда эки жылдан бери уланып жаткан конфликтке аралашпай тургандыктарын айтып келишет. Бирок “кокус Сирия тараптан сокку болуп калса, өнөктөшүн колдош үчүн” деген таризде өзүнүн “Патриот” деген ракетадан коргонуу системасын Түркияга орноткон.

Ушул эле жыйындын алкагында НАТО-Орусия кеңешинин да жыйыны өттү. Баш катчы Расмуссен анын алдынан Орусия менен кызматташтыкка токтолуп: "Биз азырынча Орусия менен тыгыз кызматташып, бирок мунаса таба албай жаткан маселе ракетадан коргонуу системасы менен байланыштуу, - деген. - Биз ал боюнча ишти токтотпой, улантып жатканыбыз маанилүү. Бизде диалогду күчөткөнгө мүмкүнчүлүк бар, ошону колдонуп калышыбыз керек".

Талкуунун этегинде НАТОнун тышкы иштер министрлери жана Орусия биргеликте “Ооган аба күчтөрүнө жардамдын көлөмүн кеңейтүүнү макулдашканы” кабарланды.

XS
SM
MD
LG