Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

НАТО: Орусия бүт Европа үчүн баш оору болду


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Брюсселдеги жыйында. 3-июнь, 2014.
НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Брюсселдеги жыйында. 3-июнь, 2014.
НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссендин айтымында, Орусиянын Украинадагы «жоопкерчиликсиз жана мыйзамсыз аракеттери» бүт Европанын эркиндигине жана тынч жашоосуна чоң коркунуч жаратты. Ал Москваны «өзүнүн геосаясий максаттарына жетүү үчүн коңшу аймактарды тартып алып, көз карандысыз мамлекеттерди бейстабилдештирүүдөн да кайра тартпай тургандыгын» белгиледи.

Бүгүн Брюсселде башталган НАТОнун 28 мүчөсүнүн коргонуу министрлеринин эки күндүк жыйынында сүйлөгөн Расмуссен «Орусиянын соңку аракеттери бүткүл Евро-Атлантика аймагындагы стабилдүүлүккө коркунуч келтире тургандыгын кошумчалады. Брюссел жыйынында Орусиянын Крымды каратып алышына байланыштуу НАТОнун чыгыш кыйырындагы өлкөлөрдө альянстын күчтөрүн туруктуу жайгаштыруу маселеси каралып жатат.

XS
SM
MD
LG