Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Дүйнөдөгү атактуу илимий журнал Nature жакында генетик жана археологдор таап чыккан сенсациялык ачылыш менен окурмандарды тааныштырды.

Бир нече жылдан бери колдонулуп келаткан жаңы илимий метод, атап айтканда, адам ДНКсын секвенизациялоо жана термолюминесценттик жол менен аныктоо ыкмасы адамдын сөөгүнүн кичинекей бир кемиги табылса да, анын кайсы доордо жашаганын жана кандай расага же жыныска таандык экенин так аныктап бергенге мүмкүнчүлүк берүүдө. Ошол методдорго таянып, генетиктер менен антропологдор тээ жогорку палеолит деп аталган доордогу адамдардын миграциясы (мындан 15000 - 25000 жыл баштагы замандар) жана ал кездеги адамдар кай жерде жашаганы, кай жактарды көздөй жер которгону тууралуу так маалымат алышууда. Nature журналынын жазганына караганда, ошол палеолит доорунда Түндүк Америка менен Ыраакы Чыгыштын ортосунда эч кандай деңиз болгон эмес экен жана анын ордунда кар менен муз каптаган кенен өрөөн болуптур (шарттуу түрдө аны окумуштуулар Берингия (Beringia) деп аташууда). Ал эми ушул кездеги Жапон аралдары азыркыдай майда аралдарды эмес, алда канча кең, туташ жана узун тоо кыркаларын түзгөн экен. Баарынан кызыгы, ал кездердеги адамдардын жер которгону да биз ойлогонго караганда алда канча татаал жана кыйма-чийме болгонун ошол эле генетиктердин жаңы табылгалары ачык көрсөтүп турат.

Маселен, Маанасы Рагхаван (Копенгаген университети) жетекчилик кылган жана арасында Елена Балановская, Олег Балановский, Эльза Хуснутдинова, Сергей Литвинов, Людмила Осипова, Сардана Федорова жана Михаил Воевода сыяктуу Орусиядан кошулган жети окумуштуу (ичинде Орусия илимдер академиясынын, медицина илимдеринин академиясынын жана Эрмитаждын илимий кызматкерлери бар) кирген илимпоздордун эл аралык коллективи мындай бир маанилүү илимий божомолду ортого салышты. Алар Сибирдин жогорку палеолит доорунда жашаган адамынын генин жана Түндүк Американын байыркы тургундарынын, тагыраак айтканда, палеоиндеецтердин генин секвенизация кылып, натыйжада ошол палеоиндеецтердин түпкү тамыры Сибирден экен деген жыйынтыкка келишти. Ошол окумуштуулардын биринин «Газета.Ru» интернет сайтына берген түшүндүрмөсүнө караганда, байыркы америкалык палеоиндеецтер жогоруда айтылган Берингия аркылуу Сибирден Аляскага жер которгон жана алардын түпкү мекени Алтай болгон.

Ырас, алгачкы америкалыктар менен Чыгыш Азиянын калктарынын ортосунда генетикалык байланыштар тууралуу божомолдор башта деле айтылып келген. Маселен, Иллиной университетинин окумуштуусу Райпан Мали (Ripan Malhi) 2007-жылы Сибирдин, айрыкча Алтай менен Энесай жээктерин мекендеген атам замандагы калктардын Аляска менен Түндүк Американын байыркы адамдарына генетикалык жактан абдан жакын экенин айткан эле. Анын пикири боюнча, байыркы сибирликтер Берингияда мындан 25000 жыл башта жашап, ал жерди болжол менен 10000 жылдай мекендеген. Башкача айтканда, жер планетасындагы климат өзгөрүп, аба жылымдап, муздар менен карлар эрий баштаган доордо Берингия да жоголуп, мурунку өрөөн деңиздин астына кетип, анын ордуна азыркы Беринг кысыгы пайда болгон. Ошентип, палеосибирликтер менен палеоиндеецтер эки башка континентте жашап калган.

Эми буга америкалык лингвисттер кандай карайт деген маселеге келели. Бул абдан татаал маселе болуп чыкты. Эң негизги маселе - байыркы сибирликтер (анын ичинде алтайлыктар, енисейликтер) сүйлөгөн тилдер эбак өзгөрүп, бир даары эбак өлгөн (колдонуудан чыгып калган). Бул ойду Эдвард Вайда (Edward Vajda) менен Марк И. Сиколи (Mark I. Sicoli) аттуу Жоржтаун университетинин окумуштуулары жана Аляска университетинин илимий кызматкери Гэри Холтон (Gary Holton) айтып келишет. Батыш Вашингтон университетинде иштеген (Western Washington University) Эдвард Вайда түндүк Американы жердеген На-Дене индеецтери менен Сибирдин, атап айтканда, Энесайдын түпкү тургундарынын тилдери лексикалык эмес, грамматикалык структурасы жагынан абдан окшош деген илимий божомолун 2008-жылы айткан болчу.

Демек Энесай менен Алтайды жердеген кыргыз, хакас жана алтай сыяктуу калктардын ата-бабалары менен Түндүк Американын түпкү элдеринин ортосундагы генетикалык байланыштарды илимий жол менен дагы да тактап жана таап чыгуу жакынкы келечектин иши сыяктанып турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG