Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Назарбаев Европаны кыдырууда


Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен британ премьер-министри Девид Кэмерон. 3-ноябрь.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен британ премьер-министри Девид Кэмерон. 3-ноябрь.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Батыш Европа өлкөлөрүнө расмий сапарга чыкты. Сапар учурунда Назарбаев Британия менен Франциянын саясий жетекчилиги менен жолугуп, андан соң анын Лондон менен Париждеги ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен кездешүүсү каралган.

Ак Ордонун маалымат кызматы билдиргендей, бул жолугушууларда инвестиция тартууга байланыштуу коммерциялык мүнөздөгү меморандумдарга кол коюу каралган.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сапарын Лондондон баштап, британ премьер-министри Девид Кэмерон жана ханыша Елизабет II менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү маселеси талкууланды. Бул расмий сапар Казакстандын негизги соода өнөктөрү Кытай менен Орусиядагы экономикалык солгундоо учуруна туура келип, анын Батыштан инвестиция издөө аракети менен түшүндүрүлүүдө. Анткени жакында эле президент Нурсултан Назарбаев алдыда өлкөнү оор экономикалык кризис күтүп турганын билдирген. “Азаттыктын” казак кызматынын журналисти Галым Бокаш технология жаатында Казакстан Батыш менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар деген пикирде.

- Албетте адаттагыдай эле Нурсултан Назарбаевдин бул сапарында экономикалык маселелер талкуунун көңүл чордонунда болот. Өлкөдөгү саясий кайра куруулар жана адам укуктары туурасында эки ортодо мурдагыдай маселе көтөрүлгөн жок. Казакстан азыр сыртка саткан чийки зат баасынын төмөн түшүүсүнөн жапа чегүүдө. Мындай жагдайда эң негизги мунай-газ тармагына кошумча инвестиция тартуу менен экономиканы кыйынчылыктан сактап калуу зарылдыгы бар. Ири инвестиция тартууда жана жаңы технологияны колдонууда Казакстан Батыштын көзүн караганга мажбур. Анткени ал Орусия менен саясий алакасы жакшы болгону менен бул багытта андан көмөк болбой турганын мыкты түшүнөт.

Британиялык тарап Казакстанда биргелешкен фармацевтикалык завод курууну мерчемдеп, өлкөнүн транспорт тармагына каражат салууну сунуштаган. Ошондой эле салттуу кызматташтыктын өзөгүн түзгөн мунай-газ тармагы дагы четте калган жок. Тараптар Карачаганак мунай кенин кеңейтүүнү макулдашып, андан сырткары казак мунайынын сапатын жакшыртуучу биргелешкен ишкана ачууну көздөшүүдө. Галым Бокаш мында саясий кызматташтыктан мурун мунайды иштетүүгө багытталган эки тараптуу кызыкчылык үстөмдүк кыларын кошумчалады.

- Казакстандын Батышка карата тышкы саясаты дайыма бир калыпта болуп келген. Батыштын да Казакстанга карата мамилеси ошондой. Серепчилер 2011-жылы Жаңы-Өзөн окуясынан кийин Казакстан менен Батыштын ортосундагы алака бир кыйла салкындайт деп божомолдошкон. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок. Мына ошондон бул жерде адам укугун урматтоо талабына караганда экономикалык кызыкчылык үстөмдүк кылып турарын билсек болот.

Назарбаев Лондондон түз эле Францияга учат. Парижде эл башы Нурсултан Назарбаев президент Олланд менен жолугушуп, андан соң француз ишкерлери менен кездешет. Казак президентинин маалымат катчысы Даурен Абаев бул сапардын өзөгүн өлкөгө инвестиция тартуу максаты менен байланыштырды. Айрым маалымат агенттиктери Нурсултан Назарбаевдин Батыш Европага расмий сапары башталганга чейин эле анын чет элдик каттамдарын тизмектеп, Казакстан темасын чагылдыра баштады. Англиялык Daily Mail басылмасы Назарбаевдин Британия менен Францияга сапарын анын Батыш менен жакындашууга жасаган ишарасы катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG