Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

НАТО менен Орусия кайра кызматташа башташты


Сергей Лавров, Брюссель. 4-декабрь, 2009
Сергей Лавров, Брюссель. 4-декабрь, 2009

Жума күнү Брюсселде былтыркы орус-грузин согушунан бери алгачкы жолу НАТО-Орусия кеңешинин тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги жыйыны болду. Алар “21-кылымдын коркунучтарын бирге аныктоо” келишимине кол коюп, эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу зарылдыгын айтышты. Бирок келишпестиктер дале калып жатат.

НАТО-Орусия Кеңешинин жыйынынан кийин Түндүк анлантикалык альянстын баш-катчысы Андерс Фог Расмуссен кеңештин ишин мактап, ал Орусия менен НАТО ортосундагы кызматташтыктын жаңы бөлүгүн баштаганын айтты.

Расмуссен эки тарап кол койгон келишимдердин үчөөнө токтолду. Алардын ичинде эң маанилүүсү катары ал “21-кылымдын коркунучтарын бирге аныктоо” жөнүндөгү документти белгиледи.

“Биз 21-кылымда коопсуздукка коркунуч келтирген жагдайларга бирге назар салууга макулдаштык, - деди ал. - Максат – уюмга мүчө 29 мамлекеттин баары үчүн опурталдуу жагдайларды белгилеп өтүү”.

Жолугушууда, мындан сырткары, 2010-жылга иш планы бекитилип, НАТО-Орусия кеңешинин ишин жакшыртуу үчүн аны реформалоо боюнча документке кол коюлду. Эки тарап терроризмге, каракчылыкка каршы күрөшүү жана Ооганстан боюнча иште да бирге аракеттенүүгө камданып жатышат.

Жыйындан кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ооганстандагы аскерлерге абадан жана жерден жүк жеткирүү ишине Орусия кошулаарын айтканы менен, аскерий пландаштырууга кошулбай турганын кыйытты. “Бул - эларалык контингенттин иши”, - деди ал.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Европанын коопсуздугу боюнча жаңы келишимди иштеп чыгуу боюнча былтыр демилге көтөргөн эле. Бирок бул боюнча конкреттүү планды Кремл 29-ноябрда гана өзүнүн интернет-сайтында басып чыгарды. Буга чейин Орусиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү Дмитрий Рогозин “Эгерде бу жыйында Медведевдин сунушу каралбаса, ал талкууга катышпай турганын” эскерткен. Бирок бул ирет Медведевдин планы талкууланган жок, анткени Фог Расмуссен аны менен жакшы тааныш эмес экенин айткандай болду.

Тараптар Кавказдагы кырдаалды да талкууга алышты. Орус тышкы иштер министри Лавров “Биз Абхазия менен Түштүк Осетиянын көзкарандысыздыгын таануудан баш тарта албайбыз, анткени биз аларды өз алдынча мамлекет катары таанып койгонбуз. Анын үстүнө, бул өлкөлөрдүн эли грузин режимдеринен тоюп бүтүштү”, - деди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG