Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Навальный: Мага тагылган айыпты түшүнбөйм


Оппозиция лидери, блоггер А.Навальный "Кировлес" боюнча сотто, 24-апрель, 2013
Оппозиция лидери, блоггер А.Навальный "Кировлес" боюнча сотто, 24-апрель, 2013

24-апрелде Кировдо белгилүү блоггер, президент Владимир Путиндин башкы сынчыларынын бири Алексей Навальныйдан соту улантылды. Навальныйдын жаңы адвокаты соттон материалдар менен толук таанышып чыгууга дагы кошумча убакыт сурады, бирок сот ага макул болгон жок.

Бүгүнкү сотто судьяны алмаштыруу боюнча Навальныйдын адвокаттарынын арызы канааттандырылган жок, судья бул иште өзүн “бейтарап болбой жатат” дегендердин дооматына макул эместигин айтты. Судья Сергей Блинов, мындан сырткары, кылмыш ишти кайрадан прокуратурага жиберүү жөнүндө суранычты да четке какты.

Навальныйдын жаңы адвокаты Сергей Кобелев судьяга кайрылып, эмне үчүн аларга кошумча убакыт керектигин түшүндүрдү.

"Бул кылмыш иш 31 томдон, же 7,5 миң беттен турат. Мага аны менен таанышып чыкканга төрт гана күн берилди. Бул убакыт мага ишти окуп чыкканга жетпейт. Ошондуктан 20-майга чейин кошумча убакыт берүүңүздү, ишти кароону токтото турууңузду суранам", - деди адвокат Кобелев.

Бирок сот бул суранычты четке какты да, тараптардын билдирүүлөрүн уга баштады.

Прокурорлор айыпты окуп бүткөндөн соң, Навальный бул айыптарга “такыр түшүнбөй жатканын” айтып, аны “саясий иш” деп атады.

"Бул кылмыш иштин башкы максаты – бизден азыркы активдүүлүгүбүз үчүн өч алуу, биз президент Владимир Путиндин бийликти мыйзамсыз басып алышына жол бербеш үчүн жүргүзүп жаткан аракетибиз үчүн бизден өч алуу", - деди блоггер.

Судья Навальныйга конкреттүү ушул иштин алкагынан чыкпоону эскертти, бирок Алексей Навальный баары бир иштин ачылышына бир да укуктук негиз болбогонун кайталады.

Эки тараптын билдирүүлөрүнөн кийин сот алгачкы күбөнүн сөзүн укту да, ишти эртең улантышарын жарыялады. Кировдогу сот иши эртең, бүрсүгүнү өтөт. Андан ары 15-майга чейин тыныгуу жарыяланат.

Алексей Навальный Киров облусунун губернаторунун кеңешчиси болуп иштеп турганда “510 миң долларга тете каражатты уурдаган” деп айыпталууда. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, 10 жылга чейин түрмөгө отургузушу мүмкүн.

Айыпталуучу өзү жыйындын алдынан журналисттерге сүйлөп, ал бул иште, жок эле дегенде, эл пикиринин сотунда акталаарына толук ишенип турганын айтты.

"Ушул процесстин натыйжасында биз, албетте, жеңебиз. Менин мында эч күнөөм жок экени толугу менен далилденет деп ишенем. Ал сот тарабынан таанылбаса да, ага катышып жаткан адамдарга менин бейкүнөө экеним айкын болот", - деп ишенет ал.

Орусияда соңку жылдары коррупциялык иштер жөнүндө ачык жазып, оппозициялык митингдерге активдүү катышып жаткан блоггер Алексей Навальный алдыда президенттик шайлоолорго катышуу ниети бар экенин айткан. Ал өзүнө тагылып жаткан айыптарды жана кылмыш иштерин “жасалма” деп атап жүрөт.

Андан сырткары, непада бийликке келип калса, сөзсүз азыркы президент Путинге жана анын айланасындагы башкаруучу элитанын айрым өкүлдөрүнө каршы коррупциялык иштер боюнча иликтөөлөрдү баштаарын билдирген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG