Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Табыптын кийлигишүүсүнөн дагы бир аял көз жумду


Ашым Зайналиев.
Ашым Зайналиев.

Эмчек рагы менен жабыркаган 40 жаштагы аял элдик табып Ашым Зайналиевге кайрылган. Ал анын көкүрөгүнө укол жасагандан кийин, аялдын абалы оорлоп, онкологиялык ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Бирок онкологдор айла кылалбай, аял үйүндө көз жумган. Бул тууралуу “Ракка чогуу каршы турабыз” деп аталган коомдук фонддон маалымдашты.

Маркумдун туугандары табыпка кызматы үчүн 40 миң сом төлөшкөнү айтылууда.

Быйыл 5-июлда Зайналиевдин клиникасында дарыланган 56 жаштагы эмчек рагынан жабыркаган аял көкүрөгүн кестирип салгандан кийин каза тапкан. Адам өмүрүн алган окуядан кийин Ички иштер министрлиги кылмыш ишин ачып, Саламаттык сактоо министрлиги комиссия түзгөн. Министрлик аталган менчик клиниканы жабуу аракетинен майнап чыккан эмес. Зайналиевдин клиникасына кайрылгандар дагы деле уланууда.

Ашым Зайналиев өз дарегине айтылган айыптарды четке кагып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG